ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-октябрдан 19-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кежирликтин арты жакшылыкка жеткирбестигин эске алып, үйдөгүлөрдүн тилин алуу кажет. Эч кимге, өзгөчө досторго карызга акча бербеңиз, алуу кыйындап, достукка көлөкө түшөт. Аптада динге, парапсихологияга кызыгуулар өсөт, мүмкүн, бул жаатта китеп окуйсуз же фильм көрөсүз. Ал эми аптанын аягында көңүл ачууга жол берүүгө болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында чарчоодон жана иштин көптүгүнөн улам стресске кабылууңуз мүмкүн. Ага карабастан каржы жааты көңүлдөгүдөй болуп, ырахаттануу менен каалаганыңызды сатып ала аласыз. Апта ортосунда жардамга муктаж жакыныңызга кол сунасыз. Жуманын аягында жакшы окуя өткөн-кеткендерди унуттуруп, оң энергия тартуулайт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Тааныштар сатып ал деп сунуштаган нерсени сатып алуу кажет, анткени ал чоң керегиңизге жарайт. Атайын чакыруу менен алыстагы туугандардыкына барууңуз ыктымал. Чогуу жүргөндөрдүн бири сиз аркылуу кайсы бир ишин бүтүрүп алгысы келет. Убактыңызга карап иш кылыңыз. Аптадагы таанышуулар бекем мамилеге өсүп жетет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Артында чырлуу ишке кабылбоо үчүн кайсы бир документтерге кол коюуда мазмунуна көңүл буруп, окуп чыгыңыз. Уккан маалыматтарыңызды элге жайбай, ичке катыңыз. Жакын адамыңыздын колдоосу менен түйүндүү маселеңизди чече аласыз. Иш жаатына келсек, көп энергия талап кылбай, тынч өтөт. Апта аягында уккан сынга таарынбай эле койгонуңуз оң.

АРСТАН (23.07-23.08)
Чөйрөдөгүлөрдүн бирөө сизге каршы жаман оюн баштайт. Андыктан өзүңүзгө башкача айтып, артыңыздан башка кепти сүйлөгөн адамдардан абайлаңыз. Ишенип бир нерселерди да айта көрбөңүз. Дүйшөмбүдө кошумча акча табуу жаатында сунуш түшүшү мүмкүн. Бейшембиде белек көтөрүнүп чакырган жерге барууңуз ыктымал. Ишембиде тиричилик көйгөйлөрү менен алек болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Күтүлбөгөн сюрприз октябрь айынын жагымдуу окуяларынын бири болуп калмакчы. Андыктан кубаныңыз, сиз буга татыктуусуз. Чогулткан акчаңызды жаңы эмерекке жумшооңуз мүмкүн. Шейшембиде чала тааныштарга ишиңиз түшөт. Жума күнү бирөөлөрдү тосуп аласыз же узатасыз. Апта аягында чарбакты тазалоо, бак-шакты бутоо иштери күтөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери ишке ашырсам деген тилегиңизге жетчү апта. Мүмкүн, ал кыймылсыз мүлк сатып алуу же сүйүктүүңүздүн колун суроодур. Коркпоңуз, баары ийгиликтүү болмокчу. Дүйшөмбүдө керектүү адамдарды табууга убакыт коротосуз. Шаршембиде акчалуу болууңуз ыктымал. Апта аягында тааныштар кызыктуу иш-чарага катышууну суранышат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада алыска жолго чыкпаңыз жана жаныңызга ири суммадагы акчаны алып жүрбөңүз. Коркунуч күтүлүүдө. Бирок жашаган жериңизде өз ишиңизди аткара берсеңиз, ийгилик коштомокчу. Шейшембиде жашоого өзгөртүү киргизүү керектигин сездирүүчү кырдаал чыгат. Бейшембиде бирөөлөр ашар жумушка чакыруулары ыктымал. Жекшемби жакшы жаңылыгы менен сүйүндүрмөкчү.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бирөөлөрдөн өч алам деген оюңузду жыйыштырыңыз, болбосо арты чоң чырга айланат. Анча суук эмес деп тоготпой жүрүп, суукка урунуп калбоо кажет. Аптанын башында чыгашалар көп чыгып, каржы жааты сизди бир топ түйшөлтөт. Апта ортосунда жеңил ойлуулук кылып сүйүүгө так түшүрбөөнү эске алыңыз. Жуманын аягында коноктор эшик чертиши мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бойдоктор күтүлбөгөн кырдаалдан же бир топ мезгилге жолукпай калуудан сүйүктүүсүнүн мамилесинин бекем же убактылуу экендигин айкын билет. Аптада организмиңиз бир топ алсыз болгондуктан жаракатка кабылуу коркунучу чоң, абайлаңыз. Каржы жааты туруктуу болуп, пландарды ишке ашыра аласыз. Туугандарга кам көрүп, белек берүүңүз ыктымал.

Суу куяр (21.01-19.02)
Жаңы нерселерди үйрөнүп, өздөштүрүүгө ыңгайлуу мезгил. Жетекчилик аракетиңизди баамдап, мактоого же сыйлыкка арзыйсыз. Жеке жашоо өзгөрүүсүз, бир нукта өтөт. Ал эми жаңы сатып алуулар көңүлүңүздөгүдөй болбошу мүмкүн. Андыктан соода кылууну кийинкиге жылдырыңыз. Достор менен ийгиликтүү ишти белгилөөңүз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада ичеги-карын ооруларынын алдын алып, жеңил, суюк тамактарга басым жасоо оң. Үйдү жакшылап жууп-тазалаңыз, абройлуу адамдардын келиши күтүлүүдө. Шаршембиде бирөөлөрдүн маселесин чечип берип,
олжо арттырасыз.
Апта аягында ойлонбой иш кылып жиберип, артында өкүнүп калуудан сактаныңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан