Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИР КЕЗДЕ ДИНАРА, АЙЧҮРӨК ҮЧӨӨБҮЗ УКМУШ АТААНДАШКАНБЫЗ»

Бүгүнкү каарманыбыздын ар бир ыры убагында хит болгон. Ошол кезде кыздар анын чач жасалгасын, кийингенин туурап, жигиттер жанынан бир көргөнгө зар болушкан. Алина Жетигенова учурда таене болуп калса да андай күйөрмандарын жоготпой келет. Эмесе, ырчы сахна дүйнөсүнө кантип баш багып, атактуулукту кантип багындырганы тууралуу сөз кылалы.

«АТЫМДАН УЯЛЫП АРТТА КАЛГАМ»
- Мен чоң ата, чоң эненин колунда өстүм. Мектепке баргандан эки жылдан кийин мени үлгүлүү кыз деп линейкага чыгарышкан. Ошондо Атайбек Бөдөшовдун «Кыргызстаным» деген ырын өзүмдүн Арал айылыма арнайм деп туруп ырдап чыкканым эсимде. Ошондо аны радиого жаздырып алышыптыр. Ырчылыкка биринчи кадамым ушул болсо керек. 6-класстан эжеме жардам бермекчи болуп Бишкекке келип, №5-улуттук гимназиясында окуп калдым. Комуз менен ырдап, күү чертип мектебимдин намысын коргочумун. Комуз үйрөнүшүмө атамдын иниси Жаныбек байкем түрткү болгон. Аскерден келип, мага комуз, баян сатып берген. Бишкектеги Айыл чарба институтунун имаратында «Роза» деген топ бар экен. Үйүм жакын болгондуктан «менин да ырдагым келет» деп ошол топко барып ырдап калдым.
Ырчы болом деп биротоло ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип алгандан кийин кайра 10-класстан өзүмдүн ата-энемдин колуна, Талас шаарына кеттим. Ал убакта аттестаттагы бааларды жакшы кылабыз деп мектепти айылдан бүтмөй мода болчу. Ал жактан «Талас» деген эстрада тобу ачылып жатканын угуп, алты кыз чогулуп кастингге бардык. Тиги кыздарды ырдатып көрүп жаратпай коюшту. Мен болсо «атым Алмакан» деп айткандан уялып артта калдым. Чоң энем Гүлжакан өзүнүн атына окшоштуруп мага Алмакан деп ат коюптур. Менде «фундамент» бар эле да, сынактан өтүп кеттим. Атамдан уруксат сурап мени алып кетишчү. Алар менен чогуу айылдарга концерт коюп, кечинде үйгө келип калчумун.

«БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫМА СҮЙҮҮ КҮНӨӨЛҮҮ»
- 1982-жылы атам борборго алып келип, И.Арабаев атындагы институтка мугалимдикке тапшыртып кетти. Гезиттен «филармониянын алдында эстрадалык студия ачылды» дегенди окуп, атам кетери менен документимди филармонияга тапшырып салдым. Алгач «бою кичинекей» деп мени өткөрбөй коюшкан. Ошондо Улукмырза Полотов, Асылбек Рысалиев деген агайларым «бул кызды биз өстүрөбүз» деп алып калышкан эле. Менин ырчылык тагдырым Кыргызстандагы эң күчтүү, таланттуу адамдарга байланды. Ошондон тарта жолум ачылды. Үйдөгүлөргө «мен окууга өттүм, бирок филармонияга» деп телефон чалдым. Ошентип төрт кыз жатаканага чыктык. Баарыбыздан улуу Айнура деген эже аттарыбызды өзгөртө баштады. Бермет деген кызыбызды Вера, атына заты жарашкан Шайырды Шура кылды. Шаарда окуп жүргөндө досторум мени Аня деп чакырышчу. Ичимден Аня дебесе экен деп чыйпылыктап турсам эле, мени Алина болосуң деди. Ошол боюнча баарыбыз Айнура эже койгон аттар менен өмүр бою калдык.
Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиев «Жетиген» тобун ачып, мен ырчы болдум. «Бозойго» аттуу ырым менен Алина деген атым элге алынып кетти. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы «Ариет» деген топко алып калышты. Топко жалаң профессионалдар келишти. Леонид Якубович атайын Москвадан келип, режиссёр катары бизди Союзга кирген 15 республика арасында өтчү чоң сынактарга даярдай баштады. Топ менен Ташкентке барып 1-орунду, Москвадан 3-орунду алып келдик. Айлыгыбыз да көп болчу. Элдин айлыгы 90 рубль болсо, мен 700 рубль алчумун. Биринчи айлыгымды колума кармаганда каякка жумшаарымды билбей катуу толкундангам. «Ариет» тобу чачырап кеткенде «Таазим» тобуна кирдим. «Дасторкон», «Апама кат» деген ырларым хит болду.
Филармонияда калпакты тескери кийип алып комузду укмуш черткен, элдин баары сыйлаган Мыктыбек аттуу киши бар эле. Анын уулу Кубат биздин топто гитара чертчү. Ошол жигит ала качып кетти, салтыбыздын курмандыгы болуп отуруп калдым.
Анан бир тойдо ырдап жатканымды азыркы жолдошум Эржан көрүп жактырып калыптыр. Издеп жүрүп акыры таап, мени менен таанышкан. Ошондон тарта ортобузда сүйүү жаралды. Биринчи жолдошум менен ажырашканыма ал дагы, мен дагы күнөөлүү эмеспиз. Болгону сүйүү күнөөлүү. Уулум Азиз атасы тараптагы бир туугандары менен катташат. «Мага окшош инилерим бар» деп сүйүнүп калат.
Убагында бир колума уулум Азизди жетелеп, бир колума кызымды көтөрүп троллейбус менен келип-кетип иштеп жүрдүм. Сахнага чыгарда көшөгөнүн артындагы колонканын жанына баламды жаткыза коюп ырдаган учурлар болду. Балдарымдын концерттерден ушунча көңүлдөрү калган экен, «сиз менен барабыз» деп ыйлашканда «концертке баратам» десем ээрчибей калышчу.

«КЫЗДАРДЫН КӨБҮ МЕНИ ТУУРАШЧУ»
- 1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен «Роза гүлү» деген эстрадалык топ ачылып, Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова келишти. Мурун жалаң диапазону кенен ырларды оркестр менен ырдасам, «Роза гүлүнө» кирген соң жеңил эстрадалык ырларга өттүм. Сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык «Кыздын сыры» деген ырым ошондо чыкты. Бир аз иштегенден кийин эле топ жабылып, ар кимибиз өзүбүзчө кеттик. «Айчүрөк», «Динара», «Алина» деген топтор ачылып, ортобузда чыгармачылык атаандашуу укмуш күч алды. Сахнанын жасалгасынан тартып кийимдерибиз, ырларыбызга чейин бири-бирибиздикин карап турчубуз. Балким, ошондой атаандашуу болбосо өспөйт белек, ким билет. Ошондо менин Таалай деген жан сакчым бар болчу. Он жылга жакын биздин топтун коопсуздугун камсыз кылды. Өзү спортчу, кең далылуу жигит, ал азыр деле жан сакчы.
Популярдуу болуп турган кезимде кыздар менин чач жасалгамды, кийимимди, үнүмдү туурап мага окшошкулары келгендерин байкап сыймыктанып калчумун. А мен болсо француз ырчысы Мирей Матьёну аябай жакшы көрүп, ошонун ырдаганын, чач жасалгасын туурачумун. Бир жолу Ош шаарына гастролго барганымда чачымды кырктырышым керек болду. «Баланча жерде жакшы чачтарач бар» дешкенинен барсам өзбек жигит экен. Кандай каалап жатканымды айтсам «Ырчы Алинаныкындайбы?» деп сурады. «Ооба» десем, менин Алина экенимди билбей чачымды кыркып берген.
Кайрадан төрөлсөм ушул эле жолду тандамакмын. Мени ыр дүйнөсү элге таанытты. Ырчылык кесиптин арты менен атак-даңкты, үй-бүлөмдү, элдин сыйын таптым. Атактуулуктун туу чокусунда турганымда да, азыр да «жылдыз оорусуна» кабылган жокмун. Элди көзүмдүн төбөсү менен карап, үнүмдү тээ бийиктиктен чыгарып кекирейип сүйлөбөдүм. Анткени табиятымдан жөнөкөй адаммын.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • 1964-жылы, 6-ноябрда туулган. Учурда туулган күнүнө карата концерт берүү үчүн даярданып жатат.
  • «Ысык-Көл-1988» сынагында баш байгени жеңип алган.
  • «Юрмала-1989» жаш таланттар сынагына Жылдыз Осмоналиева экөө катышкан.
  • 1984-жылы уулу Азиз, 1988-жылы кызы Азеля, 1994-жылы уулу Алтынбек төрөлгөн.
  • Эки неберенин таенеси.
«Бир жолу концертимде бир күйөрманым сахнадан бетиме суу чачып жиберди. Эл дуу болуп тура калышты. Көрсө, бетиме уксус чачты деп ойлошуптур. Жан сакчым, милиция кызматкерлери тигил кишини кармап кетишти. «Эмнеге андай кылдың?» десем, «сен меникисиң, эч кимдики болбойсуң» деп жатпайбы. Атактуулуктун чокусунда турганда «сени сүйөм» дегендер да, мага окшошкусу келген кыздар да көп болгон».

Жумабүбү Жетигенова, эжеси: «АЛИНАНЫ САБАП ЫРДАТЧУМУН»
- Алмакан менин агамдын кызы. 10 айлыгында менин ата-энем, анын чоң атасы менен чоң энеси багып алган. Сиңдим кичинекейинде мотурайган, арык, чимкириги аккан кыз болчу. Башында бир да тал чачы жок эле. Мен элден «чачты кыра берсе жакшы өсөт» деп угуп калгам, башына самындан сүйкөп туруп чачын кырып салчумун. Бир жума өткөн соң чачы өсө баштайт, дагы кырам. Азыр ойлосом, Алмакан жоош экен да, унчукпай, ыйлабай эле мен эмне кылсам ошого моюн сунуп жүрө берчү. Апам «өлүгүңдү гана көрөйүн, мунун башын тилип таштайт экен» деп мени сабайт, ага деле болбойм.
Бир күнү айылга сүрөтчү келип калыптыр. Алмаканды сүрөткө тарттырайын десем чачы кыска. Чоң бантикти алып келдим да, анын бирин-серин чачын бакыртып-өкүртүп тиштеп туруп бантикти байлап сүрөткө түшүрдүм. Көрсөң күлкүң келет, чачы жок да, башында барпайган бантик турат. Ал сүрөттү ата-энем көзү өткүчө төргө дубалга илип жүрүштү. Ошондо эле ырга шыктуу эле. Ал кезде мен студентмин, «Күмүш кылдар» деген ансамблде ырдачумун. Айылга барганымда 6 жаштагы Алинага суу кайнаткан кипятильникти микрофон кылып колуна карматып, анан ырдатчумун. Ырдап жатканда «бийле» дейм. Ал болсо көгөрүп туруп алчу. Анан көчүккө чаап-чаап койсом секирип бийлеп кирчү (күлүп).
Апам казак кызы да. Бир жолу Казакстандын Мерке айылына конокко барганыбызда «биздин кызыбызды да ырдатып көргүлөчү» деп сурандык. 2-класста окуп жаткан Алина тыпылдап чыгып алып орусча, англисче ырларды сонун кылып ырдап берди. Отургандардын баары ошондо «бул кыз чоңойсо ырчы болот» дешкен.
Атам Алмаканды аябай жакшы көргөндүктөн эрке өстү. Жумуштан келе жатканда эле «Алмакан» деп кыйкырат, бул болсо темтеңдеп чуркап жөнөйт. Анан үйгө чейин көтөрүп келчү. Ал адатын 4-5-класста окуганда гана классташтарынан уялганынан таштады. Кийин мен аны балдарыма каралашсын деп шаарга, жаныма алып келип, №5-гимназияга окуттум. 1 жыл окуп, каникулда «апамды сагынып жатам» деп айылга кетип, ошол боюнча келбей койду. Мектептен комуз ийримине катышып, ырдап жүрчү. Мектепти аяктаган соң бул жакка келип, чыгармачылыкка аралашты. Ушу чоңдорго бир аз таарынычым бар, булар артисттерге колдоо көрсөтүшпөйт. Москвага сынакка кетип жатканда өкмөттөн жардам болбой, туугандар күндөп-түндөп кийимин, жол киресин таап бергенбиз. Андан кийин Юрмалага барды. Сыналгыдан сиңдимдин ырдаганын көргөндө туугандары баарыбыз ыйлап, сыймыктанган элек.

Райхан Абдувалиева, курбусу: «КУРБУМА ДАЛЕ КҮЙӨРМАН ЖИГИТТЕРИ ТЕЛЕФОН ЧАЛЫШАТ»
- Алинаны мен кан досум деп коём. Экөөбүз 20 жылдан бери ынакпыз. Алина менен жүрсөң дайыма күлкүлүү окуяларга кабыла бересиң. Бир жолу Ош жакка гастролдоп барып калдык. Анан Алина туугандарына белек-бечкек алмакчы болуп жатканда «бул жакта кичине түшүңүз деп соодалашсаң түшөт» деп үйрөтүп жибергенбиз. Бир убакта «түшүрө албай койдум» деп мурчуюп келиптир. Көрсө, Алина барып бардыгын алып, акчасын төлөп болгон соң «кичине түшүп койбойсузбу» деген экен да (күлүп). «Биринчи түшүрүп алып, анан акчасын төлө да» десек «ий, эмкиден баштап ошентейинчи» деп коёт. Тойдон жакшы табат да. Ак көңүл, берешен, жаңы тапкан акчасын «ме сага, бул болсо сага» деп сурагандарга берип жок кылат. Акча кармаса эле колу кычышып кетеби, билбейм. Анан өздүк архивин такыр чогултпайт, сурагандарга берип коюп унутуп кала берет. Дисктерин, сүрөттөрүн мен чогултуп коём. «Ай, мага керекпи же сага керекпи?» десем «ий, досум, чогулта берчи, бир күнү алам да» деп коёт.
Алина популярдуу болуп турган чакта да жөнөкөйлүгүнөн тайган жок. Убагында аябай катуу чыгып, кыздарынын атын Алина деп койгондор көбөйгөн. Өткөндө Москвага концерт коюп барып калдык. Ошондо 4-5 кыз келип «менин атымды ата-энем сиздей болсун деп коюшуптур» дешти. Анан күйөрман жигиттери көп болчу, андайлар дале «сүйүп калдык» деп чалышат. Эсимде, бир жолу «Райхан, бирөө эле чалып жанды койбой жатат. Жолдошум бар десем да болбойт. Бир нерсе деп койчу, анын айынан жолдошум экөөбүз күндө урушуп жатабыз» дегенинен номерин алып укук коргоо тармагында иштеген айым болуп чалып койсом, ошондон кийин чалбай калды. Дагы кызыгы, мындан 3 жыл мурун «Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген артист» деген наамды алганда элдин баары кубанган. Ошондо Маданият министрлигинен телефон чалышып «сизге наам бергени жатабыз» деп сүйүнчүлөшсө Алина «эк, той бар экен десе» деген экен. Угуп алып баарыбыз күлдүк. Ушундай да, башкалар, керек болсо, андай наамды акчага деле сатып алып жатышпайбы.

Асылбек Рысалиев, мугалими: «БОЮ КЫСКА, КИЧИНЕКЕЙ КЫЗ БОЛЧУ»
- Өзүм филармониянын алдындагы эки жылдык студияны бүтүп, ошол жерде окуучуларга сабак берип жүргөм. Анан бою кичинекей, арыкчырай кыз окууга тапшырып калды. Ырдатып көрсөк үнү жакшы экен, бирок комиссияда отургандар «бою кичинекей экен» деп калышты. Комиссиянын мүчөсү болуп отургандар «Роза Рымбаеванын бою узунбу? Бул кыздын үнү бийик экен, бою өсөт, алыш керек» деп талашып-тартышышты. Ошентип Алина биздин студияга өтүп кеткен. Ал жаңыдан окуй баштаганда эле өзүнүн зиректигин көрсөтүп, сабактарга активдүү катыша баштады. Адегенде Ибрагим Жунусовдун, Сардарбек Жумалиевдин ырларын ырдап жүрдү. Кийин «Жетиген» деген ансамблде ырдап калды. Кыргызстандын бардык жерлерин кыдырып концерт койчубуз.
Алинага байланыштуу бир кызыктуу окуя айтып берейин. Бир жолу филармонияда концерт болуп, ал сахнада ырдап жаткан. Анан бир маалда бою узун бир жигит ага гүл берейин деп барды. Алинанын бою кичинекей да, тиги жигит аны өбөйүн деп жакшы эле аракет кылды, бирок өбө албай, ыңгайсыз абалда туруп калды.
Алина эки жылдык студиядан алган билими менен эле токтоп калды, эгерде андан ары консерваториядан билимин улантса, балким, мындан да жакшы ырчы чыкмак.

Канат Карамолдоев, (ред. Карамолдо Орозовдун небереси), сахналашы: «АТАКТУУ БОЛУУГА УМТУЛБАЙТ»
- 1986-1990-жылдары Алина «Ариет» тобунда ырдап калды. Мен ал топтун музыкалык жетекчиси элем. Ал учурда күнү-түнү иштеп, филармонияда түнөчүбүз. Алинанын биринчи күйөөсү Кубат Үмөталиев бас-гитарист эле, аны «топко кошолу» деп алып келиптир. А бизде Медер Токтогулов (ред. Токтогул Сатылгановдун небереси) деген өзүбүздүн бас-гитаристибиз бар болчу, ал тим эле эзет да. Аны көрүп Алинанын күйөөсү «буга теңелиш кайдан?» деди да, «мен анда үн режиссёруңар болуп берейин» деп бизге кошулду. Ошентип күчтүү музыканттар чогулуп 1986-жылы Ташкентте өткөн сынакта 1-орунду ээлеп, Москвага жолдомо алдык. 1987-жылы Москвадагы бүткүл союздук өлкөлөрдүн сынагында 3-орунду алганбыз. Ал сынакта Алла Пугачёва калыстар тобунун төрайымы болгон. Андан соң Маданият министрлиги бизди көп өлкөлөргө гастролго жөнөттү.
Алина токтоо, жөнөкөй, анан тырышчаак. Ал кезде фонограмма жок, жандуу үн менен ырдайбыз. Алина толтура ырларды ырдайт, алардын сөзүн жаттаганга убакыт керек да, сахнага бут алдына чоң кагаздарды жайып алып, анан акырын аларды карап алып ырдай берчү. Бир жолу Абхазияда гастролдоп жүргөнүбүздө Алина сахнада туруп бир ырдын сөздөрүн такыр башкача ырдап жатат. Биз болсо «мындай жери жок эле го» деп таң калып коёбуз. Ал болсо бизди карап күлүп коюп ырдай берди. Көрсө, сөздөрүн унутуп коюп оюна келгенин ырдап жатыптыр. Абхаздар кыргызча билишпейт да. Башка бирөө болсо эмне кыларын билбей оозун ачып туруп калмак.
Кээде убакытты өткөрүш үчүн карта ойночубуз, дайыма Алина утуп алчу. Ал эми ашканага киргенде көп тамак жебейт, топтогу балдар жанына отуруп алабыз. Себеби ал бир аз жеп, калганын бизге берип койчу. Бир күнү курсагы ачып келиптир. Биз ага чейин «Алина ансыз деле тамак жебейт да» деп анын тамагын жеп койгонбуз. «Менин тамагым кайда?» дейт, «сен жебейсиң да» десек «мен бүгүн ачкамын» деп коёт (күлүп). 1988-жылы Африканын Конгосуна барып калдык. Анан бассейнге түшмөкчү болуп барсак европалык, африкалык аялдар жарым жылаңач болуп жүрүшүптүр. Биз андайды көргөн эмеспиз да, балдар эсибиз ооп эле аларды карап калыптырбыз. Анда Алина бизге «Ай, эсиңер ообой түшпөйсүңөрбү!» дегенде баарыбыз күлгөнбүз. Ушундай күлкүлүү учурларды көп кармачу. Алинанын эң жакшы сапаты жөнөкөйлүгү. Атактуу болоюн деп умтулбай, өзүнүн чыгармачылыгы менен алектенип жүрө берет.

Касымбек Субанбеков, классташы: «АЛИНАГА АЙЫЛДЫН БААРЫ АШЫК БОЛЧУ»
- Алина экөөбүз Талас районунун Арал айылындагы мектепте чогуу окудук. Жакшы окуп, ийримдерге калбай катышчу. «Мен атактуу артист болом» деп класстын ичинде ары басып, бери басып ырдай берчү. Сулуу, таланттуу, жакшы окуган кызга ар бир эле жигит ашык болот эмеспи. Менин кол жазмам жакшы болгондуктан көп балдар мага келип Алинага кат жаздырып кетишчү. Мен болсо классташ катары сыйлап, талантын баалачумун. Балким, балалык сезим менен мен деле кат жазгым келип же сөз айткым келсе керек. Бирок классташ катары сый мамиледе болдук. Айылда чоңураак балдар кичирээктерин кубалап жиберишет эмеспи. Алинага келген чоң балдар бизди кубалап жиберишет, алар кеткиче талдын түбүндө жашынып отурган күндөр болгон. Классташым ошол кезде кандай болсо, дале ошондой. Атак-даңк аны өзгөртө алган жок.

«Бир концерттен Эржан мени көрүп жактырып калып, артымдан издеп келип таанышкан».

«Кичүү уулум Алтынбек жана неберелерим менен. Алтынбек чоң ата, чоң энесинин уулу. Алар кичинесинен бакканы менен, бизге да өтө жакын. Учурда Улуттук университетте 3-курста окуйт».

«Мени ээрчип кичинесинен сахнада чоңоюшкан уулум Азиз менен кызым Азел учурда үй-бүлөлүү».

Сүйүн Кулматова
Асхат Субанбеков
Жибек Мурсакматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алина Жетигенова: "Он жыл жан сакчы менен жүргөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
mulatka.94
2014-10-13 10:18:20
Жакшы маек болуптур аяябай,оркунунуз осо берсин.
0
Deniza88
2014-10-13 11:07:06
Эч жага бербейт ушу ырчы.
0
Uulkan2288
2014-10-13 12:33:11
Алина эженин ырлары менен чоңойдук го.Ошол ырларды сагынам.
0
MARINA78
2014-10-13 12:44:44
Алина эже мен сыйлаган ырчы ден соолугнуз бекем омурунуз узун болсун
0
nur16
2014-10-13 12:50:16
50 жашта жаш корунот экен
+2
benjamin.31
2014-10-14 00:48:47
Сейчас она выглядит намного лучше,чем в молодости
0
Feijipiao
2014-10-14 11:54:41
Синдимдин атында ушул Алина эженин атынан Алина коюлган экен.
0
mikinookat
2014-10-14 13:09:22
ejeke,
ekoobuzdun tuulgan kunubuz 1 kundo(6-november)
0
ekaterina
2014-10-14 23:40:43
Kyzy aiyldyktardai eken
0
emilbek1
2014-10-15 04:43:59
Даа жакшы ырдайт. Мен 1999-жылы Оштун азем тундору фестивалында 1-ирет жанынан коргонмун. Айылга барып оло мактанганмын :D
0
MARINA78
2014-10-15 20:17:57
Алина эже бир убактарда жарк деп жылдыз болду эле ошол ырлар менен биздин жаштыгыбыз отту кайрадан Алина ошондогудай болуп хит болуп биз да ошол кундорго кайтып калсак кана убагында баркын билбейт экенсин
0
sky_t
2014-10-20 14:46:49
Сонун маек болуптур. Алина эжени жактырам, абдан жагат мага да. Бактылуу болунуз!
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан