АБАЙЛАҢЫЗ, ЧОЧКО ТУМООСУ!

Мезгил үнү

Дүйнө элин каржы кризиси бир түйшөлтүп өтсө, эми чочко тумоосу эсин чыгарууда. “Кемеге түшкөндүн жаны бир” демекчи, бул илдеттен Кыргызстан да четте кала албады.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Адатта жаныбардан адамга жуккан вирус ар дайым эле ооруну чакыра бербейт. Эгер жаныбардан адамга жугуп, оорутуп же өмүргө коркунуч алып келсе, ал зооноздук тумоо болуп саналат. Мындай оорулар жер жүзүндө XX кылымдын 20-жылдарынан бери 50 жолу гана катталган.
Үстүбүздөгү жылы пайда болуп, жер шарын укмуштуудай тездик менен каптаган тумоо Н1N1 вирусунун негизинде жаралган. Анын генетикалык түзүлүшү чочколордо тумоо козгоочу вируска абдан окшош болгондуктан, чочко тумоосу деп аталып калган. Бирок бул А/Н1N1 вирусунун кайдан келип чыкканы толук аныктала элек. Иликтөөлөрдө бул вирустун түзүлүшүнө абдан окшош вирус чочкодон табылган үчүн эле чочко тумоосу деп аталып калган. Ал эми Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюму AH1N1 вирусунун чочколор арасында эпидемиялык таралуусу байкалбаганын билдирет. Бул вирус адамдан-адамга гана жугуп, белгилери кадимки сасык тумоого окшош келет. Чочко баккан фермерлер бул тумоонун атын мексикалык тумоо деп өзгөртүүнү талап кыла башташты. Себеби вирус биринчи жолу Мексикада катталган.

Т.Исаков: «АДАМЗАТ ЧОЧКО ТУМООСУН ЖЕҢИП ЧЫГАТ ДЕП ОЙЛОЙМ»
Кыргызстанда канча адам чочко тумоосуна чалдыкты? Бул илдетке каршы кандай иш-чаралар жүрүп жатат?” деген сыяктуу суроолор менен Мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө департаментинин генералдык директору Төлөн Исаковго кайрылдык:
– Төлөн Байдалиевич, чочко тумоосу тууралуу айрымдар «АКШ­нын атайын кызматтарынын чыгарган шумдугу дешсе, дагы бирөөлөр Кудайдын каары, бул илдет али көп өмүрлөрдү алып кетет» дешүүдө. Айтсаңыз, бул тумоо эмне болгон илдет?
– Азыр дүйнөлүк окумуштуулар бул вирустун үстүндө иш жүргүзүшүүдө. Бирок толук изилдеп бүтүшө элек. Ал гана эмес, бул вируска толук ысым коюла элек.
Атайын кызматтар элди дүрбөлөңгө салыш үчүн чыгарган нерсе, өтө коркунучтуу илдет” деген кептерди менин деле кулагым чалды. Бирок чочко тумоосунун дүйнөгө жайылып баратканы факт. Адамзат биргеликте күрөшүп, куш тумоосун жеңгендей эле бул тумоону да жеңип чыгат деп ойлойм. Анткени азыр медицинанын өнүккөн кези эмеспи.
Кыргызстандыктар бул илдет тууралуу алыстан гана угуп келишсе, эми өлкөбүзгө да кирип келди. Чочко тумоосуна каршы туруштук бере алабызбы?
– Тилекке каршы, мамлекетибизде да чочко тумоосу катталып отурат. Мурда бул вирус тууралуу маалымат жокко эсе болчу. Азыр болсо жарандар толук маалымат алууга кызыкдар боло башташты. Оорунун белгилери пайда болору менен дарыгерлерге кайрылышууда. Өзүңөр байкагандай, дарыканалардагы бет каптарды кезекке туруп 10-15тен эмес, 50-100дөн алып жатышат. Бизге күнүнө жүздөгөн телефон чалуулар түшөт. Ал эми биз жана башка тийиштүү органдар керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Кошумча “Тез жардам” кызматтары ачылып жатат.
Чет жерден адамдар келүүчү аэропорт, темир жол бекеттеринде медицина кызматкерлери күзөттө турушат. Оорунун белгилери байкалган жарандарды текшерүүгө алып жатабыз.

А.Саркина: «ЧОЧКО ТУМООСУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛАБЫЗ»
Чочко тумоосуна кабылган жарандар дарыланып жаткан Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы врачынын орун басары Алла Саркинага оорулуулардын абалын сурап кайрылдык:
– Алла Каримовна, азыркы кезде А/Н1N1 тумоосуна чалдыккан канча адам дарыланып жатат? Абалдары кандай?
– Биздин ооруканага өлкөдө катталган 27 адамдын 21и келип түшкөн. Азыркы кезде алардын 17си айыгып, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Төртөө дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Бул адамдардын баары чочко тумоосунун жеңил жана орто түрү менен кайрылышкан. Оор абалга кириптер болгондор жок. Көпчүлүк бөлүгү Орусиядан келишкен. Чочко тумоого кабылгандардын экөө гана жергиликтүү тургундар. Бир жаран Дубайдан ооруп келип, аялына жугузган.
– Дарыланып чыгып кеткендердин башкалар үчүн коркунучу барбы? Алардын кайра ооруп калуусу же башкаларга жугузуусу мүмкүнбү?
– Алар толук айыгып чыгышты жана башкалар үчүн коркунучу жок. Бул жарандарда эми иммунитет бар, кайра ооруп калышы мүмкүн эмес. Иммунитет 1 жылга жетет.
Чочко тумоосуна каршы вакцина Кыргызстанга качан алынып келинет экен?
– Азыр бизде А/Н1N1 тумоосуна каршы вакцина жок. Буюрса, декабрь айында жетиштүү санда алынып келинет.
– Анын бетин ары кылсын, бирок бул тумоо массалык түрдө жайылып кетсе, биздин медицина туруштук бере алабы?
– Туруштук бере алат. Республика боюнча ооруканаларда жетиштүү орундар бар. Кампаларда керектүү дары-дармектердин эки жумалык запасы бар.

«ООРУНУ АҢДЫГАН САЙЫН ООРУЙБУЗ»
Ооруканадан чыккан соң темир жол бекетин көздөй жол алдык. Орусиядан келип түшкөн мырзалардын бири менен сүйлөшө кеттик. Өзүн Максат деп тааныштырган бул мырзага Кыргызстанга кирип келе жатканда кандай текшерүүдөн өттүңүздөр деп суроо узаттык.
«Чек арадан өтүп келе жатканда дарыгерлер ар бир адамды карап чыгышты. Оорунун белгилери байкалган адамдарды текшерүүгө алып кетишти. Эмне белги байкалат, качан алсырап калам деп, ооруну аңдыган сайын ооруйбуз. Организмди мен оорубайм деп ишендирип жүрүш керек»,- дейт Максат мырза.

МИНИСТР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов: “Чочко тумоосу келди деп дүрбөлөңгө түшкөндүн ордуна, жөнөкөй жолдор менен сактанууга өтөлү. Бул вирус адамдын организмине кирерден мурда 2 саат адамдын сыртында болот. Ошондуктан колду тез-тез самындап жууп, эл көп жерде колду ооз-мурунга тийгизүүдөн алыс болгула”,- дейт.

“Кудай да сактансаң сактайм дейт” деп бабалар бекеринен айтышпаган чыгар. Андыктан ар бирибиз жөнөкөй эрежелерди туура сактап, ден соолугубузга кам көрөлү. Оорубаңыз, окурман.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elif
2009-12-01 16:24:46
ooba chochko gribi ayabay kuchop jatat stanbulda da bugunku kabarlarda bul gripten olgon adamdin sani 195ke jetti dep uktum degi tazalikti gigienani jakshi saktasak bir paydasi bolboy koyboyt jana uchurashpasak da tuura bolot.
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан