«ЖОЛДОШУМ ЖЕ МЕНИ, ЖЕ АПАСЫН КЫЯ АЛБАЙ ЧАЙНАЛУУДА»

– Кайненем мени жаман көрөт, андыктан баласы менен жашаткысы келбей мени кетиртип жиберген. 8 айдай болуп калды. Бирок күйөөм менен мамилем жакшы, ал келип турат. Анын үстүнө ортобузда бир балабыз бар. Кайненем күйөөмө «аялыңды алып келбе, башкага үйлөнөсүң» дегени деген. Ушундан улам күйөөм же бизди, же апасын кыя албай, ортодо аябай чайналып жүрөт. Апасынан бөлүнүп жашайлы десек жолдошум үйдүн кичүү, ата-энесинин колунда кала турган баласы. Эмне кылсам болот, ойлонуп башым катты?

Зеби, 26 жашта, Токтогул району

– Сиздин көйгөйдү чечиш үчүн чыр-чатактын себе­бин табуу керек. Мисалы, кайненеңиз эмне үчүн сизге каршы болуп жаткандыгын. Мүмкүн, ал жаңылып жаткан­дыр. Бирок кары адамдын оюн өзгөртүү оор иш. Ошондуктан аны түшүнүүгө аракет жасооңуз зарыл. Ал кандай мүнөздөгү, кандай иш кылган келиндүү болууну эңсегенин ойлонуп көрүңүз. Чынында ар үй-бүлөнүн жазылбаган эрежелери болот, андыктан келин ал эрежелерди кабыл алууга аракет жасоосу зарыл. А сиз, мүмкүн, ал эрежелерди кабыл алгыңыз келбейт.
Сиз үй-бүлөңүздү сак­та­гыңыз келсе, жолдошуңузга кылган кемчиликтериңизди ачык айтып, апасы менен тил табы­шып жашоого даяр эке­ни­ңизди айтыңыз.
Анан да айтаар кеңеш, үй-бүлөдө туруктуу орун табуу үчүн иштей турган иши­ңиз­дин болуусу же үй иштерин мыкты алып кетүүңүз керек. Чөйрөдө сиздин аброй өсүп турса, кайненеңиздин деле пикири жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн. Анын үстүнө эч кимге көз каранды болбойсуз, жолдошуңуз да сизди батымдуу көтөрмөлөйт дегендей.

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
MARINA78
2014-10-15 19:09:38
келин деп бироонун баласын кордобостон баласына бакыт тилеш керек эгер келин чынында эле тарбия корбогон жакшы айтканды тушунбогон болсо анда аны башында байкаш керек эле келин кылып алгычакты
0
sarishka
2014-10-16 02:33:09
Meninda bashiman otkon mindai okuia,men ozum tundukton bolom joldoshum tushtukton bolot jani kelin bolup bargandan bashtap kainenem meni jaman korchu joldoshuma ajurash bashkani al dei berchy birok biz bir biribizdi jakshi korchubuz,men ozumdu orustardin makali bargo "terpi koza atamanom budesh"degen daiuma oshol makaldi estep 5-6jil chidadim baarin jendim asir kainenem menzis ech nerse kila albait baari joktu meni menen keneshet,kudaiga shugur bir uul bir kizim bar baari jakshi.Zebige aitaarim
+1
sarishka
2014-10-16 02:35:26
joldoshun menen suiloshup choguu jashaganga araket kil chidasan baarin jenesin
+1
Jigito
2014-10-17 01:26:52
sarishka, Ооба чыдасан сабырдын тубу сары алтын
+1
kapitan050868
2014-10-16 11:54:48
Алладан кайэненизге ыйман тилениз.Кудай сизге сабырдуулук берсин
0
dnais2802
2014-10-16 16:55:14
Окусам баарынар эле кайненелеринерди жамандайсынар, шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Менин да кайненем бар, апалап кайнене деп болунбой кызындай мамиле кылсанар кандай эле эне балдарын ажыраштыргысы келсин!
0
Jigito
2014-10-17 01:29:02
dnais2802, мен сенин ойуна 100% кошулам баарын кайнене шылтаган туура эмес соз келинде
0
Tati2012
2014-10-17 03:00:55
Кайненин намырынан деген соз бар,мен турмуш курганыма 8жыл болду,торобой калдым ал нерсеге жолдошум экообуз куноолубуз,сен башкага уйлон деп озуно айткам,менден кетпейт,акыры апама(кайненеге)айттканыма туура келди,апам айтат бала бак аны эч кимге билдирбе сен озун тородум деп айт дейт,так что не все кайненешки такие,,апага мээрим берсен акыбети кайтат,
+1
ekaterina
2014-10-19 11:45:51
менин кайненемдин да созу тийген эмес 7ж балалуу боло албадык.баары куйодон зависит
+1
egemberdievagulbara
2014-11-20 15:19:55
.Кайненем баарын сатып берет мага егер жолдошум алыста болсо.бирок баарибир кайненеда кайненелигин корсотот бир жагынан болбосо биР жагынан корсотуп турат
0
Aikoo88
2015-01-12 15:31:02
Жакшы дыр жамандыр но всё равно Кайненен болгону жакшы .. Менин Кайненен жоок . Авсыным как Кайнене.. Только жаман жагым издейт .. Озун Кайненен болсо жамандап анан жакшы жагыда бар деп анына Айтып коет ..кайна Эжемдер все меня любят их 4.. Куйом Башында она для меня как мать дей берчу.. Авсын авсындыгын кылат экен.. Эжемдердин Астында ее как будто поменяли..зная что я беременна зимой заставляла нести ведро с водой из колодца..молчала . Печь топила уголь насила .у нее 6 детей
0
Aikoo88
2015-01-12 15:39:23
Стирала на улице через день ..и так случился у меня выкидешь..она меня даже к родителям не отправила .. Не чего у всех бывает переживешь .с мужем мы поженились по любви два года встречались. Мама меня предупреждала что та будет.сейчас мы в Москве уже больше года.. Звоню ей редко но общаюсь не в чем не бывало. Ради мужа .. Надеюсь она поймет свои ошибки.. После того как выдаст своих девочек у нее их 3.она после замужество 9 лет не могла забеременеть.. Кудай все бидет .. Я скоро стану мамой
0
Feijipiao
2015-01-28 13:57:15
Кайын энене жакпасан баары бир кетесин.Бул жерде жакшы суйлосон,тилин тапсан болот дегенинер менен,ал кундор башына тушкондо башкача айтып калар эленер.
Мына биз дагы ушул кайын эненин айынан эки жолго туштук.Ушунча кылсанда кагып силкип эле,журогунду оорута берчу.Бирок убагы келгенде билер менин кадырымы.Жаны келин алсын,канча кун чыдаар экен кайын энеме.Менида ашып кетсе 1 жума чыдаса керек деп божомолдогон экен баары.Бирок мен 1 жыл чыдап жашадым.Баары анын мунозун билет экенле.
0
mamaidingory
2015-07-01 12:39:32
Эгер сен таза болсон уй ишине тын болсон 5убак намаз окуусан куйон таап келгенин баракалуу кыла алсан журогун таза болсо башка Бирону тика карабасан коноктон уялып жакшы сыйласан баардык жигит. аялын бактылуу кылат деп ойлойм, кайнени тизеелеп кечирим сурап жаша бейиш жолу ачык болот,бала сага дайыма ыраазы болот,бул Кундор не отот да,келечекте жакшы уйбуло болсун,сенда кайненем болосун.
0
Pandora
2018-11-04 21:11:48
mamaidingory, Тизелеп кечирим сурагыдай не ал ошоночолук куноо кылып,кайын журтун конулун оорутупу? Же биз не орто кылым да жашап жатабызбы? Келин кул эмес! Келин да бироонун кудайдан тилеп алып чонойткон кызы. Бироого акыл уйротоордон мурун ошол адамдын жашоосунда жашаш керек
анан кенеш беруу керек!!!
0
aiman1983
2015-08-15 09:56:13
Достор мен азыр муунум бир дастан. Кайын энемден ото кордук кордум, айылда жашайсын кызмат кыласын деп. Ошонун айынан мен ото жаман келин болдум. Мен шаарда ишим бар, Ошого карабай жайлоого чыгып мал саа дейт, барбай койдум. Эмне учун беш жыл окуп уй саап отурушум керек. Эскичилик ой менен жашаган кайын энеден аябай азап кордум. Азыр эч нерсе болбогондой жашайм, бирок журогум эч жылыбайт. Каргап, шилеп Манас торосо да кетирем деп
0
Pandora
2018-11-04 21:22:40
aiman1983,козу тируусундо барып бир аз кызмат кылып койсонор болот.Иштечуу убакыт да келет,иштеп чарчайсынарда.Создорун чын болсо сен кайын эненден кордук корбопсун,кордук коруу бул бирге жашап ,эртеден кечке кайын эненин кагып силккен создорун угуу,кошуумчасыга кайын синди+кайын эже болот.Кордук коргонго баш бербепсин.
0
aiman1983
2015-08-15 10:00:36
Кайын энебиз бизге айткан создорду биздин апабыз куйообузго айтса чыдабай качмак, неге келинди малай сыяктуу корушот экен а
+1
Batma08
2017-03-08 23:51:08
Кайненемди жек кором
0
№ 623, 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан