«1 ГАМБУРГЕРДИ 20 СЕКУНДДА ЖАСАП ЖЕТИШЕМ»

Жылдын кайсы мезгили болбосун шаардын ар тарабында орун алган тез даярдалуучу тамак-аштар түйүнүндө кезек күткөндөрдүн аягы үзүлбөйт. Андайда өз ишин мыкты өздөштүргөн кызматкерлер кардарлардын шаштысын кетирбей, буйрутмаларды заматта даяр кылып колдоруна кармата салат. Бул сапар сиздерге гамбургер жана шаурма жасоочулардын жумушунун оош-кыйышын айтып беребиз.

19 жаштагы Бактияр Машуров 2 жылдык тажрыйбанын аркасында учурда 1 гамбургер даярдоо үчүн 15-20 секунд гана коротот. Бирок этти целлофан баштыктай жука кылып кесүүнү өздөштүрүү үчүн 1 жылдай убактысын жумшаганын айтат. Тамактын башка түрлөрүн да мыкты жасай алганы менен, гамбургерди, анын түрлөрүн жасоо ага баарынан жакын сезилет.

– Салам, Бактияр. Жумуш күндөрүң бири-бирине окшош эле өтсө керек? Дегеле жумуш күнүң эмнеден башталат?
– Жумуш эртең мененки саат 8де башталат. Биринчи эле иштеген жерибизди тазалап алабыз. Андан соң маринаддалган этти отко коёбуз. Жай отко коюлган эт кардарлар келген маалга чейин бышып даяр болуп калышы керек. Этти бышырууга койгондон кийин башка кошулмаларды даярдоо башталат. Картошка аарчып фри бышырмай, бадыраң, помидор, сабиз, капуста жана башка керектүүлөрдү туурап даярдоо керек. Гамбургердин эң негизги кошулмасы соус. Аны даярдоо үчүн да өзүнчө убакыт, көңүл талап кылынат. Нанын болсо тааныш адамдарга жасаттырабыз. Күндөр бири-бирине окшош эле өтөт. Бирок мен ар күн сайын ишимди жаңы дем менен баштап, ар бир күнүмдөн ырахат алам.

– Бир күндө канча гамбургер жасайсың?
– Азыр күн сууктап калгандыктан кардарлардын саны көбөйүүдө. Күнүнө 35-40тай гамбургер, ошондой эле өлчөмдө шаурма даярдалууда. Кардарлар кезек күтүп калышканда алардын шаштысын кетирбей, же кайтып кетип калбашы үчүн 1 секунд да тыным албастан, тездик менен иштөөгө туура келет.

– Жасаган тамак-аштары өзгөчө даамдуу болуш үчүн ар бир эле ашпозчунун жеке сырлары болот эмеспи. Сенин кандай сырларың бар?
– Ар бир кошулмасын өзгөчө кылып даярдоо керек. Эң жөнөкөй эле бадыраң, помидорду да туура тандаганды билүү кажет. Ашпозчулардын көпчүлүгү туздалбаган, жаңы бадыраң колдонот. Мен даамдуу болушу үчүн бадыраңдын туздалганын кошом. Ошондой эле соустун курамын өзүм ойлоп тапкам. Башкалар соус үчүн кетчупту көп колдонушса, мен майонезге көк чөп, мурч, сарымсак, туз аралаштырып жасайм. Ушундан улам да көнүп калган кардарларым бар. Нандын үстүнө каймак-май сүйкөп коюу да жеке сырларымды толуктайт.

– Кокусунан бир кошулмасын унутуп же туздуу соус кошуп алып, кардарларды нааразы кылган учурлар болду беле?
– Андай учурлар гамбургер жасоону жаңы өздөштүрүп жүргөн маалда көп кайталанчу. Бирок кардарларга үйрөнчүк экенимди айтып кутулчумун. Алар да кагып салбастан түшүнүү менен кабыл алышчу экен. Азыр тажрыйбалуу болуп калдым. Көптөн бери сын уга элекмин. Бул жумуш мен үчүн аскерде кызмат өтөп жүргөндөй эле. Ар бир кылган кыймылыма так болууга аракеттенем.

– Эмне үчүн дал ушул кесипти тандап алдың? Эгер тез даярдалуучу тамак-аштардын ашпозчусу болбосоң, кайсы чөйрөнүн адамы болмоксуң?
– Бул кесип мен үчүн алгач хобби болчу. Мага адамдарга жакшы маанай тартуулаган жагат, ошондон ырахат алам. Адамдын даамдуу тамак-аш жеп, курсагы ток болгондо маанайы көтөрүлөт. Эгер ашпозчу болбосом, анда ким болмокмун, билбейм. Башка жумуштарда деле иштеп көрдүм, бирок жан дүйнөмө эргүү ала албадымбы, айтор, колумдан келип, алып кете алган жокмун. Ушул сүйүктүү жумушумду өмүр бою аркалагым келет.

– Бул кесипти аркалагандардын дээрлик бардыгы эркек балдар. Эмне үчүн кыздар бул ишке келишпейт болду экен?
– Себеби, оор жумуш. Этти атайын даярдалган отко илүү эле канчалык кыйын. Анан дагы эт кесүүчү бычактын мизин мокотпой, тынымсыз курчутуп туруу керек. Кыздарга ылайыксыз иш.

– Жумуш убагында кызыктуу учурлар болбой койбосо керек?
– Сөзсүз болот. Көбүнчө жаш кыздар келип, «этинен көбүрөөк салып бергилечи» деп тийишип калышат. Анда биз дагы кесиптештер болуп «семирип кеткенден коркпойсуңарбы?» деп кайра кыздарга тийишебиз. Ошентип кызыктуу жана күлкүлүү сүйлөшүүлөр менен күндөр эсте калат.

Шыпылдаган колдору менен кардарларды көп күттүрбөй, улам кийинки буйрутманы сунуп жаткан Бактияр суроолорума да маани берип, бирин да жоопсуз калтырган жок. Эртеден кечке тикеден-тик туруп иштеген жумушу кечки саат 9-10 болуп калганда таксисттердин курсагын тойгузуу менен аяктаарын айтты.


ТАРЫХЫ
1900-жылы 27-июлда америкалык соодагер Луи Лессинг АКШнын Нью-Хейвен шаарында биринчи гамбургерин саткан. Ал Азияга болгон сапарында көчмөн татарлардын этти жумшартуу үчүн аттын ээринин астына илип коюшарын байкаган. Өзү жашаган Германиянын Гамбург шаарына келгенде Луи ашпозчусуна этти ушундай ыкмада даярдоону сунуштайт. Мындай эттен даярдалган тамак-аштар кардарлардын баарына жагып, соодагер бул этти Гамбург эти деп атаган. Гамбургердин аталышы да ушул шаарга байланыштуу келип чыккан. Себеби Гамбургдан Америкага көчүп чыгып кеткен немистердин бирөө 2 тегерек нандын ортосуна эт салынып жасалуучу тамактын рецебин ала кеткен. Ошентип Гамбургдан келген рецепт менен жасалган бул тамак гамбургер деп аталып калган. Ушундай жол менен Америка гамбургерди таанып, андан соң бүткүл дүйнө биле баштаган. Кийинчерээк анын курамы толукталып отуруп, түрлөрү да көбөйгөн.

ГАМБУРГЕРДИН ТҮРЛӨРҮ:

Чизбургер (курамына сөзсүз түрдө сыр кошулат)
Фишбургер (эттин ордуна куурулган балык кошулган түрү)
Чикенбургер (курамына тоок этин камтыйт)
Веджибургер, гарденбургер (вегетариандар үчүн, курамына эт кошулбайт)

Ширин Турдакунова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aruuzat88
2014-10-13 12:36:04
Ишине ийгилик.
0
zirek.kyz
2014-10-13 15:21:45
Ишине ийгилик,бирок бат кыймылдап андан-мындан бир аз салып эле ичи капустага толуп калат экен:)))
0
ZANIA-92
2014-10-13 19:55:36
Гамбургерге талгак болупаткан кезим ошон учун адресин айтып койгулачы барып жеп келейин.
0
Feijipiao
2014-10-14 12:52:34
Ииий гамбургер жегим келип кетти.Кайданда окудум ))))Бахтиярга болсо ишине ийгилик каалайм.
0
marin
2014-10-16 09:43:27
35 45 az emespi
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан