Концерттин датасы – 4-октябрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:20 (50 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Алып баруучулар – Максат Давранов, Анжелика Бекболиева, Юлия Руцкая
Мыкты номерлер – Дайыр Исмадияровдун «Кара көзүм», «Добулбас» тобунун «Аселдейим», Юлия Руцкаянын «Аппак сүйүү» ыры
Билет баасы – 300-500 сом
Кумурскадан кем калышпаган эмгекчил ырчы Дайыр Исмадияровдун концертине «айттап» барууну эп көрүп, калем-кагазымды чөнтөгүмө сала жөнөп калдым. Алгач эле концерттин ээси «Ассалоому алейкум» деген ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Андан соң концерт айт майрамына туш келгендиктенби, улуттук кийим кийген кыздар көрөрмандарга боорсок менен каймактан ооз тийгизишти.
Ошентип көптөн күткөн концерт башталып, конок катары келген ырчылар Динара Акулова, Өктөм Сапар уулу, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Мээри Шакулина, Бегимай Бекбоева, KG Эльмурат жана «Добулбас» тобу ыр сунушту. Булардан сырткары театр артисттери сахнада өнөрлөрүн көрсөтүштү. Дайырдын даярдыгы жакшы экени ар бир номерде байкалып жатты. Коноктордун айрымдары алпаруучуларды чакырттырбастан эле сахнага чыгып жатышканын Дайыр «бул менин идеям, башка концерттерден өзгөчө болсун дедим» деп баса белгиледи. Анан «Маданият министрлиги менин концертимди куттуктап «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын «аванс» катары белекке берди» деп сүйүнчүлөдү. Аңгыча артымда отургандардын «Наамды үнү барына деле, жогуна деле концерт койсо белек кыла берсе болобу? Мындан да кыйындар албай эле жүрүшөт го же сатып алдыбы?» деп таң кала шыбырашкандары кулагыма шак дей түштү.
Көрүүчүлөр суукта отура берип тоңуштубу, айтор, ары-бери баскандар көп болду. Ошентип түнкү саат 11лерде концерт аяктап, үйгө жол алдым.
Толик Сынчы