34 КИШИНИН ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПКЕР ДАРЫНЫН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Жакында укук коргоо органдары Чүй облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 бейтап колдонуу мөөнөтү бүтүп калган дарыдан улам каза тапкан деген фактынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Жарым жан бейтаптарды колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен дары менен уулап жатканы чындыкпы же бул жерде кандайдыр бир тараптардын көздөгөн кызыкчылыктары барбы иликтеп көрдүк.

КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ БҮТКӨН ДАРЫНЫ 3 АЙ БОЮ КУЮП КЕЛИШКЕН
2013-жылдын 25-майында Чүй облустук ооруканасынын Жасалма бөйрөк бөлүмүндө жаткан бир нече бейтап тиешелүү жактарга арыз жазышкан. Алардын айтымында, аталган жылдын февраль айынан тарта Чүй облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмү репретин (бөйрөк иштебей калганда бейтаптын абалын убактылуу турукташтырып туруучу
инъекциялык каражат)
дарысынын жарамдуу мөөнөтү бүткөн партиясын бейтаптарга сайып келген. Бейтаптар репретин каражатынын колдонуу мөөнөтү февраль айында эле аяктаганын кутучасынан 2013-жылдын май айында көрүшкөн.
Ошол эле жылдын 13-августунда иликтөөлөрдөн соң аталган иш боюнча кылмыш ишин козгоо негизсиз деген чечим чыккан. Аталган факт боюнча үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси (медицина кызматкеринин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда бул боюнча Свердлов РИИБи тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

«КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ ТАКТАЛУУДА»
ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ окуя боюнча буларга токтолду:
– Азыр жеке адамдын үстүнөн эмес, факт боюнча кылмыш иши козголду. Арыздануучулар «каза болгондордун саны 34кө жеткен, ал тургай мындан дагы көп болушу мүмкүн» деп айтып жатышат. Соттук-медициналык экспертиза Чүй облустук ооруканасында болжол менен 20 бейтап каза тапкан дешүүдө. 34 адамдын баары тең ошол мөөнөтү бүткөн дарыны алуудан көз жумдубу же башка себептен каза болгонбу, бул тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет.

ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАН УЛАМ КЕЛИП ЧЫККАН ЧУУ ЭМЕСПИ?
Бир жарым жылдан бери ушул мөөнөтү бүткөн дары үчүн коомчулукта жаралган талкуу соңуна чыкпай келет. Депутат Ширин Айтматова «репретин дарысын ташыган «Ротафарм» компаниясы өлкөнү сапатсыз жана терс таасир берүүчү дарылар менен камсыздап келе жатат» деген маалымат таратып, бир топ чуу жаралган эле. Бул аралыкта репретин дары-дармек рыногунан сүрүлүп чыгып, анын ордуна «Хоффманн-Ля Рош» компаниясынын рекормон дарысы активдүү кире баштайт. Кийин репретин дарысын ташыган «Ротафарм» компаниясынын айыптарын ачыктаган ынанымдуу далилдер депутат Ширин Айтматова тарабынан келтирилбегендиктен, компания аны сотко берип, соңунда депутат утулуп калган. Көп өтпөй эле аталган дарынын айынан кылмыш иши кайра козголуп отурат.
Ошол учурдагы министр Динара Сагинбаева Кыргызстанга дары ташыган компаниялар тууралуу «Ротафарм» компаниясынын министрликке сунуштаган шарттары жана баалары канааттандырат. Бул жерде эл аралык дары ташуучу ири компаниялардын ортосунда жаралган атаандаштык көрүнүп эле турат» дегени бар.

«РЕПРЕТИНДИ РЕКОРМОН МЕНЕН АЛМАШТЫРГАНБЫЗ»
34 адам каза тапты делген Чүй облустук ооруканасына барып, Жасалма бөйрөк бөлүмүнүн бөлүм башчысы БАКЫТ РАЙКАНОВго жана ал жакта дарыланып жаткан бейтаптарга жолуктук.
– Өлдү делинген 34 кишинин баары эле Чүй облустук ооруканасында каза тапкан жок. Биздин бөлүм уюшулган 4 жылдан бери 21 киши бөйрөктүн жетишсиздиги жана башка дарттардан көз жумган. Алардын архивдеги ооруларынын тарыхы жазылган китепчеси чогултулуп, атайын түзүлгөн комиссияга тапшырылган. Чуу жаралган учурда иштеген бөлүм башчы менен башкы дарыгер жумуштан бошотулган. Андан бери бул бөлүмдү мен жетектеп келе жатам. Бир жарым жылдан бери бейтаптарга жалаң эле рекормон дарысын колдонуп жатабыз.
Репретинди жаман же жакшы деп айта албайм, себеби аны колдонгон жокпуз. Рекормондун баасы алгач кымбат болчу. Бирок азыр репретин менен бирдей эле болуп калды.
Биз бир жылда 2 жолу дары-дармектерди колдонуу мөөнөтүнө жараша жаңыртып турабыз. Бөлүмүбүз анча чоң эмес. Күнүнө 4 смена менен кызматкерлерибиз тынбай иштеп келишет. Ал эми гемодиализ аппараттары 6 даана болчу, экөө бузулуп калган. Күнүгө 30 бейтапты 4 гемодиализ аппараты тейлеп жатат.

«ЖЫЛЫШ ДЕЛЕ БОЛГОН ЖОК»
Жумасына 3 маал гемодиализ аппаратына жатып, канын тазалатып турган 63 жаштагы бейтап БАЙЫШБЕК ДУБАШЕВ:
– Мен бөйрөк жетишсиздигинен улам дайым гемодиализге жатып канымды тазалатып турууга аргасызмын. Доктурлар «гемоглобиниңиздин нормасы төмөн, 85-86» дешет. Ал эми норма боюнча 100дөн ашып туруш керек экен. Буга чейин ушул эле ооруканада репретин алып жүрчүмүн, бир жылдан ашып калды, рекормон алып жатам. Экөөнүн таасири бирдей эле. Жаман болуп кеттим же ден соолугум жакшырып кетти деп айта албайм. Айырмасы деле жок экен.

«ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУДАН БАШКА АРГА ЖОК»
Сиңдиси дайым гемодиализ алууга муктаж МЭЭРИМ КУЛУМБАЕВА бөйрөк оорусунан жабыркаган адамдардын саны жылдан жылга өсүп жатканын байкаганын айтат:
– Сиңдим Асел Кулумбаева 2010-жылдан бери бөйрөк оорусунан жабыркап келет, төрөттөн кийин эле бул оору жабышты да калды. Жумасына 3 жолу гемодиализге жатып, рекормон дарысын үзгүлтүксүз алып турат.
Доктурлар чет өлкөгө алып барып, бөйрөк алмаштыруудан башка айла жок экенин айтышты. Азыр ак кан, бөйрөктүн иштебей калышы менен жабыркагандардын кезеги ушунчалык узун түзүлөт.

Ар башка ооруканадагы бейтаптардын бир нечеси менен жолугуп, алардын көздөгөн жалгыз максаты эптеп оорудан айыгуу экенин байкадык. Ансыз деле ажал менен алышкан оорулууларга рекормонбу, репретинби же дагы башка аталыштагы дарыбы, баары бирдей туюлат. Эгер тиешелүү тараптар жеке маселелерди эмес, жалпы бейтаптардын өлүмүн негизги көйгөй катары карап чара көрсө, балким, өмүрлөрү бир аз узак болот беле деген ойго келесиң.

ДАРЫЛАРДЫН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
Репретин дарысы Кыргызстандагы ооруканалардын гемодиализге муктаж бейтаптарына мамлекеттин эсебинен берилет. Демек, бюджеттен Жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө деген каражат түздөн-түз компанияга келип түшөт. Маселе, балким, ушул жерде болуп жүрбөсүн? Ким эле мамлекеттин казынасынан туруктуу каражатты капчыгына куюуга озунбасын?
Репретин Кыргызстандын медицина тармагында 2009-жылдан бери колдонулуп келет. Былтыркыга чейин бул дарыга бейтаптар тарабынан терс таасир берип жаткандыгы тууралуу даттануулар түшкөн эмес. Баасы 450-500 сомдун тегерегинде.
Мындан 1 жарым жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова да негедир ушул чырга аралашканы маалым. Депутат дары-дармек рыногуна репретиндин ордуна рекормон дарысын киргизүүнү сунуштаган. Аталган препарат дагы репретин сыяктуу таасир берет. Анын орточо баасы 950-980 сом турат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
34 кишинин өлүмүнө себепкер дарынын чыры эмнеде?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ainura_kg85
2014-10-13 19:20:54
Бул жерде адамдын омуру жонундо болуп жатканда чонтокторун ойлобой эле коюшса болмок.
0
Kypkyrgyzz
2014-10-14 10:39:00
бизге баары просрочка болуп каалган даарылар келет сыртына жаңы датанын коропкасын кийгизип алып сата
беришет
0
temirov76
2014-10-14 11:43:34
Жасалма бойрок да болобу,аны менен да кадимкидей жашай береби?
0
Aizhamal92
2015-07-15 20:13:45
Акыркы жылдары бойрогу менен ооруган адамдар кобойду , себеби эмнеде? Кантип сактануу керек? Ушул тууралуу маалымат берсениздер.
0
admin_media
2015-07-16 11:50:53
Aizhamal92, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан