Көргөндө жегиңди келтирип тамшандырган таттууларсыз дасторкон көркүнө чыга бербейт. Аларды сатып албай, үй шартында жасап алууга болот. Акчаңызга үнөм, өзүңүзгө тажрыйба.
КРЫМ ПАХЛАВАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Камырына:
Ун – 3,5 стакан
Каймак – 3 аш кашык
Сүт – 250 грамм
Каймак май (же маргарин) – 70 грамм
Жумуртка – 2 даана
Туз – 1 чымчым
Сода – 1 чымчым
Бетине сепкенге жана бышырганга:
Майдаланган жаңгак – 100 грамм (мунусу жок деле болот)
Өсүмдүк майы – 700 грамм
Ширесине:
Суу – 250 грамм
Кумшекер – 1 стакан
Бал – 2 аш кашык (кошпосо да болот)
Даярдоо ыкмасы:
1. Чуңкур идишке каймакты салып, ага соданы кошуп чалабыз. Башка идишке жумуртка, тузду кошуп, аралаштырабыз. Эми каймак майды эритип, сүттү жылытып, баарын кошуп катуу камыр жууруп, 15 мүнөттөй тыныктырабыз.
2. Камырды 5 бөлүккө бөлүп, калыңдыгын
0,1-0,2 миллиметр кылып жаябыз. Жайылган камыр кескенде жабышып калбасы үчүн 4-5 мүнөт үстүн ачык калтырабыз.
3. Камырды үбөлүккө ороп туруп, кайра үбөлүктү сууруп алабыз. Камырдын сыртында калган бош четин чымчылап бекитебиз. Эми камырды курч бычак менен бир жакка кыйшайтып (45 градуска), жазылыгы 2 сантиметр болгон кесимдерге бөлүп кесип чыгабыз.
4. Кесимдердин бир жак четин чымчып бекитип, берки жагындагы камырлардын араларын ачып, ажыратабыз.
5. Казанда ысып турган майга салып бышырабыз. Пахлавалардагы ашыкча майды сиңирип алсын үчүн аларды кагазга жайыңыз.
6. Шире даярдайбыз. Сууга кумшекерди, балды салып, толук эригиче отко коёбуз. Анан пахлавалардын ар бирин ширеге малып, идишке салып, бетине майдаланган жаңгак сээп койсоңуз көркүнө чыга түшөт.
«КУМУРСКАНЫН УЮГУ»
Керектелүүчү азыктар:
Камырына:
Ун – 600 грамм
Маргарин – 250 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сода – 1 чай кашык
Уксус (80%) – 5 тамчы
Ванилин бир чымчым (жок болсо деле болот)
Креми үчүн:
Коюулатылган сүт (сгущённое молоко) – 1 банка
Каймак май – 100 грамм
Бетине сепкенге – майдаланган жаңгак жана шоколаддын кырындысы (мындан тышкары мейиз, кургатылган өрүктү майдалап кошсо болот)
Даярдоо ыкмасы:
1. Маргаринди эритип алабыз. Жумуртканы жакшылап чалып, маргаринге кошобуз.
2. 1 чай кашык соданы аш кашыкка салып, ага уксусту тамчылатабыз.
3. Даярдап алгандардын баарын кошуп, унду салып, катуу камыр жууруп, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 30-40 мүнөт кармайбыз.
4. Камырды эт майдалагычтан өткөрүп, 180 градуста ысып турган духовкага салып, бети кызаргыча бышырабыз.
5. Кремин даярдайбыз. Каймак майды эритип, майдаланган жаңгак менен коюулатылган сүттүн үстүнө куюп, аралаштырабыз.
6. Духовкада бышкан таттуу нанды майда бөлүктөргө бөлүп, үстүнө кремди куюп, аралаштырабыз.
7. Тарелкаларга салып, кумурсканын уюгу сыяктуу формага келтирип, үстүнө майдаланган жаңгак менен шоколаддын кырындысын себебиз.
ЧАК-ЧАК
Керектелүүчү азыктар:
Камырына:
Ун – 750 грамм
Жумуртка – 3 даана
Май – 500-700 грамм
Лимондун ширеси – 1 аш кашык
Татымына жараша туз (болжол менен 1 чай кашык)
Мейиз – 100 грамм
Жаңгак (майдаланган) – 100 грамм
Ширесине:
Кумшекер – 150 грамм
Бал – 250 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Чуңкур идишке жумуртканы чагып, ага лимондун ширеси менен тузду кошуп, чалабыз. Үстүнө унду кошуп, катуураак камыр жууруп, бир аз тыныктырабыз. Эми калыңдыгын 2-3 миллиметрдей жайып, каалагандай формада кесебиз (таякча же майда төрт бурчтук).
2. Казандагы ысык майга четинен салып, кызарта бышырып алабыз. Бышкандарын кагазга төгөбүз.
3. Шире даярдоо. Мискейге балды куюп, отко коёбуз. Ал ысыганда үстүнө кумшекерди салып кайнатабыз. Кумшекер толук эригенде шире даяр болот.
4. Чак-чакка алдын ала жуулуп, кургатылган мейизди жана жаңгакты кошуп, аралаштырабыз. Үстүнө даяр ширени куябыз. Колубуз күйбөсү жана таттууга жабышпасы үчүн колду улам муздак сууга салып, чак-чакты каалагандай формага келтиребиз.
Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg