Ош ШИИБи Сириядагы согушка 19 жаштагы кыргызстандык кыз катышып жүргөнүн маалымдады. Таратылган маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Зарбдар айылынын жаш тургуну, Ош мамлекеттик социалдык университетинин студенти Сирияда 2014-жылдын июль айынан бери жүрөт. Ал согуш болуп жаткан аймакка Түркия аркылуу өткөн. Бул кыздын ата-энесинин айтымында, кызы Сирияда болушу мүмкүн эмес, ал Түркияда эле жүрөт. «Биздин айылдан кыз башы менен Сирияга кеткен биринчи окуя орун алды. Буга чейин милиция кызматкерлери дагы 3-4 тургунубуздун ошол жактагы согушка кеткенин айтып жүрүшкөн»,- деди айыл башчысы Х.Төрөбаев.
Өткөн аптада Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИМдин башкы башкармалыгы Сириядагы согушка катышуу үчүн Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жөнөп кеткенин билдирген болчу. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүк аймактарынан болушат. Коркунучтуу цифрага улай УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев Сирияда согушуп жүргөн биздин жарандарга күн сайын 1 миң доллардан төлөнөрүн айткан эле. Тиешелүү чара көрүүнүн ордуна башкы чекист жалданма согушчандын акысын жарнамалап жатканы интернет айдыңында сынга алынды.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg