Нурзат ТОКТОСУНОВА:

"ЭФИРГЕ ЖООЛУК САЛЫНЫП ЧЫККАНЫМДА КАЙЫН ЖУРТУМ ЫРААЗЫ БОЛУШУПТУР"

Чарчаганда черди жазган, жандүйнөгө майрам тартуулаган телеберүү болгон «Бравонун» жагымдуу үндүү, жылдыздуу жүздүү алпаруучусу Нурзат Токтосунованын үйбүлө күтүп турмуш босогосун аттаганын өткөн саныбызда жазган элек. Ноябрдын 12синде Бишкектеги «Египет» аттуу кафеде өткөн Нурзаттын дүркүрөгөн тоюна күбө болдук. Аппак «Лимузин» менен шаар аралап, андан кийин той болчу кафеге келип түшкөн эки жаштын жүздөрүнөн ченем жеткис бактылуулуктун нурлары чачырап турду. Биз болсо бул эки жаштан өзүбүздү кызыктырган азыраак суроого жооп алууга үлгүрүп калдык.

– Куш бооңор бек болсун!
– Рахмат!
– Нурзат, өмүрүңдө бир жолу келе турган бүгүнкүдөй ак тоюңда өзүңдү кандай сезип жатасың?
– Ушул күн өмүр бою менин кыялымда жашап келген. Азыр бакытка мас болуп турган учурум. Бир чети ушунчалык толкунданып жатам.
– Жолдошуң жөнүндө окурмандарга кененирээк маалымат бере кетсең?
– Жолдошумдун аты Бакыт. 25 жашта. Жогорку окуу жайын кызыл диплом менен бүтүп, учурда экинчи жогорку окуу жайында окуп жатат. Жаш кезинен эле компьютерге кызыгып, ошол жаатында адис болгусу келчү экен. Кудай тилегин эки эсе кылып берди окшойт. Азыр Алматыдагы компаниялардын биринде иштейт. Бишкекте чакан жеке фирмасы бар.
– Калың элге таанымал келинине кайын журт кандай мамиле кылып жатышат?
– Мен таанымал экенимди ошол жакка барып сездим. «Браво», «Браво» деген эле кишилер. «Нурзат Токтосунованы көрөбүз» дешип жаш кыздар-балдар келип жатышты. Мен болсо алар менен сүрөткө түшүп, автограф бергенге үлгүрүп жаттым.
Келин болгондон кийин эфирге жоолук салынып чыкканыма баары ыраазы болушуптур. «Кочкорго кимге келин болуптур?» деп сураштырган, кызыккан эле элдер.
– Мындан ары үйбүлө менен чыгармачылыкты айкалыштырып кете алам деп ойлойсуңбу? Экөөнүн кайсынысын биринчи орунга коёсуң?
– Алар бири-бирине эч кандай тоскоол болбош керек деп ойлойм. Азырынча чыгармачылыгыма үйдөгү­лөрдүн уруксаты менен жумасына бир күн бөлүнгөн. Башында убада болгондой, жолдошум ар шаршемби сайын Кочкордон Бишкекке алып келип жатат. Калган күндөрү үйдө ыймандуу, жөнөкөй келинмин. Ошентсе да аялзаты катары үйбүлөмдү биринчи орунга коём. Аял бактысы үйбүлөдө деп коюшат го.
– Бакыт, Нурзат менен кандайча таанышып калдың эле?
– Эсимде, ал күн 2001-жылдын дал 11-сентябры эле. Анда мен университетке жаңыдан жумушка орношуп, берилип иштеп баштаган учурум болчу. Жумуш ордумда отурсам деканатка чачы узун, татынакай кыз кирип келип жагымдуу үнү менен абитуриенттердин тизмесин сурап калды. Тизме декандын орун басарында экенин, ал бир аздан соң келээрин айтып, кызга орун көрсөтүп койдум да, өз ишимди уланта бердим. Кыз болсо бир сааттай күтүп отурду. Ошол бир сааттын ичинде экөөбүз сүй­лөшө кетип, мен анын теле­фонун алып калганга үлгүр­дүм. Бирок, ал кыз келинчегим болуп калаары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Дал ошол күнү дүйнө эли дүңгүрөп, Америкада дүй­нө­лүк соода борбору куласа, менин жандүйнөм­дө сү­йүүнүн мунарасы курулган экен көрсө.
– Нурзаттын кайсы сапаттарын жактырасың?
– Алгач мен Нурзатты деканаттан жолуктурганымда анын чачына эле көңүл буруптурмун. Кийин бир айдан соң телефон чалып сүй­лөшүп, өзгөчө те­рең ой жү­гүртүүсүнө, акылына тан бергем. Тамашакөйлүгү, жө­нөкөйлүгү жаккан. Азыр ушул сапаттарына кошо мага жаккан түшүнүктүүлүк, жароокерлик, мээримдүү­лүк сыяктуу жакшы сапаттары бар.
– Сага жума сайын келинчегиңди Кочкордон Бишкекке алып келип туруу оор болгон жокпу?
– Жок, тескерисинче, ой­ноп-күлүп эле барып-келип жатабыз. Биз үчүн бул кичинекей саякат болуп жатат десем болот.
– Нурзатты күйөр­ман­дарынан кызганбайсыңбы?
– Чынын айтсам, «Бравону» үйлөнгөндөн кийин көрдүм. Анан калса менде обу жок кызганчаактык сапат жок.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
erkeleim
2021-07-18 18:39:34
2007биринчи куйоого тийип жатканында 20213чу куйоого тийээринди билген жоксунда байкушум. Каттуу суйунгон экен
+3
Adi010891
2021-07-19 16:13:52
erkeleim,жанылбасам 4-куйоосуно тийдиго дейм.
+3
erkeleim
2021-07-20 13:24:33
Adi010891,ооба 4чусу. Таластык, андан кийин ооруганда таштап кеткен куйоосу Максат анан бул 4чусу экен. Элдер 10жылда 1куйоо таппай атса 10жылда 4куйоого жетиптир
+1
Adi010891
2021-07-19 16:14:35
erkeleim,жанылбасам 4-куйоого эмеспе
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-22 11:29:24
Оо Кудай канча күйөөсү бар
+1
glaz_almaz
2021-07-24 22:52:36
Төрөй албай ажырашкан окшойт? Внематочный болгон окшойт оору, операция дегенине караганда? Бактылуу болсун
0
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан