(Башталышы өткөн сандарда)
Назиктин жаман жагы бар эле, маанайым бузулуп турса басылып калбай, ого бетер тутантып жиберчү. Азыр да туура эмес жерден түбөлүктүү темабызды кайра баштады.
– Сени менен дагы канчага чейин жашыруун никеде жүрө берем?- деди ал тикчие. Дайыма ушу суроо тилинин учунда тургандай.
– Көңүлүбүз сууганга чейин,- дедим мен да эрегише.
– Сенин көңүлүң менден, менин көңүлүм сенден сууганга чейинби?
– Сүйүүгө кол жетип, мээрим өткөн сайын уйпаланат. Билсең, одно любовь значит – тысяча любовь, а тысяча любовь – это одно.
– По твоему любовь только лишь философия… Сен үчүн ал эки көздүн кареги же кызыл эт балапан, же жөн эле куурчак турбайбы?!
– Сүйүү никеге чейин эле. Эки жүрөк бирге жашай баштаганда ысыгы ортодогу балдарга өтөт. Демек, Адам төрөлгөндөн кийин сүйүүбүз балага өтөт.
– Жок, менин сүйүүм эч качан суубайт, эч качан!
– Бул дүйнөдө күндүн нурунан башкасынын баары сууйт. А сүйүү болсо келет-кетет. Койчу эми, эзе бербечи, мен кетейин.
– Мен баарына макулмун, болгону мени таштай көрбө. Билем, сен Баяндан, балдарыңдан баары бир кол үзбөйсүң. Бирок...
– Кийин сүйлөшөлү аны...- дедим жүзүнөн сылап.
Канчалык жиним келип турса да аядым, өзүн эмес, ичиндеги наристени аядым. Анткени мен ушинтип кетип калсам керели кечке ыйлап отуруп алмайы бар. Жарк дей түшкөн кабагы кайра бүркөлүп жатып эптеп узатып калды.
Ошол күнү жумушта отурсам телефон шыңгырап калды.
– Сиз Дастансызбы?
– Ооба.
– Келинчегиңиз толгоосу келип чакырган экен, «Тез жардам» менен барып алып келдик. Учурда оор абалда. Тез келип калыңыз,- деп даректи айтты да, атын сурагыча телефонду коюп салды.
Кимиси, Назикпи же Баянбы? Экөө тең эртең, бүгүн деп турат эле. Баяндын жанында апасы бар, айдоочу дагы бар. Болду болбоду Назик болуш керек. Анткени курсагын таңып,
элден жашырынып жүргөнү менен төрөтү жакындап калган.
Далбастап айтылган дарекке жеттим. Врачтар мени эле күтүп жатышкан экен, Назиктин абалы оор экенин, эне менен баланы экөөнү тең сактап калуу оңой эместигин айтышты. Башымды мыкчып туруп бердим. Кыйналып жатканын сезип турдум. Кечке маал «бул жерде турбагыла, өзү төрөй албаса, эртең операция жолу менен төрөтөбүз» деп врачтар мени кетирип жиберишти. Темселеп кетип бара жаттым. Назиктин үйүнө келип бир аз көзүм илинип кетиптир. Турсам таң атып калыптыр. Шаар ичинде мурда мындай калың жааган карды көргөн эмесмин, тим эле борошолоп көз ачылбайт. Ошондон бери карды аябай жаман көрөм, жааган кар башыма чоң кайгыны кошо жаадыргандай сезилет. Ырым кылып кучагым толо гүл көтөрүп алдым. Врачтан абалын сурасам операция жасай турганын айтты да, кайсы бир документтерге кол койдуруп алды. Эндиреп оюма эч нерсе келбей, айтылган жерге кол коюп туруп Назикке кирип чыгууну өтүндүм. Коридордон Жанара чуркап келе жаткан экен, аргасыз токтодум.
– Абалы кандай?- деди ал энтиге.
– Операция жасайбыз деп жатышат. Оор дешти.
Назик жаткан палатага кирсек, ыйлаганга да алы келбей калган экен, тек көздөрү алайып башкача.
– Дастан, жанымда болчу. Коркуп жатам.
– Эч жакка кетпейм. Жаныңда болом.
– Адамга өзүң бир нерсе деп шыбырачы. Алаканым менен Назиктин курсагын сыладым. – Ага бир нерсе дечи. Апаңды кыйнаба дечи.
– Адам…
– Дастан, мен ага башка ысым койдум. Макулсуңбу?
– Сен айткандын баарына макулмун. Кана, айтчы.
– Аманат.
– Эмнеге Аманат?
– Мурда экөөбүз Адам болсун дегенбиз, эсиңдеби? Менин эми бул дүйнөдө зарлап күткөн тилегим аман болсун. Бул тилегим сага аманат.
Анын бул сөздөрүнөн денем үркүп кетти.
– Адам да жагат, Аманат да жагат. Сенин ниетиңдегинин баары жагат. Мага жакпаган сенин эч нерсең жок.
Менин колумду өпкүлөп ыйлап жаткан Назикти тиктеп туруп, ушу эки жан үчүн жанымды бергенге даяр болуп турдум. Назик менден кандайдыр бир нерсени күтүп жаткандай. Сырттагы сампарлап жааган карды тиктеп, дагы эмне деп айтсам дегенсип тыным алып калды.
– Дастан, мен сени менен өмүрүмдөгү чыныгы сүйүү эмне экенин сездим. Мурунку жашоомдогу эркектер мага акча, имидж, менин эркелигим үчүн керек эле. Мен сени менен гана чыныгы аял болдум. Аял болуу эмне экенин сени менен түшүндүм. Эх, Баян кандай гана бактылуу аял.
– Назик, кечир мени!- деди Жанара.
– Жанара, тескерисинче, сага рахмат. Мен аз убакыт болсо да Дастан менен бактылуу болдум. Башында сенин планың менен ишке ашкан нерсе менин чыныгы сүйүүм экенин кайдан билдим?
– Назик, көп кыйналбачы,- дедим анын энтигип жатканын байкап.
– Дастан, мени кечир! Мени эстей жүр! Баян, ох, Баян, кезиксем андан да кечирим сурайт элем. Менин өтүнөрүм, мен бир нерсе болсом, Аманатты өзүң чоңойт, уктуңбу? Аманатты жаныңдан чыгарба. Баянга жашырбай айт. Мени кечирсин, менин акмактыгымды кечирсин.
– Эмне деп жатасың? Жинди болбочу...
Жанара өзүн кармана албай ыйлап жиберди. Кайратым бош экен, аныкындай ый менин да көөдөнүмдү тээп турган. Мүмкүн, Назик акыркы жолу менден бир нерсе уккусу келгендир, жалдырап эле тигиле берди. Жаныбызга башкы гинеколог келип менин сыртка кетүүмдү суранды.
Жанара экөөбүз төрөтканада операцияны 1,5 сааттан ашык күттүк. Сампарлап жааган кар качан токтогонун билбейм, сыртка чыксам булуттар туш-тушка тарап, күүгүм алдында асман кайра түнөрөрү да, ачылары да белгисиздей болуп турду. Кар качан токтойт? Качан баары бүтөт?
Жанара келип жеңимден тарта бергенде ага бурулдум. Анын көздөрүнөн да коркунуч көрдүм.
– Дастан, эгер Назик өлүп калса, мен өзүмдү таптакыр кечирбейм. Менин Баян менен Назиктен башка жакын адамым жок. Баяндан тирүү айрылдым, эми Назик өлүп калса...
– Таш оозуңа!
Жанараны кагып жибердим. Өзөгүмдү сыздаткан ошол ойду кубалаганга шашып турганымды, ай, үмүт кылып жалдырап турганымды, ай. Бир топко күттүк. Бир убакта врач жаныбызга акырын басып келгенин байкадым.
– Кайрат кылгыла,- деди ал. Күнөөлүү немедей башын ылдый салды. Жанара бакырып жиберди, менин денем титиреп палатага жулундум. Бирок врачтар мени киргизбей кармап
калышты.
– Уулуңар аман-эсен, бирок энесин сактап кала албадык.
Ооба, бул турмуштун зор жазасы болчу. Менин, Назиктин жазасы эле. Ошол учурда турмушта адилеттик деген улуу нерсе бар экенин түшүндүм. Жараткан анын өмүрүн алып жазаласа, мени андан калган наристе менен жазалады. Анткени ал наристе турганда мен эч качан Назикти, өзүмдүн оор күнөөмдү, жашоодогу орду толгус кайгымды унута албайт элем...
(Уландысы кийинки санда)