КЫЗЫ ӨЗ ЭНЕСИН БАЛТАЛАП САЛГАН

Адамзатына жарык дүйнө тартуулаган энелерге баласы ажал алып келмек тургай орой сөз айтып, өйдө кароого да акысы жок. Энелер миң ирет жаңылыштык кетирип, туура эмес кылган күндө да тизе бүгүп таманынан өбө турган ыйык зат экени бүткүл адамзатына маалым. Бирок бул көрөңгө четте калып, төмөнкү окуяда эне өз баласынан ажал тапкан.

МИЛИЦИЯГА ӨЗҮ КАБАРЛАГАН
Каргашалуу окуя 30-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында катталды. Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кылмышка шектүүнүн өзүнөн маалымат келип түшкөн. Ал үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам апасы менен уруша кетип, үйдө жаңжал жаралганын айтып жана аны тескеп койгула деген өтүнүчтө жардам сурап кайрылган. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын үстүнөн чыгышкан. Кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары КУБАНЫЧ АКМАТОВ маалымат берди:
-30-сентябрь күнү болжол менен кечки саат 21:00 чамасында Кочкор-Ата шаарындагы Хилинск көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 55 жаштагы Мавлюдахан Кайназарованын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип маркумдун 31 жаштагы кызы Айгүл Маматкасымова кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алды. Шектүү жана анын каза тапкан апасы экөө Орусиядан 6-сентябрда Кыргызстанга келишкен. Экөө тең Орусиянын Тюмень облусуна караштуу Ханты-Мансийск автономиялуу округунун Сургут районунун жарандары болушкан. Айгүл Маматкасымова 2003-жылы, апасы 2004-жылы Орусиянын жарандыгын алышкан экен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын туугандары дагы суралды. Шектүүнүн атасы менен апасы ал кичине кезинде эле ажырашып, эки бөлөк жашашкан. Мавлюдахан Кайназарова кызын жалгыз тарбиялап чоңойтуптур. Туугандары Айгүлдү «кичине кезинде психикалык жактан жабыркап жүрчү, бирок терс көрүнүштөрүн байкачу эмеспиз» деген маалымат беришти. Анын паспортунун ичинен психиатрдын телефондору жазылган визиттик карта табылды. Ал орусиялык психиатр экен. Айгүл Маматкасымованын психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турарын аныктап берүүсүн өтүнүп Орусиянын тиешелүү жактарына кат жолдодук. Ал жактан жооп келсе, ага экспертизанын жана тергөө иштеринин жыйынтыктарын кошуп тиешелүү жактарга өткөрөбүз.

«ТАМЕКИ ЧЕГЕСИҢ, КӨП БАСПА ДЕП УРУШ ЧЫГАРДЫ»
-Окуя тууралуу кылмышка шектүү Айгүл Маматкасымова бир нече версияларды айтып чаташтырып жатат. Ошол күнү энеси менен кызынын ортосунда жаңжал болгон. Шектүү «ал күнү мен бир аз спирт ичимдигин ичип алгам» деп жатат. Бирок соттук-медициналык экспертизада анын канынан спирт ичимдиги табылган жок. Үйүнө кеч келип, короодо тамеки чегип отурган кызын көргөн апасы «сен ашыкча көп басасың, ар жакта жүрүп кеч келгениң аз келгенсип тамеки тартып алыпсың» деген катардагы энелик сөзүн айткан. Буга ачууланган кызы энеси менен кайым айтышып, экөөнүн ортосунда уруш чыгат. «Апам мага кол көтөрдү, жулмалап, бети-башымды тытты» деп айтып жатат. Бирок текшерүүгө алганда тытылган же көк-ала болгон жаракаттар экөөндө тең байкалган жок.
Эми өлгөндөн кийин адам анын артынан ар кайсыны айта берет да. Мисалы, Айгүл Маматкасымова каза болуп калган апасын «Баңгизатын колдонот. Мурда да уруша кетип, мени темир түтүк менен башка чапкан. Ошондуктан мен минтип оорукчан болуп калдым» деп айтууда. Албетте, мындай кылмыштан соң соттук-медициналык, соттук-психикалык экспертизалардын топтому дайындалган. Ал эми маркумдун канында баңгизатын колдонуп жүргөндүгү тууралуу белгилер чыккан жок. Учурда тергөө иштери уланып жаткан учур.

«ҮЙҮМДҮ ТАЛАШЫП ЖҮРҮШЧҮ ДЕЙТ»
-Окуяга маркумдун 80 жаштагы апасы да аралашып жатат. Аны биздин аймактык тескөөчүлөр деле таанып бүтүшкөн. Күнүгө ар кимдин үстүнөн «казанымды, чака-чайнегимди көтөрүп кетти, уурдап кетти» деп эле арызданып жүргөн киши дешет. Ал эми шектүү болсо «Апам экөөбүз турган үй мага таандык. Аны таенем да, апам да менден алып коюуну көздөп жүрүшчү» дейт. Кылмыш болгон күнү таенеси деле башка үйдө уктап жаткан экен. Эне-баланын ортосунда жаңжал деле чыкпаган өңдүү.
Маркумдун бетине отун жарган балтанын мизи менен 2 жолу сокку урулуп, көзүнүн алдынан жаагына чейин ачылып калган. Дубалга чачыраган кандан улам апасы бир капталы менен жатканда келип балта чапкан сыяктуу белгилер бар.
Учурда шектүү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Айгүл Маматкасымованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
j.julduz
2014-10-15 07:41:04
элиме ыйман берсин жашоо не болуп баратат элибиздин 80 пайызы журок оорукчан болуп калдык го
0
minchynar
2014-10-15 13:41:00
Atayp saluu kerek
0
nazi84
2014-10-15 15:22:33
Ужас, ушундай да болобу, ишенгим да келбей жатат. Кудай сактай кор. Журогу таш го бул кыздын. Эмне деген мыкаачылык. Элестетким да келбейт Уфф Оз башы менен кетсин тфу тфу
0
berra
2014-10-16 01:09:50
Бул кыз менин оюмча оорукчан,же мас болсо керек же наркоманбы?айтор соо адам мындай ишке колу барбаса керек деп ойлойм.
0
kapitan050868
2014-10-16 12:01:08
Бул кыздан сакта аллахым
0
LaraKroff
2014-10-16 12:22:33
Психикалык жактан жабыркаган адамдын белгилери. Бул сыяктуу адамдар озун жоготкондо эч кимди тааныбай калат. Эмнеси болсо да, Аллахым уул-кыздарга ынсап берип, ар ким ата-энесин сыйласа экен.
-1
elyanura_97
2014-10-16 18:49:32
Кудай сактаа,мындайлар болбосун.
0
aali-90
2014-10-16 23:36:55
кыздарды ата энеге жакын болушат деп айтышчы эле бул эмне кылганы. кудай озун сакта!
0
admin_superstan
2014-10-17 14:09:24
MARINA78, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
aytunuk
2014-10-17 20:00:44
Оо кудай ыйман бере кор мындай шайтан баскырдан сакта
0
Narynbek
2014-10-18 00:00:34
Психикасы жайында болсо мындай иш кылмак эмес.
0
bakay93ka
2014-10-18 10:03:18
кудай эле сактасын мындай окуядан мындан нары болбой эле койсун
0
tachkomur
2014-10-18 12:31:50
тоббооо буул чегип еле алган го
0
nokia_lumia
2014-10-18 16:56:05
Турмуш эмнеге кана алып барбайт эмне себертен олтургонун бир озу бир кудацым билет. Мындай адамдарга наркы луйно бул дуйнодо орун жок болсо керек
0
Karakol-3922
2014-10-31 17:23:04
Негизи кылмышка шектуу адамдын аты жонун жазбаш керек, эртен соттун чечими менен акталып кетсе сиздерди аброюма залакасын келтирди деп сотко бериши мумкун.....
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан