Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Аке,- деди Мусулманкул акырын, – «тагам казынабыздан куру чыкпасын» дейт хан жиениңиз.
Кудаяр хан жалт карай берди, көзүндө «мен качан айттым эле?» деген таңыркоо. «Тек бол...» дегенди туйдура кабак чытып койду «хан атасы».
– А-а... Мейли...- деп койду камырабай «тагасы».
Казынабашы гана камтама, алп сөөлөт чал улам бир асыл дүйнөнүн жанына келгенде аны асте тиктеп, башка жакка алаксытышка аракет кылып жүрдү.
– А бу ат жабдыктар... Чылк күмүш, тилла чабылган... Зергердин өнөрү өзүнчө бир баа... Бир ат жабдык он аттын куну...
«Э-э... Куусаң жеткирген, качсаң куткарган атка баа, кун барбы?!» Өзүнчө күңгүрөнүп алды Алмамбет.
Бир убакта Мусулманкул бир карыча келген бурканга карашалап, акесинин көңүлүн атайын буруп калды. Алмамбет эңилип тиктеп, таңыркап:
– Кишинин кеби экен а?..
– А-а, эми, бу...- деп казынабашы «мааниси деле жок бирдеме да» дегенди туйдуруп, эптеп алаксытып алып кетишке аракет кылып калды. – Будпарастардын Кудайы имиш, убагында Амир Темир Индстандан олжолоп келген экен.
Алмамбет бурканды ордуна коё коюп, акырын алаканын кагынып алды:
– Тоуба! Кишиге окшош болобу Кудай?- деп астейдил таң калды. – Ыя, өзү Кудай болсо, анан олжолонуп жүрсө?!
Көзүн кылыйтып тиктеп турган Мусулманкул:
– Кеп, аке, мунун будпарастардын Кудайынын кебетеси экенинде эмес, кеп мунун баасында! Бу чылк кызыл алтындан куюлган, бу байлык, бу...
Таңдайын «шык» эткизип таңыркап, айланта карады акеси. «Ушуну кармап чыгып кетпегей эле...» деп казынабашынын эки көзү чанагынан чыгып, дем тарта албай катып калды. А элети киши «Э-э... Муну эмне кылат, минейин десең ат болбосо, жейин десең нан болбосо бу?..» деп ойлонуп турду да, анан көзү башка жакка ооп, калдайып басып кетти.
Куралкананы кыдырышканда эмчектешине эми ыраазы болбой тиктеп токтоду Мусулманкул.
– Көрдүңөрбү, булар орустан келген мылтыктар. Көздөй түз, кишинин башына алма коюп атууга жарайт!
– О-о... Кишиге тийбей так алманын өзүнө барабы?- деп астейдил аваз кылды Алмамбет.
– Ар кандай макулукту... Мисалы, кийиктиби, адамдыбы, алда кайдан көзгө атса болот муну менен.
Алмамбет кере кулач чоң далысын күүшөп койду.
– А... Биз кийикти тузак коюп эле илинтип алабыз. Мунуң тарсылдаса тоодо кийик калабы, үркүп башка жакка ооп кетишпейби?!
Матаканага келгенде Алмамбеттин көздөрү жалтылдап, оозу ачылып, сарала, көгала болгон кашкары чапандардын жанына барып токтоду.
– Алың, алың, тага!..- деди Кудаяр хан.
Мусулманкулдун эриндери бекем кымтылды. Алмамбет аны байкаган жок, хан ал дегенден кийин токтоп турбай, сарала чапандын бирин казынабашынын жардамы менен ошерден эле кие баштады. Мына, сарала чапандын бир жеңи батып, бир жеңи колтугунан ылдый айрылып түштү... Алмамбет менен казынабашы кантерин билишпей, бири-бирин тиктеп селейип калышты. Казынабашы шашып кетип дагы бир чапанды апкелип жаба койду.
– Тарт!- деди Мусулманкул кумсарып. Казынабашынын жаны чыгып кетти. Көз ачып жумгуча Алмамбеттин үстүнөн чапанды сыйрып алып, бүрүшө кетенчиктеди.
Чокчо сакалы эрбейип, ансайын селейди Алмамбет.
– Хан сөзү бир болот,- деди Мусулманкул үнү муздап. – Ушунча дүр-дүнүйөнүн ичинен бир ылата колуңузга тийсе, ал да жонуңузга батпай айрылып калса, ушунча дүр-дүнүйө казынадан кудаанын сизге эчтеме буйрубаганы!
Ушундан соң Мусулманкул эмчектешин ордо кишилерине, кеп-кеңешине аралаштырган жок. Кайтмакчы болгон күнү гана туугандык жободон чыга албай, кичи пейилдик үчүн гана ага биртке көңүл бөлгөн болду.
– Аке,- деди ал өкүнгөндөй, – сизди Намангенге бек кылайын десем, билермандардын бирдаары болушпады. «Акеңиз өзү топостой жапан киши экен, ушул эл башкара алабы, өз башын жакшы асырап алса да куп кеп» деп күлүп коюшту...
Алмамбет колун шилтеп салды:
– Кой, мени кыйнаба. Намангенге барып бек болом деп чиркей менен бүргөгө таланып жатар алым жок. Кой, ошо кызыкдар болгондорго бере бер!- деп чынын түз айтты.
Миңбашы Алмамбетти Намангенге бек кылуу туурасында эч ким менен сүйлөшкөн эмес, атүгүл өзүнүн да оюнда жок болчу. Кечээки аңкоолугу үчүн аны өмүрүнө бир арман болгудай кылып ойго бастырып коймокчу эле, бирок Алмамбеттин астейдил жообу кайра өзүн ызалады, жинин келтирди.
– Болуптур, аке, сизди бий кылдым.
– Өзүбүздүн элгеби?
– Жок, элге эмес...- деп күлдү Мусулманкул табалап. – Өзүңүздү өз башыңызга бий кылдым!..
Тиги түшүнбөй ойлонуп калды:
– Кандай?
Мусулманкулдун таноолору кыпчылып, заары бетине чыга түштү, өзүн токтото албай кетти:
– Ошондой! Өз керт башыңызга гана ээсиз!Ушул бойдон Алмамбет хан ордосуна каттаганын койгон. Ага «өзүнө өзү бий» деген кошумча ат илешип калды, бирок аны ал элес албады. Мурдагысындай эле Күрпүлдөк-Сайына көжөлүккө ак жүгөрү айдап, токойдон элик, кийик илинтип жеп, эркин турмуш кечирип кала берген.
Жоодар чөптөр ат көмүп, аюшашыр, кулунчак ак баш алып, эл жайлоого тарта жайдын толуп турган чагы эле. «Кокондон дагы тополоң чыгыптыр» деген кабар дүң болуп кетти.
«Өзүнө өзү бийдин» үйү эгин-тегин кылынган Күрпүлдөк-Сайдын бөксөсүндө эле. Бир күнү чоочун киши келди, иреңи боз, аты арыган. Тааныдыбы, не боолгодубу, кичине күлүмсүрөп атынан түшүп: «Саламат жүрөсүзбү, ава?..» деп жылуу учурашты. «Ордодо көрдүм эле сизди...» деп койду акырында. Тиги акырын бирдеме деп күңкүлдөп, «авасы» ага эңилип турган калыбында башын ийкегилеп укту. Тиги акырын аттанып кайра бастырып кетти.
Түш кыямда Ойнок-Таштын белине чыкты, Алмамбет.
Өзүн араң көтөрүп келген ат үстүндө эки санын таяна үңкүйүп, айланага арыта көз салып токтоду. Демиге ичин уруп, ооздугун шылдырт эткизип турган аттын кулагы тикчие түштү да,  бир шарпа сезгендей тикийип, сай жакты карап калды. Аңгыча балтыркан башы былкылдап, кобур үн жетип, Алмамбеттин бет алдынан шырыктай болгон эки азамат чыга түштү. Колдорунда мылтык, белдеринде кылыч.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан