ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНАН АЖЫРАБАГАН КОРРУПЦИЯ

Жакында атайын кызматтын кызматкерлери кезектеги чуулгандуу иштин башын кылтыйтышты. Коррупциялык иштерге аралашкан делинип бир нече мамлекеттик кызматкерлер кармалып, камакка алынышты.

КЫСЫМ КӨРСӨТҮП КЕЛИШИМ ТҮЗДҮРҮШКӨН
Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында УКМКнын тергөө башкармалыгы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү фактысы боюнча бир катар мамлекеттик кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 190, 221, 304 жана 306-беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишин иликтөө учурунда Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетыбаев менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Марсбек Маданбеков экөө «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун коммерциялык директору Кемел Иманов, аталган ишкананын филиалынын коопсуздук кызматынын жетектөөчү адиси Турсунбек Мамбеталиев жана башка адамдар менен кылмыштуу бүтүм түзүп алышып, «Электр станциялары» ААКсынын жана Бишкек шаардык ТЭЦинин айрым кызматкерлерин опузалап, аларга кысым көрсөтүп, «Жезказган энергосбыт» компаниясынан 180 миң тонна сапатсыз көмүрдү сатып алууга мажбурлап келишим түздүргөнү аныкталган. Жогоруда аты аталган адамдарга айып тагылып, алар 29-сентябрда соттун чечими менен камакка алынган (Кемел Иманов 22-сентябрда камалган). Ишкананын мурунку башкы директору Абдылда Исраилов кылмыш иши козголгондо ооруканага жатып алган.

ТЕНДЕРДИН АРТЫНДАГЫ ОЮНДАР
Быйыл «Электр станциялары» ААКсы Бишкек жылуулук борборуна 630 миң тонна казак көмүрүн жана 400 миң тонна жергиликтүү көмүр сатып алмак болгон. Буга чейин көмүр сатып алуу үчүн 3 ирет тендер жарыяланып, баары үзгүлтүккө учураган. «Электр станцияларынын» жетекчилиги кыш жакындап калгандыгына байланыштуу деп «Жезказган энергосбыт» компаниясы менен келишим түзүп, аталган компаниядан 180 миң тонна көмүр сатып алган. «Жезказган энергосбыт» «Прогресс компаниге» караганда көмүрдүн тоннасын 3 долларга арзан (39,77 доллар) сунуштаган экен. Ал эми «Прогресс компани» тендерге катышкан башка компаниялардын ичинен эң кымбат баага (42 доллар) сунуштаган.

«БАЯГЫ, БАЯГЫ, КОЙЧУНУН ЭСКИ ТАЯГЫ»
«Электр станцияларынын» тендер өткөрүү боюнча комиссиясынын жарандык коом тарабынан шайланган мүчөсү, укук коргоочу КАЧКЫН БУЛАТОВ бул ишканадагы мурунку коррупцияларды казса укмуштар чыкмак дейт:
– Быйыл кокусунан эле тендердик комиссияга мүчө болуп калдым. Анализдеп көрсөм тендерге окшош эле компаниялар катышып жүрүптүр. Ал компаниялардын баары казак миллиардерлери Александр Машкевич менен Алимжан Ибрагимовго караштуу экен. Бир эле кишинин 4-5 компаниясы тендерлерге катышып, аягында баягы эле «Прогресс компани» утуп жүргөн. Анын бетин ачып, биринчи тендерди жараксыз деп салдык. «Прогресс компанинин» адамдары Кыргызстандагы тиешелүү адамдарды колго алып койгон, алар 3 тендерде тең ошол компанияны өткөрүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу канча жолу маалымат таркаттык, бир да жолу укук коргоо кызматтары кызыгып койгон жок. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына бир нече ирет барып айткам, бирок чара көрүшкөн жок. Үчүнчү тендер да мыйзамсыз деп табылды. Көрсө, кимдир бирөөлөргө ошол керек экен. «Кооптуу абал пайда болду, бир булактан алабыз» деп кайра эле «Прогресс компаниге» жабышышты. Ал ортодо «Жезказган» деген компания чыгып, ошол компания менен келишим түзө коюшуптур.
«Электр станциялары» абадан акча жасаганга көнүп калышкан. Мисалга, кышында 1 күн жылуу болуп калганда эле миң тоннадай көмүр аз жагылып калат. Аны да короду деп жеп коюп жатышат. Дагы бир ашкереленген факт, «Электр станциялары» кагаз жүзүндө Таш-Көмүрдөн 10 миң тонна көмүр сатып алган. Эсеп палатасы ал жакка барып текшерип көрсө, фирма деген эле аты болбосо көмүрү эмес, шахтасы да жок болуп чыккан.
Атаандаштыкты жок кылуу үчүн калория дегенди ойлоп чыгып, 2 жылдан бери колдонуп келе жатышат. Шабыркүлдүн жакшы көмүрүнүн калориясын стандарт кылып коюшкан да, башка компанияларды биздин рынокко киргизишпейт. Бирок уткан компания деле эң майда арзан көмүрлөрүн алып келип жүрөт. Ал майда көмүрлөр көп болсо 500 сом турат. Ошентип мунун артынан кээ бир адамдар ортодо 10-15 миллион доллар акча иштеп жүрүшкөн. Чындап атаандаштык жаратып, мыйзам чегинде тендер өткөрүлсө көмүрдүн тоннасынын баасы 15 доллардан ашмак эмес. Жакында көмүрдү 3 долларга арзан алышты, ушул жерден эле 2 миллион доллар үнөмдөлүптүр. Дагы арзан алса канча акча үнөмдөлмөк. «Ширшовдун схемасы» деп айтып жүрөбүз, өзүбүздүн эле кыргыздар Ширшовдон өтүп кеткен. Мамлекеттик акчалар кантип уурдалат, ким уурдайт, баары эле билет, бирок эч кимиси жоопко тартылбайт. Тышкы карыздын 1 жарым миллиард долларын «Электр станциялары» жеген. Мындан сырткары ишкана өзү миллиарддаган акчаларды таап жатат, бирок дагы деле жылыш жок.
Өткөн жумада Бишкек шаарындагы райондор аралык сот электр энергиясы жана жылытууга болгон тарифтин жогорулашын мыйзамсыз деп тапкан. Жылытуунун тарифи 1-июлдан тартып 30 пайызга өскөн эле. Энергетика тармагындагы жогорудагыдай коррупция токтотулбаса, тарифтер канчалык көтөрүлбөсүн абал оңолуп кетпейт. Калктын кыш алдындагы «свет өчөт, көмүр кымбат» деген тынчсыздануусу жоюлбайт.
Гезит басууга кетер алдында Каржы министрлиги «Электр станцияларына» көмүрдү «Прогресс компаниден» сатып алууну сунуштап, ишкана аталган компаниядан 487 миң тонна көмүр сатып алууга келишим түзгөнү маалым болду. «Прогресс компани» Луговая станциясына чейин алып келип берген көмүрдүн тоннасы 40,9 долларга бааланган.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
myrza80
2014-10-13 15:14:59
Соз жок акырет куну Аллахтын алдында кантип жооп беришет экен?себеби Аллах бироонун бир тыйынын алсан да ыраазычылык менен ал деген.
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан