«Менин да дайрам бир күн, сүйүүдөн толкуп-ташат...» деген ыр саптарын угуп калдыңыз беле? Аталган ырды Жийдеш менен Нарист аткарып жүрөт. Ырчы кыз Жийдеш ошол бойдон көрүнбөй тар чөйрөдө, тойлордо, кабактарда ырдап калган. Эми чоң сахнага чыгып, ырчылык өнөрүмдү калайык калкка тартуулайм деп турган чагы.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 19-январь
Туулган жери – Нарын шаары
Салмагы – 55 кг
Бою – 158 см
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси
Билими – Орто
– Куш келипсиз, Жийдеш. Жаңы чыккан клибиңизди көрүп чыгармачылыгыңыздын жанданганын байкадык. Сизде үн, келбет, талант бар, чоң сахнага чыгууга эмне үчүн мурунтан аракет кылган жоксуз?
– Рахмат. Анткени ал убакта өзүмө жаккан нерсени эле жасап жүрдүм. Жылдыз болууну каалаган эмесмин, ошол кезде популярдуулук анча маанилүү эместей туюлчу. «Артек» деген музыкалык топто 6 жылдан ашык иштедим. Ал жакта 1980-90-жылдардагы дүйнөлүк хит ырларды жаңыдан аранжировкалап, заманбап стилде ырдачубуз. Чыгармачылыктын аркасынан Казакстан, Орусияга чейин гастролдоп, тойлорго барып жүрдүк. Тар чөйрөдө ырдап жүргөндүктөн эл мени жакшы тааныбашы мүмкүн. Эми буга чейинки топтогон музыкалык тажрыйбам менен ырчылык карьерамды улантуу жеңил болот деп ойлойм.
– Биз сизди «Сделано в KG» деген музыкалык долбоордон көргөн элек...
– Ооба, ал долбоорго 2001-2002-жылдары катышып, финалисттердин катарына кошулгам. Ошол долбоордо Нурдин Төрөбеков деген музыкалык продюсерибиз бар болчу. Мен «сиз башка катышуучуларга салыштырмалуу мага аз көңүл бөлөсүз» деп таарынып Казакстанга кетип калгам. Азыр эстесем, жаштык кылыпмын. Кийин таарынычым жазылганда кайра Нурдин байкеден кечирим сурап почтасына кат жазгам. Учурда сый мамиледебиз.
– Ырчылык карьераңызды улантышыңызга эмне түрткү болду?
– Тар чөйрөгө эмес, чоң массага ырдагым келди. Апам «кызым качан чыгып калат?» деп эле сыналгыны, үналгыны, силердин гезитиңерди аңдып отурат (күлүп). Кошуналар да «кана сенин кызың, ырчы эле го, эмнеге көрбөйбүз?» деп сурашат экен. Тааныштарым да «качан чыгасың?» деп сурай бергендиктен ошолордун үмүтүн суутпай, апамды сүйүнтүп чыксам чыгайынчы дедим.
– «Азия Микс» командасы менен Масляковдун КВНинин Жогорку лигасында ырдап калдыңыз. Өзүңүз жашоодо юморго жакынсызбы?
– Юморго абдан жакынмын, дайыма шайыр жүргөнгөбү, баскан жерим күлкү. Анан да карьерамды улантышыма «Азия Микс» командасынын салымы зор десем болот. Жигиттердин баары колдоруна калем-кагаз алып, күнү-түнү уктабай тамаша ойлоп табышат экен. Жарытып тамак ичишкенин деле көргөн жокмун. Карап отуруп алардын эмгекчилдигине баа бердим. Аны менен катар өзүмө да моралдык дарылануу курсун алдым окшойт. Аларды көрүп «неге мен ушинтип иштебейм, неге жалкоомун, кечке эле уктай берем?» деп өзүмө капа болдум.
– Учурда көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө өтүп жаткан сынак, шоулорго катышып, чет элдиктердин мактоосуна татып жатышат. Мындай сынактарга катышуу максатыңыз барбы?
– Сынактарга катышуу максатым мурун болгон, тилекке каршы, азыр жок. Анткени ал курактан өтүп калдым. Акыркы жылдары мекендештерибиз белгилүү сынактарга катышып, көкүрөк кагып мактанчу патриоттук намысты ойготуп жатышат. Аяна Касымова, Айымжан Айылчиева, Атай Өмүрзаков, «Тумар КР», «We`ll be» топтору азаматтар! Бир жолу үйдө сыналгы көрүп отурсам орусиялык телеканалдан «Comedy Баттл» берүүсүнөн мекендешибиз Аким Карасаев чыгып калды. Калыстардын анын жана кыргыздардын дарегине айткан мактоосун угуп алып ушундай бир жыргап, сүйүнгөнүмдөн бөлмөмдүн ичин жаңырта кыйкырыпмын. Үйдөгүлөр «жинди болдуңбу?» деп жетип келип калышыптыр.
– Сиздей шайыр, тентек кызга бойдок кезде жигиттер сөз айтканга деле даап бара алышпаса керек?
– Cөз айтып, «кыз-жигит бололу» деген мырзалар такыр болгон жок. Эмнеге экенин да билем (күлүп). Анткени мырзаларга назик, кылыктанган кыздар жагат эмеспи. Мага кайдан сөз айтышсын, сахнада тентек козудай бийлеп, эркекке окшоп турсам. Бойдок кезде жигиттер өзүмө караганда талантыма көбүрөөк кызыгышчу.
– Концерттерде жандуу ырдаган менен студияда ырдагандын айырмасы чоң бекен?
– Студияда ырдаганда башында аябай кыйналдым. Концерттерде жандуу үн менен эркин ырдап көнүп калыптырмын. Ал эми студияда нота менен туура ырдаш керек экен. Үн жаздырып жатканда көпкө чейин өзүмдү-өзүм мажбурлап ырдап жаткандай эле болдум.
– Алгач сизди көргөндө корей улутундагы кыз болсо керек деп ойлочумун...
– Ооба, көпчүлүк корей кызы деп ойлошот. Мен кыргызча сүйлөгөндө таң калышканын сураба.
– Кыргызчаны кыйналып сүйлөгөндөй сезилип жатасыз...
– Орус тилдүү бала бакчада, мектепте окудум. Чөйрөмдөгүлөр да көбүнчө орус тилдүү болгонгобу, кыргыз тилинен начармын. Консерваторияда окуп жүргөндө агайым «акцент менен ырдаба, кыргызча сөздөрдүн баарын жутуп коюп жатасың» деген эскертүүлөрдү көп айтчу.
– Үйдө жолдошуңуздун тапканын дүкөндөрдү кыдырып короткон кожойкелерденсизби же үй-бүлөлүк бюджетти толтурганбы?
– Өзүм карапайым үй-бүлөдө өскөм. Апам мугалим болуп иштеп иним экөөбүздү жалгыз чоңойтту. Андыктан турмуштун ачуу-таттуусун көрүп өскөн кызмын. Дүкөндөрдү кыдырып, көзүм көргөндү эле сатып ала берген шопоголиктерден эмесмин. Күйөөм деле мен короткон акчаны эсептебейт. Эгер өтө кымбат баалуу буюм сатып алгым келсе, өзү эле барып сатып келип берип коёт.
– Кызыңыздын сүрөттөрүн такай социалдык түйүндөгү жеке баракчаңызга жүктөп турасыз. Баласаак окшойсуз?
– Ооба, анткени бала таттуу болот эмеспи. Кызымдын ар кылыгын көз жаздымда калтыргым келбейт. Кызым Севара 8 жашта, учурда 3-класста окуйт. Кыз киши болгонгобу, аябай боорукер.
Жакында эле бир окуя болду. Кызым мага чалып, «апа, бирдигиң барбы?» деп сураган. «Бар, бирок аз эле калды» десем, бир сааттан кийин болгон тыйындарын чогултуп мага 53 сом салып коюптур. Ким салды экен деп ойлонуп отурсам кызым «бирдик түштүбү?» деп чалып сурап жатпайбы. Ушул жоругуна өзгөчө сүйүндүм. Уюлдук оператордон келген СМС катты сүрөткө тартып эстеликке сактап койдум.
– 20-сентябрда өткөн «EMA Казакстан-2014» музыкалык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышып келипсиз...
– Ооба, бул салтанатка катышып келдик. Бул жылы уюштуруучулар бизди конок катары гана чакырышты. Кийинки жылы катышып, бир наамга илинели деген ой бар.
– Маегиңизге чоң рахмат, чыгармачылыгыңызга ийгилик!
Лунара Бекиева
star@super.kg
Сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды