Баткен облусунун айыл-кыштактарында электр энергиясы 12 сааттан маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Бул тууралуу бизге Баткен жана Кадамжай райондорунан окурмандарыбыз кабарлашты.
Өкмөттүн атынан аталган аймактын кышка камылгасы боюнча иш-чараларды жетектеген куратор, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Болсунбек Казаков: «Баткен облусунун райондорунун акимдери жана тургундары үнөмдөө максатында электр энергиясын өчүрө берүүнү суранышкан, жогорудан эч кандай буйрук болгон эмес. Кышында өчүрүүлөр болбосун деп, алар азыр эле жарыксыз калууга макул»,- деди.
Баткен райондук электр тармактарынын жетекчиси Каламбек Маркаевдин айтымында, бул чектөөлөр өкмөт тарабынан киргизилген эмес, аймакка бөлүнүп берилген лимиттен ашпоонун айласы.
Өкмөт 1-октябрдан 2015-жылдын 1-мартына чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгына байланыштуу электр энергияны колдонууга 30 пайыздык чектөөлөрдү киргизди.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg