Чүйдүн Москва районуна караштуу Ак-Башат айылынын тургундары таза суунун жоктугунан кыйналып келишет. Суу түтүктөрү 40 жылдан бери алмашылбай, кароосуз калып, чирип кеткен. Айылдын жашоочулары өкмөттөн үмүтүн үзүп, таза суу чыгаруу үчүн өз алдынча каражат топтоого киришкен. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев да жалпы иште жардамга келип, таза сууга кете турган жалпы чыгымдын 70 пайызын сөз менен эмес, акчалай элдин колуна карматты. Ошол күнү сыртта жаан нөшөрлөп куюп турганына карабай элди аралап жүргөн эл өкүлүн көрүп элеттиктердин жүрөгү жылыды, кубанычтарында чек жок.
Карапайым элге эмне керек? Чоң болбосо да зарыл болгон суу, нан, анан үйүндө казаны кайнап турса жетиштүү.