ТАБЫЛГАДАН ЧЕКСИЗ БЕЛЕКТЕРГЕ ЭЭ БОЛ!

КЕЗЕКТЕГИ АВТОУНАА ЭЭСИ АНЫКТАЛДЫ!
Кечээ гана босогону аттагандай болгон Ыйык Валентин – Сүйүшкөндөр күнү өтүп, «Табылга» соода борбору тарабынан кардарларына эки жеңил автоунаа ойнотулган эле. Бул жакшы жөрөлгөнү улай өткөн жумада «Табылга» соода борборунун дагы бир бактылуу кардары Ниссан Примера унаасын утуп алды. 10-октябрда «Табылга» соода борборунда орун алган супер-утуш бир гана жеңүүчү менен чектелип калган жок. Баалуу белектер менен борбордун 20га жакын кардары да товарды жана товар саткан жайды туура тандагандыгы үчүн сыйланды.
Туура тандоо – бул эки ооз сөз «Табылга» соода борбору тарабынан кардарларына түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды камтыганын көрүп, эсиңе алгачкылардан болуп келери талашсыз. Албетте, жогорку сапаттагы, бардык стандарттарга жооп берген товарларды чөнтөгүңө ылайык келгендей арзан баада тапсаң сүйүнөсүң. Ага кошумча тейлөө кызматы талапка жооп берсе, соода кылып жаткан жай ыңгайлуу бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсе, эң негизгиси, баалуу белектерди ойнотсо кардарлардын саны күн санап өсөрү турган иш. «Табылга» соода борбору жогорудагы талаптардын баарына жооп берет. Демек, сиз туура тандоо жасадыңыз, кардар.

«ТАБЫЛГА» СООДА БОРБОРУ КАРДАРЛАРЫНА ДАЙЫМА КАМКОРДУК КЫЛАТ
Соода борбордун кардарларына камкордук көрсөткөнүн дайыма өткөргөн акцияларынан, кардарлар үчүн түрдүү жеңилдиктерди уюштуруп, көптөгөн баалуу белектерди ойнотконунан эле билсе болот.
С.Керимбаева соода борборлорунда өткөрүлгөн акциялардан баалуу белектерди утуп алууга болоруна ишенчү эмес, бирок анын бул ойдон кайтышына «Табылга» борбору себепкер болду. Керимбаева аталган жайдын 3-кабатынан ашкана эмерегин сатып алып, бир жумадан кийин кир жуугуч машина утуп алган. «Мен үйүмө керектүү товарларды арзан, сапаттуу жана кышкысын ичи жылуу болгону үчүн «Табылга» соода жайынан сатып алчумун. Кир жуугуч машинага ээ болгондон кийин кезектеги супер-утуштарга лотереялык билеттерди алуу үчүн «Табылганын» туруктуу кардары бойдон калмакчымын»,- дейт сүйүнүчүн жашыра албаган айым.
Автоунаага ээ болбой калган кардарлар да ыраазы бойдон калышты, бул таң каларлык нерсе эмес! О.Захаров аттуу кардар буларга токтолду: «Мен автоунаа уткан жокмун, бирок чаң соргучка ээ болгонум деле мага чоң кубаныч тартуулады. Үйдөгү чаң соргуч эскирип, жакшы иштебей калган. Бул белек биздин үй-бүлө үчүн эң пайдалуу болду».

«ТАБЫЛГАДАН» СООДА КЫЛЫП, ХОНДА ФИТ УНААСЫН УТУП АЛЫҢЫЗ!
«Табылга» соода борбору тарабынан уюштурулган лотереяга кандайдыр бир себептер менен катышпай калдым деп кабатыр болбоңуз. Соода жайынын администрациясы туура тандоо кылып «Табылганы» тандаган кардарларын эч качан унутпайт.
Жакынкы күндөрү жаңы акция старт алганы турат. Акциянын жыйынтыгында Хонда Фит унаасы «Табылга» соода борборунун кардарларынын арасынан өз ээсин тапмакчы. Акция муну менен гана чектелип калбайт. Баалуу белектердин саны да, жеңүүчүлөрдүн саны да көбөйөт.
«Табылга» соода борборунун администрациясы замандын талабына жараша өз кардарларына бардык ыңгайлуулуктарды түзүп берүүгө талбай эмгек кылышат. Күндөн күнгө сатып алуучуларга товарлардын түрдүүлүгү, тейлөө кызматынын жакшырышы жана да соода борборун кыдыруудан бир гана ырахат алчудай атмосфера түзүү үчүн аракеттер көрүлүп келет. Буга далил катары жаңы маалыматтык терминалдардын орнотулушун айтсак болот. Эми сиз соода борборун кыдырып отурбастан, маалыматтык терминалдардан кайсы бутикте кандай товарлар сатылат, сатуучулар менен байланыш, товарлардын сүрөтүнөн бери көрүүгө мүмкүнчүлүк ала аласыз. Ошондой эле ар бир кабаттын жайгашуу орду боюнча да маалымат алып, өзүңүзгө керектүү бутикти кыйналбай, оңой эле таап барасыз.
Соода борбордун администрациясы «Табылганы» тандаган ар бир кардарга ыраазычылык билдирет. Ыраазычылыгын жөн гана билдирип койбостон, көптөгөн акцияларды уюштуруп, баалуу белектерди берүү менен кардарларын ар дайым кубантууга даяр.
«Табылга» соода жайында өткөрүлгөн акциялардан дайыма кабардар болгуңуз келсе, www.tabilga.kg сайтына кириңиз. Эске сала кетчү нерсе, «Табылга» соода борборуна кире кетүүнү унутпаңыз. Бул жерден сиз үйүңүзгө керектүү бардык товарларды: кичинекей бурамадан баштап электр генераторлоруна чейин, ийнеден тарта шуба, кичинекей отургучтан  европалык өндүрүшчүлөрдүн эмеректерине чейин таба аласыз.   
«Табылга» соода борбору – сизге керектүүнүн баары бизде бар!

Александр Жуков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан