СДПК ФРАКЦИЯСЫ ЛИДЕР АЛМАШТЫРДЫ

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясы 11-ноябрда жыйын куруп, фракциянын жаңы жетекчисин шайлашты.

Жыйында бир добуштан депутат Роза Отунбаева ЖКнын СДПК фракциясынын жаңы жетекчиси болуп шайланды. Буга чейин фракцияны жетектеп келген Бакытбек Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин АКШга кеткен бойдон кайра келе элек.


ЖКнын СДПК ФРАКЦИЯСЫ ЭЧ БИР КОМИТЕТТИ БАШКАРБАЙТ
Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы отурумунда парламенттин жаңыдан түзүлгөн комитеттерине төрагалар жана орун басарлар шайланды. Төрагалардын басымдуу бөлүгү “Ак жол” фракциясынан шайлангандыктан, СДПК фракциясы жыйын залынан чыгып кетти.

Отурумда Жогорку Кеңеш-тин 12 комитети 9 комитетке чейин кыскартылды. Ошентип, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагалыгына “Ак жолчу” Зайнидин Курманов, Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагалыгына “Ак жолчу” Аскарбек Шадиев, Экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетке “Ак жолчу” Абдиреим Кулбаев, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине “Ак жолчу” Мария Исанова, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетке “Ак жолчу” Рашид Тагаев, Агрардык саясат, аймактык өнүгүү жана экология боюнча комитетке “Ак жолчу” Аскарбек Салымбеков, Билим берүү, илим жана дене тарбия боюнча комитетке “Ак жолчу” Лейла Сыдыкова, Этика жана регламент боюнча комитетке “Ак жолчу” Шарипа Садыбакасова шайланышты. Ал эми “Коммунисттер” фракциясынан жалгыз Бүмайрам Мамасеитова Социалдык саясат боюнча комитетке төрага болуп дайындалышты. Ошондой эле жыйында парламенттин аппаратынан 200 кызматкердин бошотулушунан парламент 36 миллион сом үнөмдөөрү айтылды.


НАРЫНГА ЖАҢЫ ГУБЕРНАТОР
Президенттин жарлыгы менен Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев кызматынан бошотулду.

Өмүрбек Суваналиевдин ордуна Нарынга губернатор болуп Тынчтыкбек Чекиев дайындалды. Маалыматка караганда, Өмүрбек Суваналиев­ губернаторлуктан бошотуу өтүнүчү менен өзү арыз жазган. “Эми “Комиссар Катанинин” тагдыры кандай болот, кайсы кызматка барат?” деген өңдүү соболдорго азырынча жооп жок.


МУФТИЙ АКЧА ЖЕГЕНБИ?
Мусулман дин ишмерлеринин демилгелүү тобу муфтий Мураталы Жумановду “акча жеп-ичти” деп айыптап, аны кызматтан алуу өтүнүчү менен мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту.

Топтун мүчөсү М.Сура-новдун маалыматына караганда, Ош шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна бөлүнгөн 1 миллион 9,5 миң сом акчанын 331,5 миң сому кайда кеткени белгисиз. Ошондой эле аталган топ “орозо айында битир-садага үчүн берилген акчанын бир бөлүгү да муфтияттын сол чөнтөгүнө түшкөн” деп кошумчалоодо. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев аталган окуя боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.


ЕЛИСЕЕВ МЫРЗА КАНЧА ТИЗГИНДИ КАРМАЙТ?
Кыргыз жарандары жумушсуздуктун айынан эл-жерин таштап, чет өлкөлөрдө оор жумуштарды жасап нан таап жүрсө, биздин айрым жарандар 2-3 кызматта иштеп, бюджеттен айлык алат.

Башка иштерден колум бошобой жаткандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн бошотуу тууралуу арыз жаздым”,- деп билдирди Алексей Елисеев. Президент башкаруу реформасын жарыялаганга чейин Алексей мырза Өнүктүрүү фондунун төрагасы жана БШКнын мүчөсү кызматын аркалап, эки жерден маяна алып жашап келген. Мындайда “аталган эки кызматтын бирин аткарганга татыктуу кыргызстандык жаран жок беле?” деген суроо туулбай койбойт.
Белгилей кетсек, А.Елисеев өткөн аптада Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.


МАРШРУТКА АЙДООЧУЛАРГА ЧЫЛЫМ ЧЕГҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ
Декабрдан баштап Бишкектеги кичи автобустардын айдоочуларына иш маалында тамеки чегүүгө тыюу салынмакчы.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, мындай иш-аракеттер коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынгандан улам көрүлүп жатат. Ошондой эле маршруттук кичи автобустардын ичинин тазалыгына да талаптар коюла баштайт. Учурда Бишкекте эл ташыган кичи автобустардын саны 2 миңге жакын.


АЙРЫМ ЖОЖдордо ОКУУ АКЫСЫ 20 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛДҮ
Өткөн аптада ОшМУдагы студенттердин митингин иликтөөгө алган депутаттык комиссия “айрым жогорку окуу жайларында келишим акынын көтөрүлүшү тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес” деп тапты.

Бул маселе Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана дене тарбия боюнча комитетинде каралды. Комитет жогорку окуу жайларында студенттер үчүн келишим акыны көтөрбөө чечимине келип, Билим министрлигине бул маселени кайра карап чыгуу сунушун киргизди. Ал эми айрым университет, академиялардын жетекчилери келишим акынын баасынын көтөрүлүшүн инфляция менен түшүндүрүшүүдө.


ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ КАЙРАДАН КАБЫЛ АЛЫНАБЫ?
“ЖКдагы «Коммунисттер» фракциясы президент Курманбек Бакиевге кайрылып, референдум аркылуу өлүм жазасын киргизүү сунушун киргизет”,- деп билдирди аталган фракциянын мүчөсү Анаш Сейтказиев.

Анын айтымында, Башкаруу системасын реформалоодон кийин Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү зарылдыгы келип чыкты. “Ошондуктан Конституцияга өзгөртүүнү референдум аркылуу киргизип, мына ошол эле референдумда өлүм жазасын кайра киргизүүнү да элдин добушуна коюу сунушталышы керек. Анткени жабырлануучуларды кылмышкерди өмүр аягына чейин эркинен ажыратуу жазасы канааттандырбайт. Ошондой эле кылмышкердин өмүрүн сактап калуу менен бирге биз дагы көп оор кылмыштарга жол ачып берип жатабыз”, - дейт­ А.Сейтказиев.


ОРУСИЯДА ДАГЫ БИР КЫРГЫЗДЫ ӨЛТҮРҮП КЕТИШТИ
Москва облусундагы Раменское шаарынын чет жакасындагы токойдон 1969-жылы туулган кыргыз жараны Кубанычбек Тажибаевдин сөөгү табылды.

Ур-токмоктон каза тапкан маркумдун чөнтөгүнөн анын аты-жөнүн тастыктаган паспорту табылган. Орусияга иштегени кеткен баткендик Кубанычбек 1-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Учурда К.Тажибаевдин өлүмү боюнча шектүү деген эки орус жараны кармалып, кылмыш иши козголду.


КАРЫЗЫҢ БОЛСО ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫГАЛБАЙСЫҢ
“Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү ЖКнын “Ак жол” фракциясы колдоп берди.

“Ак жолчу” депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, акыркы мезгилде өлкөдө карызын кайтара албай калгандар боюнча соттошуу көбөйдү. Карызы бар адамдар соттун чечимине карабай, чет мамлекеттерге качып кетүүдө. “Мыйзамга толуктоолор киргизүү менен карызы барларды убактылуу өлкөдөн чыгарбай кармап тура алабыз”,- дейт депутат. Эми бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы.


ҮЙ-ЖАЙСЫЗ АДАМДАР ҮЧҮН БИШКЕКТЕ БАШПААНЕК АЧЫЛДЫ
Үй-жайсыздар үчүн Бишкекте биринчи жолу ачылган башпаанек Ю.Фучик атындагы сейил багынын маданият үйүндө жайгашкан.

Эл арасында “БОМЖ” деп аталган бул адамдарга атайын борбор ачуу үчүн 200 миң сом сарпталган. Ызгаардуу кышта үй-жайсыз адамдар көчөдө түнөп, тоңуп, каза тапкан учурлар көп болот. Бишкек шаардык башкармалыгы мындай маселени чечүү аракетинде бул адамдарга башпаанек ачты. Кычыраган кышта үйсүздөр жылуу төшөк-жууркан менен камсыздалып, алар үчүн күнүнө бир маал ысык тамак уюштурулмакчы. Учурда аталган борбордо алты үй-жайсыз адам жашап жатат.


СӨЗ МЕНЕН ӨСҮП ЖАТАБЫЗ
Өлкө казынасынын кирешеси өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 20,4 пайызга көбөйдү.

Мындай “жагымдуу” маалыматты Каржы министрлиги билдирет. Жыл башынан бери мамлекет казынасына “Кум-Төрдү” кошкондо 29 миллиард 200 миллион сом киреше түшкөн. “Кум-Төрдү” кошпогондо 27 миллиард 700 миллион сом болгон кирешенин 11 миллиард 300 миллионун Бажы комитети, 16 миллиард 400 миллионун Салык комитети жыйнаган.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан