4-октябрь күнү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн жайкы Азия оюндары жыйынтыкталды. Анда 48 спорт түрүнөн Азия континентинин чемпиондору белгилүү болуп, жаңы ысымдар жанды. Кубаныч менен катар ызанын ыйы, жаңыланган рекорддор, чемпиондук үчүн өздөрүн аябаган спортчулар. Булардын баарын камтыган оюндар 16 күн бою дүйнө назарында болду.
АЛТЫН ЖОК, КҮМҮШТӨН ЭКӨӨ, КОЛОДОН ТӨРТӨӨ
«Инчхон-2014» оюндарына Кыргызстандын атынан 115 спортчу аттанган. Алардын көпчүлүгүн жаш спортчулар түзүп, башкысы медаль тагынуу эмес, тажрыйба топтоо үчүн аттанышкандай. Спортчуларыбыз 20 спорт түрүнөн күч сынашып, жалпысынан 2 күмүш, 4 коло багынтышып, командалык эсепте 30-орунга илиништи. Грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев коло, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш, Эламан Догдурбек уулу коло жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло медалды тагынды. Ошондой эле мушкер Турат Осмонов коло жана веложарышчы Евгений Ваккер күмүш байге алып, намыска жарап беришти. Эске салсак, биздин спортчулар 4 жыл мурун өткөн «Гуанчжоу-2010» оюндарында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль багынтышкан эле.
КАЛЫСТЫК КАЙДА, КАЛЫСТАР?
Азия чөлкөмүндөгү спорт калыстарынын жоруктары бүтүндөй дүйнөгө маалым. Ойго келгис чечимдер, күлкүлүү жоруктар жана талаш туудурган маселелер дал ушул континентте көп учурда байкалат. Бул оюндар да андайлардан куру калган жок. Үй ээлерине дубалдардан тышкары калыстар да жардам бериши айтпаса да белгилүү болуп турду.
Алардын эң орчундууларынын бири индиялык мушкер Сарита Деви айымдын жоругу болду. Ал сыйлык тапшыруу аземинде коло медалды алуудан баш тартып, бардыгынын оозун ачырды. Буга жарым финалдык беттештеги түштүк кореялык спортчу менен болгон беттеш адилетсиз болгону себеп болгон. Ошондой эле эркин күрөштө 72 килограммдык салмактык бөлүктөгү жарым финалдык таймашта ирандык Абдувалинин жеңишин калыстар көз көрүнөө уурдап, үй ээси Жангга ыйгарып коюшту.
Мындай калыстык биздин спортчуларга да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Алсак, бокс, күрөш, дзюдодо бир канча талаш туудурган чечимдер кабыл алынып жатты. Алардын бири мушкер Азат Усеналиевдин чейрек финалдагы пакистандык менен болгон беттеши. Анда 1-раундда эле мыктылыгын көрсөтүп жаткан Азатты атаандашы башы менен сүзүп алып, мекендешибиздин кашы жарылып кеткен. Жыйынтыгында кан токтобой, техникалык нокаут менен жеңишти пакистандык мушкерге ыйгарып коюшкандыгы көпчүлүктү таң калтырды.
«СПОРТЧУЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАМАН ЭМЕС»
Азия оюндарында Кыргызстан курамасына 3 медаль алуу планы коюлган. Жыйынтыгында спортчулар 6 медаль алып, начар эмес көрсөткүчкө ээ болушту. Бирок алтын медалдын жетишсиздиги пландын толугу менен аткарылбаганындай так калтырды.
Өлкөбүздүн спорт ишмерлери Азия оюндарындагы көрсөткүчкө алгачкы бааларын беришти.
КАДЫРБЕК ЭРГЕШОВ, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору:
– Азия оюндарына катышкан 45 мамлекеттин ичинен медаль албай калган өлкөлөр да болду. Биз кичинекей бюджетке карап 3 медаль пландаганбыз, 6 медаль алып планды ашыгы менен аткардык. Ушуларды карап туруп, анан кантип «канааттандырарлык эмес жыйынтык» дегенге ооз барат. Бул Азия оюндары бизге сабак болду. 2 жылдан кийин Олимпиада оюндарына кандай жол менен баруу керек экенин ушул оюндардын жыйынтыгына карап билишибиз керек.
АДЫЛХАН БЕКБОЛОТОВ, Бокс боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу:
– Мен «канааттандырарлык эмес» деген жыйынтыкка келдим. Анткени бокс боюнча Өмүрбек Малабеков, Азат Усеналиев сыяктуу мушкерлер медаль аларына ишенгем. Бирок спорттогу ийгилик каршылаштар тарапка жылмайды. Бокс боюнча акыркы 12 жылда Кыргызстан медаль уткан эмес. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 1 медаль утуу тууралуу тапшырма коюлган. Ал тапшырманы аткарганыбыз менен, максаттарыбызга жетпей калдык. Негизи өкмөт акчаны убагында бербесе, спорттук шаймандар жетишсиз болсо анан кантип жыйынтык болсун? Спортчулар мелдешке катышуу үчүн ар кимден акча сурап жүргөнү туура эмес.
ОЮНДАРДАГЫ КЫЗЫКТАР
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg