Чыгармачыл чөйрөдө өкмөткө таарынычы барлардын «сыйлыкка байланган эмесмин, үйүмө алып келишсе да албайм, эл бааласа болгону» деген кептери бар. Ошол эле учурда сыйлык алууга талапкерлигин көрсөтүп, «бул татыктуу, ал татыктуу эмес, сатып алды» деген сөзгө калгандар көп. Бул саам Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алууга талапкерлигин койгондордун айланасында уу-дуу кептер орун алды. «Эмнеге кыргыздын классикага айланган ырларын жараткан обончу Түгөлбай Казаков эмес, композитор Турдубек Чокиев Токтогул сыйлыгын алышы керек?» деп басылмалар да жазып чыкты. Бул суроого аталган сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкалыков мындайча жооп берди:
«Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык акыркы үч жыл аралыгында жарык көрүп, элге кеңири жайылган чыгарманын авторуна гана берилет. Мурда жаралган мыкты эмгектер эске алынбайт. Мисалы, Түгөлбай Казаковдун мыкты эмгектери бар, бирок ал эмгектерин убагында көрсөтүшү керек эле. Ал эми Турдубек Чокиев «Алтын уя» опереттасы үчүн комитеттин 25 мүчөсүнүн колдоосуна алынды. Бул колдоо өкмөткө жиберилген, президент качан кол койсо ошондо тапшырылат».