«Өкмөт энергетикадагы кризистик абалдан чыгуунун жолун элди жарык менен жылуулуктан чектебей туруп табышы керек». Мындай пикирин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 9-октябрда билдирди.
– Өкмөттүн пассивдүү позициясы, чиновниктердин жоопкерчилик алуудан качуусу энергетика тармагында жакшы такталып, терең ойлонулбаган чечимдердин чыгышына алып келди. Суунун тартыштыгынан быйыл электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү азайганын эл түшүнүп турат. Ошентсе да тиешелүү чиновниктердин кышка жетиштүү электр энергиясын үнөмдөө үчүн элди, өндүрүүчүлөрдү жарыксыз калтыруу чечимин терең жаңылыштык деп эсептейм,- деди президент.
Ажо өкмөткө электр энергиясын башка өлкөлөрдөн да сатып алуу тапшырмасын бергендигин айтат: «Ооба, ал бизде иштелип чыккан электр энергиясынан кымбат болору түшүнүктүү. Бирок Кыргызстандын басымдуу бөлүгү кышкы суукта жарыксыз, жылуулуксуз, телевизор жана башка ыңгай-шарты жок отургандан көрө кымбатыраак болсо да электр энергиясына төлөөнү туура көрүшөт деп ишенем. Өкмөт элге ачык айтууну үйрөнүшү керек. Эгер энергосистемдин коопсуз иштөөсү үчүн убактылуу жарыкты өчүрүүгө туура келсе, аны элге ачык айтуу зарыл. Кандай чектөөлөр болбосун, биринчи кезекте карапайым калктын кызыкчылыгы эске алынышы шарт. Эл ачык-айкын сүйлөшүүнү жактырат. Калк энергетика тармагындагы абалга чиновниктерден кем эмес тынчсызданып турган чагы».
Буга чейин Камила Талиева, Абдылда Суранчиевдер министрлик кызматтан кеткенде «эмнеге энергетика министри алмашылган жок, ириде ошону алмаштыруу керек» деген пикирлер өтө көп айтылып жаткан. Өлкө башчысы да ушундай ойду билдирди. «Осмонбек Артыкбаевди таза, чынчыл жетекчи деп санайм. Бирок бүгүнкү абалда Энергетика жана өнөр жай министрлигине бул тармакты мыкты билген менеджер керек деп эсептейм» деди Атамбаев.
Осмонбек Артыкбаев өз дарегине айтылган мындай сынды негиздүү деп эсептей турганын айтып, отставкага кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg