«Республика боюнча арзан көмүр түйүндөрү ачылды» деп өкмөт элди соороткону менен, абал аймактарда таптакыр башкача экени көрүнүп турат. Буга мисал катары эл өкүлү Бакыт Төрөбаевдин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Нарын облусу көмүр менен 95 пайыз камсыз болду» деген бийликтин маалыматын жокко чыгарганын айта кетсек болот. Анткени акыркы иликтөөлөр боюнча тоолуу Нарындын кышка карата даярдыгы мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл белгиленген даярдыктын жарымына да жеткен эмес.
Депутат Нарын облусунун ар бир район, айылына чейин иликтөө жүргүзүп, абал өкүнүчтүү экендигин эскертип, өкмөттү эсине келүүгө чакырды. Ошондой эле кышында электр жарыгы жок болгону аз келгенсип көмүр жетишсиз болсо, анда элдин саламаттыгына ким жооп берет, кокус кимдир бирөө сууктан көз жумуп калса, анын жоопкерчилиги кимде деген маселени эл депутаты ортого салды.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg