«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

ИБРАГИМ ХАТИЖЕНИ ЭМЕС, ХҮРРЕМДИ СҮЙГӨНБҮ?
Сулейман султан муун оорусунан кайтыш болуп, жүрөгү Мохачка көмүлгөнүн билчү белеңиз? Падышанын муз аралаш сууга чөгүүсү кантип тартылган? Халит Эргенч Ибрагим пашанын өлүмү тууралуу эмне дейт?

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
119-121-сериялар:

ХҮРРЕМ ТАККА СЕЛИМДИ ТАНДАЙТ
Султандын согушта жүргөн учурунан пайдаланып, Мустафанын колдоочулары Хүрремдин көзүн тазалоону чечишет. Бирок Хүррем тирүү калып, коштоочусу Афифе хатун кайтыш болот.
Бул аралыкта Персияда жүргөн Сулеймандын оорусу күчөйт. Стамбулга кайтып келген соң төшөккө жатып калат. Калк арасында «султан өлүп калыптыр» деген кеп желдей тарайт. Сулейман «Мустафам кана?» деп жөөлүй бергендиги үчүн улуу ханзааданын борборго келиши коркунуч жаратарына карабай Хүррем Мустафаны чакыртат. Жөө аскерлер, деңиз флоту, пашалар «Мустафа бүгүн же эртең падыша болот» деп даярдык көрүп башташат.
Ошол эле тапта улуу вазир Рүстем паша Баязидди такка алып келүү аракетине киришет. Адегенде Стамбулга келе жаткан Мустафага кол салуу уюштурат, бирок башкы мураскер аман калат. Экинчиден, көтөрүлүшкө чыгайын деп жаткан аскерлерди тынчтандыруу үчүн Селимди корпуска жөнөтөт. Мустафа жетишип калбаса, Селим аскерлердин курчоосунан тирүү чыкмак эмес. Уулун аман алып калгандыгы үчүн Хүррем Мустафага ыраазычылык айтып: «Сен Махидеврандын эмес, менин уулум болгонуңда баары таптакыр башкача болмок»,- дейт.
Султан айыгып, бутуна турат. Төшөктө жатканда кандай окуялар болуп өткөнүн угуп, сарбаздардын кол башчысынын башын Мустафанын кылычы менен алат. Так күрөшүнүн тараза ташы Селимге ооп, Хүррем да Баязидди эмес, чоң уулун колдоону чечет.
Султандын дартынан кийин Михримах Мустафаны душман көрүп баштайт. Ханбийке Хүррем менен Рүстемге жардам берерин айтып, Мустафага таандык болгон мөөрдүн көчүрмөсүн уурдап келет. Андан ары Осмон империясынын душманы болгон Ирандын шахы Тахмаспка Мустафанын атынан кат жазылат. Анда «Акым болгон такты алуу жана атамды бийлигинен четтетүү ниетиндемин. Сиздин көмөгүңүз менен бул ишти жүзөгө ашырам деп ишенем» деген сөздөр болот.

СУЛТАНДЫН СӨӨГҮ ЭКИ АЙДАН КИЙИН ЖЕРГЕ БЕРИЛГЕН
«Даңазалуу Сулейман» тарыхый биографиясынын автору Гарольд Лэмб минтип жазып калтырган: «Сулейман султан узун бойлуу, чап жаак, куш мурун жана өңү кубарыңкы болгон. Ага акыркы он үчүнчү жүрүшүнүн жеңишин көрүү буюрбаптыр. Узак сапар азабынанбы, карылыкпы же көп жылдар бою кыйнаган дартынанбы,
о дүйнөгө узап кете берди. Бул суук кабардын айынан армиянын деми суубасын деп, улуу вазир султандын өлүмүн 54 күн бою жашырган. Падышанын сөөгү бальзамдалып, согуш жеңиш багындырылганга чейин улантылды».
Сулейман султан соңку жүрүшүн Венгрияга каршы жарыялап, ошондо 72 жашка келип калган падыша атка мине албай, согушка Стамбул шаарынан чүмбөттөлгөн замбил менен чыккан. Ал муун оорусунан (подагра) катуу жапа чегип, элчилер менен жолугушууда кубарыңкы өңүнө эндик сыйпата турган. Дарт буттарын шишик каптоо менен коштолгон.
Падышанын жүрөгү эң чоң жеңиши орун алган Мохачтын топурагына жашырылган делет. Сөөгү Стамбулдагы Сулеймание мечитине коюлган. Ал тууралуу кызык окуя бар. Ошол мезгилдин эң чоң мечитинин курулушун баштаткан Сулейманга душманы Персиянын шахы «бул курулушка пулуң жетпейт» дегендей кылып, баалуу таштар салынган кутуча жөнөтөт. Осмон падышасы болсо кадимки таштарга баалуу таштарды кошуп, мечиттин дубалын тургузууну буюрат.

ӨЗГӨЧӨ ЭПИЗОДДОР
«Даңазалуу кылымда» Сулейман султандын оорудан дене табы көтөрүлүп, ажалдан куткарып калуу үчүн муз аралаш сууга жаткырылганы көрсөтүлөт. Сериалдын 4-сезонун тарткан режиссёр Мерт Байкал: «Бассейнде чөгүп бара жаткан кадрларды тартууда Халит Эргенчтин аквалангсыз машыгуусу жардам берди. Муз аралаш сууга жатып берүүгө келгенде актёр чоң курмандыкка барды»,- дейт.
Экинчи эпизодго келсек, Хүрремге кол салуу уюштурулуп, ал жолдо бара жатканда үстүнөн таштар кулайт. Актриса Вахиде Перчин бул тууралуу: «Ошол эпизодду ойноого дублёрлорду чакырышкан экен, бирок биз ишке аябай берилип кетип, өзүбүз эле аягына чейин тартылдык. Таштар кулап, жерге сулап жатып калдык. Таштар пенопласттан жасалыптыр, ошол деле оор тийди»,- дейт.
Сериалда Сулеймандын Мустафанын кылычы менен аскерлердин кол башчысынын башын алганы да эсте калган эпизоддордон. Режиссёр Мерт Байкал: «Экрандан кандын көп акканын көрсөтө албайбыз, буга тыюу салынган. Мындай чектөө креативдүү ой жүгүртүүгө түрттү. Биз башы алына турган кол башчы тараптан туруп тарттык. Сулейман кылыч менен чапканда курман болчу адамдын ордунда камера кулайт. Эпизод күткөнүбүздөй жакшы чыкты»,- дейт.

СҮЙҮҮ МЕНЕН ЖЕК КӨРҮҮНҮН АРАЛЫГЫ БИР КАДАМ
Төртүнчү сезонго Ибрагим пашанын монологдору өзгөчөлүк кошуп, ал Окан Ялабыктын, андан кийин Мерьем Узерлинин долбоордон кетишинин айынан сериалдын рейтинги түшүп кеткендиги үчүн колдонулган. Ибрагим менен Хүрремди бекеринен сөз кылып калган жерибиз жок. Осмон империясынын тарыхына арналган чыгармалардын автору, окумуштуу-тарыхчы Явуз Бахадыроглу: «Ибрагимдин Хүрремди жек көрүүсүнүн себеби анын жоопсуз сүйүүсүндө болгон. Чоң сүйүүдөн гана чоң жек көрүү жаралат. Дал ушул жагдай да Сулеймандын сабырына чекит койгон. Айтымдарга караганда, Хүррем Сулейманды гана сүйгөн. Ибрагим жапалдаш бойлуу, өңү да жигиттин гүлү дей тургандай болгон эмес. Ибрагим Хүрремден өч алуу максатында Хатижеге үйлөнгөн. Ушундай версиянын бардыгын башка тарыхчылар да айтып келишет»,- деп айткан семинарларынын биринде.
Ибрагимдин ролун жараткан 1978-жылкы Окан Ялабык мектеп партасынан тартып актёр болуудан башка кыялы болбогонун айтат. Карьерасын 1998-жылы театр сахнасынан баштаган. Анимациялык фильмдерге үн кошуп, «Кунг-фу панданын» биринчи жана экинчи сезонунда башкы каарман Пого айланган. Ибрагимдин ролу үчүн актёр үч ай ичинде атка минүүнү, кылыч менен чабышууну жана скрипкада ойноону үйрөнгөн. 5 тилде эркин сүйлөгөн пашанын аткаруучусу италия жана грек тилинен сабак алган. «Даңазалуу кылымга» тартылгандан бери бир да долбоор боюнча макулдугун бербей, эс алууда жүргөн кези.
Халит Эргенч Окан Ялабык менен тартылган акыркы эпизод тууралуу: «Балкондо Ибрагимдин Сулейманга акыркы жолу скрипка ойноп бергени бар, сценарийде жазылбаса да, Окандын көзүнө жаш алганын көрдүм. Тартылып бүткөн соң баарыбыз үн-сөздөн калгандай отурдук. Анан эле мен ыйлай баштадым, Окан да ыйлай баштады, көп өтпөй эшикте жамгыр төгүп кирди. Кийин кадимкидей стресс болуп жүрдүм, бул эпизод эсимден эч кетпесе керек»,- дейт.

(Уландысы кийинки санда)

Тарыхчылардын айтымында, Ибрагимдин Хүрремди жек көрүүсүнүн себеби анын жоопсуз сүйүүсүндө болгон.

 Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Paiaz
2014-10-13 18:26:59
бул кино укмуууш сооонун
0
mulatka.94
2014-10-13 18:30:44
Азыркы телевизордо болуп жатканы канчанчы сезон?
0
Samandar
2014-10-14 09:38:51
Бирок мустафанын олгону окунучтуу,
0
bossmos7
2014-10-17 00:45:45
Samandar, Мындай мыкты уул кем торолот.!!! Ушул нерсе абдан окунучтуу. Бийлик адашуу деген ушу.
0
nazka8485
2014-10-15 18:08:04
ушул сериалды коруп ошол маалдарды элестете берем
0
nazka8485
2014-10-15 18:10:46
дуйнону дунгуроткон Осмон империясы
0
bossmos7
2014-10-17 00:46:35
Ушул суйуу болушу мумкун!!!
0
rus.sayk
2014-10-17 18:05:11
Кино абдан жакшы тартылган, бирок даназалуу Осмон империясынын даназалуу аскерлерин коп тартпай каяктагы гаремдин катын ушактарына басым жасаганы одоно корунот. кадимкидей сериалды коргондо чарчап кетесин.
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан