«БЕРЕКЕ» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Бир жылдан ашык убакыттан бери миллиондогон байге фондусу менен өлкөбүздүн калкын кубандырып келе жаткан «Элдик лотерея» соода маркасы кезектеги жеңүүчүлөрүнө утуш тапшырып кубантты. Тагыраак айтканда, 7-октябрь күнү 30-сентябрда ойнотулган «Береке» лотереясынын байгелери 1 миллион сом жана 6 кишиге 50 миң сомдук ири утуштар тапшырылды.

Бул сапар кезектеги бактылуу билеттин ээси болуп Таластын тургуну ЗАМИР мырза табылды. Ал бактысын сынап көрүү үчүн «Элдик лотерея» соода маркасынын «Береке» лотереясынан 2 билет сатып алган. Жеңүүчү кубанычын жашырган жок:
– «Элдик лотереянын» билеттерин дайым сатып алып ойнойбуз. Бирок мындай ири утуш биринчи жолу болуп отурат. Ошол күнү үй-бүлөбүз менен эфирди чогуу көрүп отурганбыз. Алгач 1 миллион утуп алганыма таптакыр ишенген жокмун. Эртеси компанияга чалсак, чын эле утуптурмун. Толкунданганымды айтпа. Эми бул утушту соопчулукка, анан үй салууга жумшайм. Сиздер да ойногула, уткула!

Ал эми 50 миң сомдон утуп алган жеңүүчүлөр өлкөнүн ар тарабынан келген мекендештер болду. Алардын бири Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жашоочусу ТУРГАНБЕК:
– Биз үй-бүлөбүз менен 2 билет сатып алган элек. Анын биринен 50 миң сом утуш чыкты. «Элдик лотерея» таза оюн өткөрөрүнө ынандым. Акчаны үй-бүлөбүздүн керектөөсүнө жумшайбыз. Эми мындан ары такыр үзбөй «Береке» лотереясын ойнойбуз.

Дагы бир жеңүүчү Ош облусунан келген ТОЙЛУК айым болду:
– Мен ушул компаниянын лотереяларын дайым ойноп келем. «Элдик лотереянын» кеңсесинен 3 билет сатып алгам. Анын бири мына минтип жеңиш алып келип отурат. Абдан сүйүндүм. Эми кезектеги ойнотулчу билеттерди сатып алайын деп турам.

 

 


ЖЫПАРА үйүнүн жанындагы дүкөндөрдүн биринен 2 билет сатып алып, анын бирөөсү утуш алып келген:
– Мен буга чейин лотерея ойноп көргөн эмесмин. Дүкөнчү эже бизге «билет сатып алып койгула, утуп каласыңар» дегенинен 2 билет сатып алган элем. Бирок анчалык деле маани берген эмесмин. Утуп алганымды «Элдик лотереянын» сайтынан көрүп, абдан сүйүндүм. Себеби бул мен үчүн чоң акча.

 

 


«Элдик лотереянын» PR менеджери АЛИНУР ОРМОН уулу:
– «Элдик лотереясынын» алкагында ай сайын өткөрүлүп туруучу «Береке» лотереясы жаңыдан киргизилип отурат. Бул лотереянын башкы айырмачылыгы болуп, баш байгенин суммасы 20 миллион сомду түзгөндүгүндө. Ал эми жалпы байге фонд 76 миллион сомго жетти. Баш байгеден сырткары 1 миллион сомдук утуш 10 жана 50 миң сомдук байге 100 адамга буйруйт. Дагы бир айта кетчү нерсе, эгерде баш байгени уткан билет сатылбай калса, анда кийинки айдын утушу көбөйтүлөт. Сентябрда ойнотулган утушта баш байгени уткан билет сатылбай калып, эми кезектеги октябрдагы утуштун баш байгеси 22 миллион сомду түзмөкчү.

«Береке» лотереясынын кезектеги ойнотулушу 31-октябрь күнү КТРК каналында саат 19:00дө болот. Ойногула, уткула!

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jibi
2014-10-13 13:19:19
Ilayim baygeluu utuwtar chon akchaga muktaj adamdarga buyursun jana jakwy iwterge iwtetilsin!
0
Gensek
2014-10-17 15:57:37
еч еле утпай койдум го
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан