КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫ ҮНӨМДҮҮ КОРОТКОН ГИБРИД АВТОУНАА

Гибрид сөзү латын тилинен алынып, анын мааниси «аргын» дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, генетикасы эки башка жандыктын аргындашуусунан келип чыккан организмди гибрид деп аташат. Ал эми автоунаа чыгаруучулар күйүүчү май менен да, электр кубатынын күчү менен да жүрө турган унаага мына ушундай аталышты ыйгарышкан. Гибрид кыймылдаткычтуу автоунаа кандай жол менен иштейт, анын артыкчылыктары жана кемчиликтери эмнеде? Мына ушул суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табасыз.

ГИБРИД АВТОУНААНЫН ПАЙДА БОЛГОНУНА 1 КЫЛЫМДАН АШТЫ
Гибрид кыймылдаткычтуу автоунаа бүгүнкү күндөгү ачылыш эмес. Гибрид унааны чыгарууга кадамдар 1900-1901-жылдары ташталган жана аны алгачкылардан болуп немис конструктору Фердинанд Порше курап чыккан. Ал эми 1960-70-жылдары америкалык инженер Виктор Воук унаага гибриддик кыймылдаткычты орнотуу менен күйүүчү майды 50 пайызга чейин үнөмдөөгө жетишкен. 1972-73-жылдары СССРде грузин окумуштуусу жана ойлоп табуучусу Нурбей Гулиа тарабынан ушундай эле кыймылдаткычтар иштелип чыгып, иш жүзүнө ашырылган. Бирок өткөн кылымда күйүүчү майдын кенендиги жана ага болгон баанын төмөндүгү мындай автоунааларды массалык түрдө чыгарууга шаштырган эмес.
Ал эми бүгүнкү күндө нефтинин жетишсиздиги, экономикалык каатчылык жана планетабыздын мышык ыйлагыдай экологиялык абалы автоунаа чыгаруучуларды гибриддик кыймылдаткычтарга кайрадан басым жасоого түртүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө экологиялык жактан зыяндуулугу аз гибриддик автоунаалардын санын көбөйтүү максатында мындай унаа ээлери унаа салыктарынын айрым түрлөрүнөн бошотулган. Ал эми бизде болсо жеңилдикти мындай кой, гибриддик автоунаа эмне экенин эми гана түшүнүп келатабыз.

ГИБРИД КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КАНТИП ИШТЕЙТ?
Гибрид автоунаанын кыймылдаткычы бензин жана электр кыймылдаткычтарынын биригүүсүнөн турат. Иштөө режимдерине ылайык бир учурда экөө тең бирдей же кезектешип иштей берет. Алсак, катуу ылдамдыкта айдаганда күйүүчү май менен иштөөчү кыймылдаткыч ишке киргизилсе, от алып турганда жана ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан төмөн жүрүп келатканда электр кыймылдаткычы иштейт. Эгер май менен иштөөчү кыймылдаткычка күч келсе, кошумча күч берүү үчүн электр кыймылдаткычы кошулуп, экөө бирдей иштейт. Ал эми ичинен күймө кыймылдаткыч иштеп жаткан учурда электр кыймылдаткычы унааны жүргүзүүгө эмес, аккумулятордук батареяга кубат толтуруучу генератордун кызматын аткарат. Ушундай эле жагдай тормоз системинде да камтылган. Унаа жүрүп келатып тормоз басылганда электр кыймылдаткычы электр кубатын иштеп чыгара берет. Бул болсо автотыгын көп болгон шаар ичинде ыңгайлуу экенин айдоочулардын көпчүлүгү жакшы түшүнсө керек.

«ҮНӨМДҮҮ БОЛГОНУ МЕНЕН БААСЫ КЫМБАТ»
«Карга баласын аппагым дейт» дегендей, ар бир ишкана өзү чыгарган продукциясынын кемчилигин жашырып, жакшы жагын гана айтат эмеспи. Мына ушул тарабын ачып берүү үчүн гибриддик автоунаа кеңири жайылган АКШдагы мекендешибиз ИХМАТИЛЛА МАТИРАИМОВду кепке тарттык. Ал 2012-жылы чыккан Тойота Приус үлгүсүндөгү гибрид кыймылдаткычтуу автоунаанын ээси катары артыкчылыктары менен кемчиликтерине токтолуп өттү:

-Чындыгында эле гибриддик автоунааларды шаар ичинде айдасаң күйүүчү майды аябай үнөмдөйт экен. Трассага чыкканда башка унаалардай эле май ичет. Өзүм 2 жылдан бери Тойота Приус үлгүсүндөгү гибриддик автоунааны айдап жүрөм. Кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 литр, 100 чакырымга шаар ичинде орточо 5,67 литр бензин сарптоодо. Ал эми кыймылдаткычынын көлөмү ушундай эле автоунаа 100 чакырымга шаар ичинде 8-9 литр сарптайт. Артыкчылыктары катары күйүүчү майды үнөмдөгөнүн айтсак болот. Шаар ичинде тыгынга туш келип калсаң, электр мотору иштегендиктен май коротпойсуң. Дагы бир мага жаккан жери кыймылдаткычтын күчүн арттыруучу же, тескерисинче, майды үнөмдөө үчүн күчүн азайтуучу атайын режимдери бар. Ошондой эле унаа бензин менен иштеп жаткан учурда аккумулятордук батареясына кубат топтоло берет.
Унаанын баасына келсек, баасы башкаларга салыштырмалуу кымбат. Мисалга, 2014-жылы чыккан Тойота Камринин гибриддик түрү 24,5 миң доллар турат. Ал эми бензин менен гана жүрө турганы 18-19 миң доллар. Мындан сырткары тетиктери жана оңдотуу да кымбат. Аккумулятордук батареясынын өзү эле арзаныраак бир унаанын баасын чапчыйт. Анын колдонулганын койдурсаң 1,5-2,5 миң доллар, ал эми жаңысы 3-5 миң долларга жетет. Аккумулятордук батареясын 150-200 миң чакырым жүргөндө алмаштыруу керек деп белгиленген. Меники 160 миң чакырым жүрдү, Кудайга шүгүр, бузула элек. Негизинен мындай автоунаалар шаарларга ылайыкталган десек болот. Чаңдабай турган таза жолдордо айдоо керек, кыймылдаткычына чаң толуп калса бат бузулат дешет. Мындан сырткары кыштын күнү кар унаанын асты тийгендей калыңдыкта жаап салса дөңгөлөк айланбай калат.

Кыргызстанда гибрид кыймылдаткычтуу автоунаалардын да, аларды атайын ташып келип саткан сатуучулардын да саны аз. Андыктан мындай автоунааны алуу үчүн кардарлар унаа ташыган фирмаларга буйрутма беришет. Жогоруда Ихматилла мырза айтып өткөн 2014-жылы чыгарылган кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 литр болгон Тойота Камри автоунаасынын гибриддик түрүн Кыргызстанга ташып келген соң анын орточо баасы канча болорун эсептеп көрөлү. Унаанын баасы АКШда 24 500 доллар турса, аны Кыргызстанга ташып келүү үчүн жүк ташыган фирмалардын кызмат акысы 3000 доллардын тегерегин түзөт. Бажы төлөмү учурдагы тариф менен 3500 долларга барат. Ал эми унааны каттатууга 600 доллардын айланасындагы каражат зарыл. Ошондо аталган автоунаанын биздеги баасы 31 600 долларга чыгат.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Дүйнөдө гибрид автоунааны чыгаруу боюнча Toyota корпорациясы алдына эч кимди салбай келет. 1997-жылдан 2013-жылдын соңуна чейин бул корпорация чыгарган гибрид унаанын саны 6 миллиондон ашкан.
  • Гибрид автоунаанын санын массалык түрдө чыгарууга никель-металл-гибриддик аккумулятордун жетишсиздиги мүмкүндүк бербей келет.
  • Статистикалык маалыматтарга ылайык АКШда 2013-жылы гибрид автоунаалардын саны 2 миллионго жеткен.
  • Жеңил автоунаалардан сырткары гибрид кыймылдаткычтуу автобус жана жүк ташуучу унаалар да бар.
  • Америкадагы жолдогу чыгымдарды баалоо боюнча институтунун иликтөөсүндө гибрид автоунаалардын үнү чыкпагандыктан, алар башка унааларга салыштырмалуу жөө адамдардын өмүрүнө көбүрөөк коркунуч туудурат. Иликтөөдө жолдон өтүп бараткан жөө адамдарды сүзүп кеткен учурлар 20 пайызга көп катталган. Буга окшогон кырсыктардын алдын алуу үчүн анча чоң эмес ылдамдыкта келаткан гибрид унаанын жакындап келатканын жөө адамга билдирүү үчүн атайын үн чыгаруучу генератор орнотуу каралган.
Фердинанд Порше курап чыккан «Лохнер-Порше» аталышындагы эң алгачкы гибрид автоунаа.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jamaksana8988
2014-10-14 00:18:44
ООО hybrid чындыгында бензинди уномдойсун, а баасы кымбат . А эгер батерейи олиуруп калса 8 мин $ Америка да кгда билбейм. Менде Tayota Camry Hybrid .
0
Sagy
2014-10-20 11:06:51
Jamaksana8988, 8000 доллар деген уят болот) Кыргызстанда баасы бир элемент 3000 сомдон. И олгондо да баары бир олбойт. Айда жылда бир олот, олсо. Себептери негизинен озубуздон эле кетет. Мисалы машине 2-3 ай айдалбай туруп калса, же болбосо катуу ысып кетсе.. А болбосо ар бир элементке Тойота 12 жыл гарантия берет. Ошондо 2000чи жылкы Приустарга 2011 - 2012 чи жылкы батареяларды салышып жатышат. 2024чу жылга чейин айда Приус)!
0
lampard8
2014-10-14 02:25:59
аааа 31600 долларга 'жинннди' машина сатып аласынго
0
Sara9090
2014-10-19 01:39:03
31600 долларга жанны 3 степ алам
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан