Ян Аткинсон, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти: «КУМТӨР» ДОЛБООРУНУН ТҮЗҮМҮН ӨЗГӨРТҮҮДӨ ЭЧ КИМ ЗЫЯН ТАРТПАГЫДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК»

Бул интервьюда «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү (реструктуризация) боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жана анын өлкө үчүн артыкчылыктары жөнүндө «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон айтып берет.

– КРнын Өкмөтү менен «Центерранын» ортосундагы «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашууну жүзөгө ашырууга карата консультациялар бүгүн кандай абалда турат?
– Биздин акыркы сүйлөшүүбүздөн бери көптөгөн жагымдуу окуялар болуп өттү. Эске сала кетсем, ушул жылдын июнь айында эле «Центерра» КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына түзүмүн өзгөртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык башкы макулдашуулардын текстин берген. Андан тышкары биз «жол картасын» иштеп чыкканбыз, анда түзүмүн өзгөртүү процессинин ар кайсы этаптары чагылдырылган, ошондой эле бул этаптардын ар биринде кайсы органдар тарабынан кандай уруксаттар талап кылына тургандыгы да көрсөтүлгөн. Бул мезгилде биз телефон менен жана кесипкөй кеңешчилерибиз аркылуу «Кыргызалтын» менен да,
КРнын Өкмөтү менен да бир катар консультацияларды өткөрдүк.
Бактыга жараша, августта эле биз КРнын Өкмөтү тараптан «Центерранын» өкүлдөрүнө «Кыргызалтын» жана КРнын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр столунда түздөн-түз консультацияларга киришүү үчүн Бишкекке келүүгө уруксат берүүгө даяр экендиги жөнүндө ынанымдуу ишендирүүлөрдү алганбыз. «Центерранын» башкы кеңешчиси Фрэнк Херберт «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашуунун жоболорун жана «жол картасын» КРнын Өкмөтү, «Кыргызалтын», анын кеңешчилери менен талкуулоо жана аларды чечмейинче макулдашуунун негизги принциптерине кийлигишүүгө мүмкүн болбогон олуттуу маселелерди кароо үчүн 25-августта бир жумалык иш сапары менен Бишкекке келген.
Бишкектеги бир катар жеке жолугушуулардан кийин биз 8-сентябрдан баштап бир жума аралыгында видеоконференция формасында «Центерранын», «Кыргызалтындын» өкүлдөрүнүн жана биздин консультант-юристтерибиздин ортосунда кошумча консультацияларды жүргүздүк. Видеоконференция форматы бизге реалдуу убакыт режиминде жолугушууга жана түзүмүн өзгөртүү маселелерин талкуулоодо жаңы кадамды жасоого мүмкүндүк берди.
Биздин түшүнгөнүбүздөй, КРнын Өкмөтү жана «Кыргызалтын» түзүмүн өзгөртүү жөнүндө макулдашуулардын аларга биз мурда берген долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик ведомстволорунун жана жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн пикирлерин макулдашуу жолу менен бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Биз жакында кеңири сын-пикирлерди алабыз деп үмүттөнөбүз. Өз тарабыбыздан негизги принциптерде каралган түзүмүн өзгөртүү боюнча иш-чараларды тезинен жүзөгө ашыруу кызыкчылыктарында өкмөт, «Кыргызалтын», жумушчу топ жана алардын кесипкөй кеңешчилери менен тез жана жигердүү иштөөгө даярбыз.

– «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюлган январдан бери жетишерлик көп убакыт өттү, «Центерра» бүгүн түзүмүн өзгөртүүгө канчалык кызыкдар экенин айта аласызбы?
– Мурдагыдай эле, «Центерра» макулдашууда каралгандай, түзүмүн өзгөртүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга активдүү умтулууда. Ал бүгүн да анын негизги принциптери эки тарапка өтө пайдалуу деп эсептейт.
Мөөнөттөргө келсек, «Центерра» мындай масштабдагы жана татаалдыктагы иш-чаралар, биз аны биротоло жүзөгө ашырууга кирише алганыбыздан мурда узак сүйлөшүү процессин талап кыла тургандыгын түшүнөт. Бул эл аралык бизнес чөйрөсүндө жүзөгө ашырылып жаткан ар кандай башка татаал операцияларга да бирдей тиешелүү. Ошентсе да «Центерра» быйыл январда «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашууга кол коюлгандан берки бардык мезгилде кол куушуруп отурган жок. Биз бардык бул татаал принципиалдуу макулдашууларды даярдоо максатында кесипкөй кеңешчилерибиз менен ишке аз эмес убакыт жана күч короттук, өкмөт, «Кыргызалтын» жана алардын кеңешчилери менен көптөгөн консультацияларды өткөрдүк.
Макулдашууларга кол коюлгандан кийин алар КРнын Парламентине, «Центерранын» акционерлерине жана Канаданын тиешелүү сотуна бекитүүгө берилмекчи. Мындан тышкары түзүмүн өзгөртүү биздин акционерлерибиздин биринин да кызыкчылыктарын кемсинтпей тургандыгына карата көз карандысыз экспертиза да жүргүзүү зарыл. Бул татаал процесс, бирок «Центерра» андан бардык акционерлер, анын ичинде «Кыргызалтын» да ута турган түзүмүн өзгөртүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн бардык аракеттерди жумшайт.
«Центерранын» директорлор кеңеши бул маселеде дайыма так позицияны ээлеп келген: эч кандай иш-чара «Центерранын» акционерлеринин кимдир бирөөсүнө, анын ичинде «Кыргызалтынга» зыян келтиргендей жүргүзүлбөйт. Түзүмүн өзгөртүү боюнча пландаштырылган иш-чаралар бардык акционерлер тарабынан сөзсүз жактыруу алууга тийиш, эске салсам, аларга «Центерранын» акцияларынын 67 пайыздайы таандык. Эгерде түзүмүн өзгөртүү пайдасыз болсо, анда ал мындай жактыруу албайт. Аны менен катар ар кандай консультациялардын жүрүшүндө биздин башкы акционерлер түзүмүн өзгөртүүнүн «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашуу менен каралган түрүндө колдоого даяр экендиктерин түшүндүрүштү.

– Аткинсон мырза, Сиздин сөзүңүздөн улам түзүмүн өзгөртүү «Центерранын» акционерлеринин пикирлеринен көз каранды. Бирок алар эмне болгон акционерлер? «Кыргызалтындан» тышкары кимдер «Центерранын» акционерлери болуп саналышат? Алар негизги принциптер менен каралган түзүмүн өзгөртүүнү жактырышабы?
– Дагы бир жолу кайталайм, биз түзүмүн өзгөртүү боюнча иш-чаралар акционерлер тарабынан жактырылат деп үмүттөнө гана алабыз.
«Центерра Голддун» акционерлеринин катарына штаб-квартиралары Нью-Йоркто, Лондондо жана Европанын башка шаарларында жайгашкан бир катар ири дүйнөлүк каржы институттары кирет. Бул, адатта, аларды кызыктырган инвестдолбоорлорго миллиарддаган доллар салышкан, өз ишинде тажрыйбалуу инвесторлор. Мына ошондуктан алар өз каражаттарын кайда салуу пайдалуу экендигин эркин тандай алышат. Мен айтканымдай, биздин түзүмүн өзгөртүүнү жүргүзүү үчүн эл аралык акционерлерибиз тарабынан жактыруу талап кылынат. Ошондуктан биздин иш-чаралар бардыгы үчүн адилет боло тургандыгын жана алар тараптан колдоого арзый тургандыгын аларга далилдөө абдан маанилүү.

– «Кумтөр» кенин иштетүү Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө зор мааниге ээ. Сиздин көз карашыңызда, «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашууда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасы кандай конкреттүү пайдаларды алат?
– Албетте, Кыргыз Республикасы үчүн башкы жана түз пайда болуп «Кумтөр» долбоорунун ишмердүүлүгүнөн түз акча агымдарынан өзүнүн пропорционалдуу үлүшүн алуу жана кен ишканасын башкаруу процесстерине түздөн-түз катышуу саналат.
Акырында, «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө» макулдашуунун негизги принциптерине ылайык, түзүмүн өзгөртүүнү жүргүзүү башка ири чет элдик инвесторлор үчүн маанилүү сигнал да катары кызмат кылмакчы. Алар Кыргызстан өз каражаттарын коопсуз салууга боло турган жер экенин көрүшөт жана биз бул кошумча чет элдик капиталды тартуу жолу менен Кыргыз Республикасы өз аймагында башка болочок долбоорлорго да өзү үчүн пайдалуу катыша алат деп үмүттөнөбүз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-10-18 14:18:12
биргелешкен ишкананы тузуп ишке киргизсек азыркыдай оор абал болмок эмес, ооба доллардын курсу чон, бензин кымбат боло бермек, бирок казначействодо бир нече каражат болмок, азыр болсо биз банкроттун абалындабыз
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан