Сүймөнкул Чокморовдун жубайы Нуржан Кожомкулова: «СҮЙМӨНКУЛ БАЛДАРЫН КҮҮ МЕНЕН ТАРБИЯЛАЧУ»

Элесине гүлдесте

Эл жүрөгүнөн орун алган Сүймөнкул ага тирүү болгондо, 9-ноябрь күнү 70 жашка толмок. Бүгүн легендарлуу агабыздын инсандык тагдырынын дагы бир барагы ачылмакчы. Агай менен 18 жыл чогуу жашап, ага өмүрүн арнаган Нуржан эже жолдошу тууралуу кеп кылып берди.

– Эже, Сүймөнкул аганын мүнөзү тууралуу айтып өтсөңүз...
– Сүймөнкул жумшак, токтоо адам болчу. Бирок ошол жумшактыктын ары жагында адамды бир көз караш менен багындыра турган күч бар эле. Балдарын аябай жакшы көрчү. Үйдө болгонунда комуз, домбрасы менен балдарына Токтогулдун, Атайдын күүлөрүн чертип берчү.
– Сиздердин сүйүүңөр тууралуу көп айтышат. Кантип таанышып калгансыңар?
– Бир күнү көчөдө бара жатсам, тааныбаган жигиттер кармап алып, коё бербей убара кылышты. Акыры, ыйлап жибердим. Ошол учурда кара тору, бою узун бир адам келип балдарды тыйып калды. Мен анын Сүймөнкул экенин кайдан билем. Эмнегедир аны эргул балдардын башчысы экен деп ойлоп алыптырмын. Жүз аарчысы менен жашымды сүртүп, бир нерсе дегендей болду. Мен балдардан кутулганыма сүйүнүп, атын деле сурабаптырмын. Бир жылдан кийин мен окуган медициналык окуу жайдын жанынан экөөбүз кокусунан кезигип калдык. “Чоң кыз, мени тааныбай калдыңбы?” деп жылмая карады. Көрсө, окуу жайдын жанындагы ооруканада дарыланып жүрүптүр. Ушундан баштап экөөбүз кез-кезде көрүшүп калчу болдук.
– Мамилеңер качан сүйүүгө айланды?
– Экөөбүздүн ортобузда 14 жаш айырма бар эле. Сүймөнкул эмнегедир менин жаныман чыкпай, айланчыктап жүрүп алды. Атам болсо экөөбүздүн мамилебиздин четин угуп калганбы, мени Миң-Кушка алып кетти. Ошондо деле Сүймөнкул мага кат жаза берчү. Бир жолу келип, "мен искусстводо бактылуу адам болсом да, турмушумда бактылуу боло албай жүрөм. Үйлөнгөнүмө көп жыл болсо да, наристем жок” деди. Мен ага макул болуп, Баткенге барып баш кошмок болдук. Бирок атам караманча каршы болуп туруп алды. Ошондо эле чечкиндүүлүк кылып кетип калсам, экөөбүз баш кошуп, менин бетим ачылат беле, ким билсин? Ошондон бир жыл өткөндөн кийин Сүймөнкулдун балалуу болгонун уктум. «Ий, эми балалуу болуптур. Мени унутуп деле калса керек» деп жүргөм. Бирок тагдыр экөөбүздү кайрадан жолуктурду. Борбордо окуп жүргөнүмдө Сүймөнкулга кокусунан дагы жолугуп калдым. Бул жолу баш тарта албасыбызды билип, чогуу жашай баштадык.
– Демек, агай эки үй-бүлөсү менен жашаган экен да...
– Ооба, кыргызча нике кыйдырып жашап алдык. Алгач, уулум Эргул төрөлдү. Анан Азамат аттуу уулдуу болдук. Сүймөнкул эки уулун тең жакшы көрчү.
– Экинчи аял болуп жашоо оор болсо керек?
– Тагдырга баш ийбегенде кайда барат элек? Мен эч өкүнбөйм. Сүймөнкулдун арзуусуна татып, андан эки азаматтуу болуш – мен үчүн сыймык. Анын үй-бүлөсүн кыя албай кыйналып жүргөнүн көрүп, мен эч нерсе дей алган жокмун. Анан өзү да катуу ооруп, бирде Москвада, бирде бул жакта ооруканда көп жатып калды. Өзү ооруп жатса, ашык нерсени сүйлөп тынчын алгым келбей, "расмий түрдө никеге туралы" деп айта албадым. Аз өмүрүндө аны түйшүккө салып, жанын кейитпегеним, бир чети туура болгон экен.
– Сиздердин мамилеңиздер тууралуу Сүймөнкул аганын биринчи аялы Салима эже билчү беле?
– Салима эже Айтиев атындагы музейде, мен Тарых музейинде иш­те­чүбүз. Чогулуштарда, ар кандай кечелерде жолугушуп калчубуз. Жылуу учурашып, "уулдарың чоңоюп жатабы?" деп сурагандан ашыкча эч нерсе дечү эмес. Мен да башында билбейт деп жүрчүмүн. Көрсө, Салима эже баарын билип, акылдуулугунан унчукпай, билмексен болуп жүрүптүр. Чогуу иштегендер "экөөңөр бири-бириңерди билип туруп, кантип билмексен болуп жүрөсүңөр?" деп таң калышар эле. Бир жолу Сүймөнкулдун ишине барып, бөлмөсүнө жаңы эле кирип отурсам, эшик тыкылдап, Салима эже кирип келип калды. Экөөбүз бир саамга тиктеше калып, анан мен шашып эшикке чыгып кеттим. Бирок андан кийин деле мамилебиз бузулган жок.
– Кантип эле бири-бириңерге кызгануу сезими болбой койсун...
– Ичибизден сызып жүрдүк. Бир билгеним, Сүймөнкулду экөөбүз тең кыйнагыбыз келбесе керек. Ушул улуу адамды сактап, анын көңүлүн кайт кылбаганга экөөбүз тең ичибизден шерттешип алган окшойбуз. “Кет, балдарымды өзүм эле багып алам” деп ыйлаган күндөрүм да көп болгон. Бирок Сүймөнкул аягына чейин Салима эжеден да, менден да кол үзгөн жок. Мен эжени сыйлагандыктан, анын көзүнө чалдыкпаганга аракет кылчумун. Сүймөнкул ооруканада жатканда да мага телефон чалып, “муздак максым алып келчи” деп калар эле. Мен максымымды көтөрүп алып акырын шыкаалап, жанында Сабира эже жок болсо гана кирчүмүн.
– Ооруп жатканда жанында боло алдыңызбы?
– Акыркы жолу ооруканадан көр­дүм. Кийин уксам, акыркы күндөрү бир кат жазып, мээрман айымга берген экен. Ал кат мага жетпей калды. Сүймөнкул өлгөндөн кийин гана Салима эже экөөбүздүн бетибиз ачылды. Кабар келип, сөөктү узатууга барганда экөөбүз кучакташып алып, солкулдап ыйладык. Экөөбүздүн арабызды бөлүп келген дубал ошондо урады. Ошондогу анын "ыйлаба, Нуржан. Менин уулум бар, сенин да балдарың бар. Сооронорубуз эми ошолор болот " дегени азыр да эсимде.
– Эми артында калган балдары тууралуу кеп салып берсеңиз...
– Сүймөнкулдун үч уулу бар экенин элдин көбү эле билет. Тирүү кезинде деле ал жашырган эмес. Тун уулум Эргул политолог. Азамат болсо атасынын кесибин аркаласам деген ою бар. Жакында эле бир тасмага тартылды. Ал эми тун улуу уулу Бактыгул менен му­рун катташып жүрчүбүз. Кийинчерээк негедир сыртын салып жүрөт. Эми ортобузда талаша турган нерсе жок болгондон кийин жакшы мамиледе эле болсок дейм. Буга атасы Сүймөнкулдун деле арбагы ыраазы болмок .
– Маегиңизге чоң рахмат.
“Аялдын жүрөгү – океан” дешет. Сүймөнкулдай залкар адамга өмү­рүн кошкон, тагдырын байлаган эки аялдын кең жүрөгүнө, өчпөс сү­йүүсүнө таң калдым. Кандай болсо да артында калган балда­ры анын атын өчүрбөйт деп ишенебиз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан