«Тамашоунун» атасы Эрмек Нурбаев үй-бүлөдө үч эркек экенин баары биле бербесе керек. Нурбаевдердин үйүндө салтка айланганбы, Эрмек да эми үч уулдун атасы. Тактап айтсак, 1-октябрь күнү анын үчүнчү уулу жарыкка келди. «Чолпонум мага 3- баатырды белек кылды. Наристенин бою, салмагы стандартка жооп берет. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Тун балабыздын атын чоң атасы Алтай деп койгон эле, экинчисин таятасы Тагай деп атаган. Үчүнчү балама ат койгонго мага уруксат беришкенинен агаларына уйкаштырып Тынай деп койдум»,- дейт сүйүнүчүн жашыра албаган Эрмек.
Мындай кубанычка «Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров да туш болуп, уулдуу болду. Жубайы Камила экөө буга чейин бир кызды тарбиялап келген болчу. Эми минтип экинчи наристеси жарыкка келди. Жаш ата-энелерге бешик бооңор бек болсун дейбиз.