Калк арасында көптөн бери «Тамашоунун» курама командасы чачырап кетиптир» деген сөз айтылып жүргөн. Ал кептин канчалык чындыгы бар билбейбиз, бирок кийинки өсүп келе жаткан муун да алардан кем калбай, ийгилик жаратып жатканы кубандырат. «Ала-Тоо» курама командасы жакында эле Казакстанда өткөн беделдүү КВН таймаштарынын бирине катышып, жакшы кабар менен кайтышты.
Аталган команда 27-сентябрда Казакстандын Чымкент шаарында түрк тилдүү калктардын арасында өткөн КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалында 1-орунду багындыруу менен жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу команданын капитаны Айбек Бектемиров ой бөлүштү: «Ала-Тоо» курама командасы үстүбүздөгү жылдын март айында куралган. Курамыбызда «Тамашоунун» Жогорку Лигасында «Элестет», «Ассорти» жана «Евраш» командаларында ойногон 8 бала бар. Буюрса, жарым финал ноябрь айында болот, ошого даярданып жатабыз».