Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан Юруслан Тойчубеков бошотулуп, ордуна САНЖАР МУКАНБЕТОВ дайындалды.
1-октябрдан тартып ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН тарифи калк үчүн 1 метр кубу 12 сом 93 тыйын, коммерциялык абоненттер үчүн 13 сом 81 тыйын деп бекитилип, калк тарифи 3 сом 40 тыйынга, коммерциялык абоненттерге 4 сом 50 тыйынга арзандады.
Бишкек шаарында быйыл 140 миң даанага жакын бир жылдык ГҮЛДӨР соолуп калды, ар бир көчөттү тигүүгө 30 сом сарпталган. Баары биригип бюджетке келтирилген чыгым 4 миллион сомду түзөт.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «ЖЫРГАЛАҢ» шахтасын текшерүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки куткаруучусу тереңдикке кулап кетип, газга ууланып каза табышты.
КӨМҮРДҮН БААСЫНА 90 күндүк мамлекеттик жөндөө киргизүү боюнча акттын долбоору сунушталууда. Аны ортомчулардын айынан көмүрдүн баасы негизсиз көтөрүлүп жатканынан улам Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги алып чыкты.
«Бишкекжылуулуктармактары» ААКсынын директору Эркин Абдыкалыковдун айтымында, борбор шаарда ЖЫЛЫТУУ сезону ноябрь айынан эрте башталбайт.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары БАЗАРЛАР Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен соода жайларынын ижара акысынын тарифин макулдашпайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.