КҮН БАТАРЕЯСЫ 25 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫЗМАТ КЫЛАТ

Электр энергиясынын жетишсиздиги коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан учур. Аны менен катар күн батареясын колдонгондордун саны күн санап көбөйөрү анык. Талаа-түзгө ташып жүрүүгө ыңгайлуу күн батареясынын жардамы менен үйдүн ичин гана жарык кылбастан, тамак-аш да бышырууга мүмкүн.

КҮНДӨН ЭЛЕКТР КУБАТЫН АЛУУНУ АЧКАН ФИЗИКТЕР
Күн батареясы – Н2O деген формула менен түшүндүргөн окумуштуунун эмес, катардагы адамдын жалпак тили менен айтканда, кадимки асмандагы күндүн нурунан электр кубатын
иштеп чыгаруучу жабдык. Күндүн нурунан электр кубатын алууга болорун 1839-жылы француз физиги Александр Беккерель байкаган. Арадан жарым кылым өткөн соң орусиялык физик Александр Столетов күн нурунан электр кубатын иштеп чыгаруучу аспапты жасап чыгат. Ал эми 1905-жылы немис физиги Альберт Эйнштейн жаратылыштагы бул кубулушту толугу менен түшүндүрүп берген. Мына ушул үч окумуштуу күн батареясын жасоого чыйыр салуучулар болуп саналышат.
Туурасы 0,9 метр, узуну 1,5 метр болгон күн батареясы 150 ватт электр кубатын иштеп чыгарат. Ал 12 вольттук аккумуляторун күн жакшы тийип турса 3 саат аралыгында кубаттандырат. Мында топтолгон энергия кичирээк көлөмдөгү 1 сыналгыны 3 саат иштетүүгө жетет.

КҮН НУРУНАН АЛЫНГАН КУБАТ ЭМНЕГЕ ЖАРАЙТ?
Күн нурунан алынган кубат эмнеге жарай турганын кененирээк билүү үчүн Бишкектеги базарлардын биринде 10 жылдан бери күн батареясын сатуу менен алектенген ЭРБОЛ ДАБАНЫ кепке тарттык:
– Кардарларымдын көпчүлүгүн жайлоого чыккан малчылар түзүшөт. Алар 1 сыналгы, 1 DVD, 1 үналгы, бир нече электр кубатын үнөмдөөчү лампаларды иштетүүгө жана телефон кубаттандырууга күчү жете турган 12 вольттук чакан көлөмдөгү күн батареяларын алышат. Чакан көлөмдөгү күн батареяларынын топтомунда өзүнүн үналгысы, бир нече лампалары бар. Алардын баасы 6500-7500 сом турат. Ал эми үйгө туруктуу пайдалануу үчүн 3 киловаттан 30 киловаттка чейин электр энергиясы менен камсыздаган батареялар сунушталат. Алардын жардамы менен тамак-аш жасоого, үй жылытууга да болот. Жабдыктар иштеп чыккан электр кубатынын көлөмүнө жараша баасы да өсө берет.
Бир күн батареясынын туурасы 0,9 метр, узуну 1,5 метр жана ал 150 ватт электр кубатын иштеп чыгарат. 1 киловатт электр кубатын алгыңыз келсе, анда жабдыкты 150 чарчы метр аянтка орнотуу талап кылынат.
Жабдуунун жарамдуу мөөнөтү 25 жыл. Бирок аккумулятор менен лампаларды алмаштырып туруу зарыл. Алсак, коргошундан жасалган аккумуляторлор 1-2 жылга жетсе, гел аккумуляторлору 5-7 жылга жетет. Баалары амперине жараша 2000 сомдон жогору турат. Лампалары дагы колдонгонго жараша кызмат көрсөтөт. Мындан сырткары күндүн нуру менен иштей турган бир лампалуу жана уюлдук телефондун аккумуляторун кубаттандыруучу чырактар бар.
Ошондой эле күн нуру менен сууну 2-3 саатта жайкысын 90 градус, кышкысын 50 градус ысытып, аны ошол температурада сактап турган суу жылыткычтар бар. Булардын көлөмү боюнча эң кичинеси 150 литрден башталат жана анын баасы 600 долларды түзөт.

«КЫШЫНДА ДЕЛЕ ЭЛЕКТР КУБАТЫН ИШТЕП ЧЫГАРАТ»
– Эгер күн батареясынын нур тийүүчү бети чоң көлөмдө болуп жана күн чайыттай тийип турса, 3 саат аралыгында аккумулятор кубаттандырылат. Кичирээктери 5-6 саатта кубат топтойт. Күндүн нурунан аккумуляторго топтолгон кубат анын көлөмүнө жараша болот. Алсак, эң арзан 12 вольттук күн батареялары топтогон энергия 3 сааттан ашык убакытка чейин 1 сыналгыны иштетүүгө жетет. Ал эми көлөмдүүлөрү таң атканча электр энергиясы менен камсыздай алат.
Кубаттууларынын артыкчылыгы: бир жагынан энергия топтоло берет, экинчи жагынан аны керектей берсең болот. Эң негизгиси күн батареясын көлөкө түшпөй турган күнөстүү жерге орнотуу зарыл. Кыштын күнү абанын температурасы 20-30 градус суук болсо деле кубат топтой берет.

АЙДЫН ЖАРЫГЫ ДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ИШТЕТИП ЧЫГАРАБЫ?
– Күн батареясын алгандар көбөйгөндүктөн, эптеп соода жүрүп турса болду деп кардарларды алдаган сатуучулар да кезигүүдө. «Айдын жарыгынан да электр кубатын иштетип чыгарат» дешет экен. Мунун баары калп. Болгону бир гана күндүн түз тийген нурунан электр кубаты алынат.
Сатуучулардын айрымдары күн батареясынын зыяндуулугу эмнеде экенин өзүлөрү да билишпейт. Кээ бири билсе да айтпайт. Алсак, көп кишилер арзанына качырып, аккумулятор алмаштырууда автоунааларга колдонулуучу коргошун аккумуляторун туташтырып коюшат. Ал аккумулятор ачык түрдө жасалгандыктан, кубат топтоп жаткан учурда андан уулуу газ чыгат жана анын ден соолукка зыяны бар. Ошондуктан күн батареясына ылайыкталып жасалган өзүнүн жабык түрдө аккумуляторун пайдалануу зарыл. Эгер айла жок автоунаанын аккумуляторун пайдалануу керек болсо, анда аны өзү жашабаган башка бөлмөгө коюу керек.

КҮН БАТАРЕЯСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Экологияга зыяны жок.
  • Каалаган жерге (тоого, талаага) ташып жүрүүгө ыңгайлуу.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:

  • Түз тийген күндүн нурунан гана электр кубатын иштетип чыгарат.
  • Көбүрөөк электр кубатын алуу үчүн күн батареясына чоң өлчөмдөгү жер аянты талап кылынат.

КОЛДОНУУДАГЫ ЭРЕЖЕЛЕР

  • Жайкысын күн катуу тийип турган мезгилде 5-10 күнгө алыс жакка кете турган болсоңуз, батареяны сөзсүз өчүрүңүз. Болбосо топтолгон энергия пайдаланылбай аккумулятор кайнап кетип керектен чыгып калат.
  • Батареянын бетиндеги чаңды тазалап туруу керек. Болбосо күндүн нуру чаңдан өтпөй калат.
  • Колдонулбай көпкө туруп калган аккумулятор керектен чыгып калбашы үчүн анда-санда электр тогуна туташтырып аны кубаттандырып туруңуз. Ошондой эле аны түз жана кургак жерде сактоо керек.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • 1954-жылдын 25-апрелинде АКШдагы «Bell Laboratories» компаниясынын адистери тарабынан негизин кремний түзгөн электр тогун алууга жарамдуу күн батареясын жасап чыгышкан.
  • 1958-жылы 17-мартта АКШ күн батареясы менен жабдылган «Vanguard 1» аталышындагы алгачкы жасалма жандоочту космоско учурган.
  • 1958-жылы 15-майда АКШнын артынан дароо СССР дагы күн батареясы менен жабдылган «Спутник-3» жандоочун космоско жөнөткөн.
  • 2007-жылдан тарта Испанияда сууга болгон керектөөнү 70 пайызга чейин ар бир үй өз алдынча камсыздоосу үчүн жаңы курулган үйлөргө күн суу жылыткычтары орнотулуп келет. Ал эми соода борборлору, оорукана, мектеп өңдүү имараттарда сөзсүз түрдө күн батареясы орнотулууга тийиш.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Manasemetei
2014-10-13 11:05:44
satyp alat okwoim.jakwy nerse eken
0
Kypchak
2014-10-14 20:47:57
буларды колдо жасаса болобу, сайты болсо жуктоп койгулачы
0
bat88
2015-09-22 02:25:39
кайсыл жерден сатып алсак болот
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан