«Ата Журт» жана «Республика» партияларынын биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөр октябрда аяктайт. Парламенттеги «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров: «Эки партиянын биригүүсүнүн башкы себеби – бул «Ата Журт» түштүктүк партия, «Республика» түндүктүк партия. Биз элди бириктирүүнү каалайбыз»,-дейт.
Азырынча тандем кандай аталары белгисиз. Эки партиянын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановду учурдагы кырдаалда бир казанда кайноого алар кабылып турган оор кырдаал мажбурлап жатканы белгилүү. Анткени 2010-жылдагы шайлоодо парламентке келген бул эки партиянын катары 4 жыл ичинде бир топ суюлду, көрүнүктүү депутаттары өзүнчө топторго бөлүнүп, айрымдары өз алдынча партия курап, дагы бир тобу соттолуп, мандатынан ажырап, мурдагы салмагын жоготушту. «Саясатта достор болбойт, бир гана кызыкчылыктар болот» дейт. Бул эки амбициялуу лидердин талаш-тартыштары, атүгүл Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда Камчыбек Ташиев «премьер келгени күрддөрдүн артынан жүрө баштадык» деп чыгып, анын таза кыргыз эместигине кине койгону элдин эсинен кете элек.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg