Алина Жетигенова: «БИЗДИН СҮЙҮҮГӨ ИНДИЯ КИНОЛОРУ КАРААНДАБАЙТ»

Биз бул ырчынын ырлары менен чоңойгонбуз. Сахнада ордун басар уул-кызды тарбиялап өстүргөнүнө карабай, эжекебиз дале жапжаш бойдон. Акыркы жылдары сахнага көп чыкпай, күйөрмандарын сагындырып да коюуда. Көңүл буруңуздар, биздин маек төрүбүздө Алина Жетигенова конокто.

ЭМНЕНИ ЖАКТЫРАСЫЗ?
– Кандай жасалганы жактырасыз? Алтын, күмүш...
Жасалгаларга такыр кызыкпайм.
– Кийимдин кайсы стилин?
Классика.
– Кайсы гүлдү?
Роза.
– Кандай үлгүдөгү машинаны?
Дегеле машинага кызыкпайм.
– Шараптын кайсы түрүн?
Шампан.
– Таттуунубу, ачуунубу?
Ачууну.
– Капчыктуу эркектиби, акылдуу эркектиби?
Экөөнүн ортосун.
– Конок тоскондубу, конокко баргандыбы?
Көбүнчө конокто жүрөм, бирок конокту берилүү менен тосом.

– Алина эже, туулган күнүңүздү майрамдап, кубанып турган учуруңуз экен, биз да куттуктайбыз.
– Чоң рахмат.
– Баса, биринчи карыңыз менен. Кышты жактырасызбы?
– Ар мезгилдин өз жыргалы бар да. Кар жаап, аба муздаган учурда көчөдөгү чаң эле эмес, жан дүйнөлөрдөгү кир да тазаланчудай туюлат. Бирок жыл мезгилдеринин ичинен жаз өзгөчө жагат.
– Жылдыз белгиси боюнча чаян экенсиз. Адатта “чаяндар сүйүүгө туруктуу, анан да сүйгөн адамын каалаганча кыйнаганды жакшы көргөн адамдар болушат” дешет. Сиз кандайсыз?
– Ошондой экенбизби, ээ? Жылдыз белгим чаян болгону менен, жылым балык. Мүнөзүмө карап жакындарым “сен чаян эмес, балыкка көбүрөөк ооп кеткенсиң, эч кимге катуу айта албайсың” дей беришет. Жездеңерди деле жөнү жок чакпасам керек.
– Өткөндө Бек Борбиевдин концертинде теңтуш сахналаштарыңыз менен чогуу ырдадыңар. Алардын алдында 18 жашар кыздай көрүнөт экенсиз. Жаштыгыңыздын сыры эмнеде?
– Чынында, өзүмдү катуу диета менен кыйнап көргөн эмесмин. Мага майлуу болбойт, таттуу болбойт деп тамакты деле ылгабайм. Толуп кетпегеним, жаш көрүнгөнүм апамдан өтсө керек.
– Бир кезде Кыргызстандын жаштары бир ооздон “Арген, Арген” деп ырдап калышкан эле. Азыр сахнадан көрүнбөй кеттиңиз. Эс алууга эрте чыгып кеткен жоксузбу?
– Жо-ок, пенсияга чыгууга али эрте. Сахнага чыкпаганым менен, жаңы ырларды жаздырып жатам. Бирөөнүн сөзү бышпайт, биринин аранжировкасы дегендей... Жакында неберем деп ырдап чыктым. Негизи, мындай ырларды өзүңдүн башыңдан өткөндөн кийин ырдаган жакшы да. Мен болсо элестетип ырдадым.
– Таене же чоң эне болор күнүңүз жакындап калган го, анда?
– Чоң эне эле болбосом, таене болууга али эрте го дейм. Азелям өзүнүн чоңойгонун деле сезе электей. Жынсы шым, майка-футболкадан чыкпай эле, так секирип жүрөт.
– Кызыңыз Азель, уулуңуз Азиз да сахнада жүрүшөт. А жездебиздин ырга-бийге шыгы барбы?
– Эржан – юрист. Ырга-бийге эч бир шыгы жок. Өзү орус мүнөз, мектепти орусча окуп калганынанбы, кыргыз ырчыларын кыйратып тааныбайт дагы. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин деле кокус теледен менин ырдап жатканымды көрсөтүп калышса, Эржанга экранды көрсөтпөй далым менен тосуп туруп алчумун. Кандай сын айтат деп кыжалат болчу элем да.
– “Экөөнүн ортосунда өзгөчө оттуу сезимдер болгон” деп угуп калабыз. Балким, айтып берерсиз. Кайдан, кандайча таанышып, кол кармашып калдыңар эле? Сизди “ал кезде үй-бүлөлүү болчу” деп айтышат го?
– Эми өткөн-кеткенди козгогондо эмне? Биз жаш кезде ала качуу деген жаман бир адат мода болчу да. Мен да ошондой тагдырга туш болгом. Кийин ырдап жүрүп тагдырым өзгөрүп кетти.
– Кандайча?
– Кимдин тою экени так эсимде жок, айтор, эки-үч ырчы менен чогуу барып бир тойдо ырдап бергенбиз. Эржан коноктордун арасында бар экен. Атым Алина экенин эстеп калыптыр. Кийин мени кантип табардын айласын таппай “ырчылар болушу мүмкүн” деген жайлардын баарына телефон чалып сураштыра баштаптыр. “Опера-балет театрына, драма театрга, Спорт Ордосуна, филармонияга чалып отуруп сени таап алгам” деп азыр эстеп, күлүп калат. Ошентип таанышканбыз. Анан индия кинолору биякта калсын дечүдөй сезимдерге чулганып... Тагдыр экен, экөөбүз чогуу жашап калдык.
– Чаяндар өтө кызганчаак болушчу эле. Үй-бүлөдө ким кызганчаак, сизби, жездебизби?
– Мурун Эржан абдан кызганчаак болчу. “Эмнеге тиги жакты карап ырдадың, бул адам менен эмнеге өбүшүп учураштың?” деген өңдүү сурактары менен жанды кейитчү. Кийин көңүлү тынчыды окшойт, ырчылык турмушума түшүнүү менен карап калды. Кезегинде мен деле андан өтө кызганып койчумун. Эми токтолбодукпу.
– “Ал мен эмес, ал мен эмес. Ал менден калган бир элес...” деп ырдап каласыз. Бул саптар жаштык кезде калган сүйүүңүзгө арналганбы?
– Ырдын тексти адамды ушул ойго жетелейт, ээ? Ырдын тексти да, обону да Бек Борбиевге таандык. Ыр жазып бер деп заказ берип калдым. Бир күнү ал чалып “Алина, келсең, сонун ыр болду же өзүм эле ырдасамбы?..” деп калды. Бул сөзүн угуп жанталашып барып калсам, кыңылдап ырдап отуруптур. “Чын айтам, өзүм эле ырдайынчы, жагып жатат” дейт. Мен “нечего, бул менин заказым. Келе!” деп шаштырып жатып жазып кеткем. Ошол шашканымдан айрым ноталарды туура эмес ырдап коюптурмун. Бирок ушул обону деле өзүмө жагат.
– Ушул күнгө чейин Мирлан Жетигеновду бир тууган иниңиз экен деп жүргөм. Жакында “Мирлан кийин эле Жетигенов болуп алган” деп уктум, ошол чынбы?
– Укканың го чын. Бирок Мирландын биз менен бир тууган эмес экенин деле унутуп калганбыз. Улуу байкем Мирланды уул тутунган. Ошол кезден бүгүнкүгө дейре катышып, чогуу иштешип келе жатабыз.
– Азиз, Азель жөнүндө көп айтылат. Бирок кенже уулуңуз тууралуу эч кеп-сөз жок. Эмне үчүн?
– Анткени Алтынбегим чоң атасы менен чоң энесинин баласы да. Аны 3 айынан багып алышкан. Эржан экөөбүз аны “уулум” деп эркелетип койсок, атасы менен энеси бултуңдап таарынып кетишет. Кары кишилерди капа кылбайлы деп биз да көп үзүлүп түшө бербейбиз.
– Өткөн күнгө өкүнүчүңүз барбы?
– Өткөнүмө өкүнбөйм.
– Бактылуусузбу?
– Ооба. Бул кепти сый үчүн эле айтып жатканым жок. Мен чын эле турмуштан ордун тапкан бактылуу аялмын.
– Анда бакыт кесеңиз такыр чайпалбасын, төгүлбөсүн. Ишиңизге ийгилик.


Жылмайып коюңуз!

Алина Жетигенова­нын кон­церти бүткөн соң жанына бир киши басып келип, өзүн күйөрманыңмын деп тааныштырат да сурайт:
– Сиз белгилүү ырчысыз. А эмне үчүн концерти­ңизде эл аз?
– Кандайча аз? Менин концертимде билеттер 1000 сомго чейин чыгат.
– Ие де. Эмнеге дисктериңиз сатыл­байт?
– Толтура эле сатылат. Шаардын ар бир бурчунан менин дисктеримди табасыз. Мен жөнүндө кыйратып эч нерсе билбейт экенсиз, анан кандайча күйөрман болосуз?
– Кайдагы күйөрман, мен салык инспекциясынанмын.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
manasjan
2009-11-17 18:46:27
Койногунуз аябай кооз экен, бирок макияжыныз ото эле коп болуп калыптыр!
0
shaytan
2009-11-18 14:49:39
Баракелде!!!!!
0
meerihka
2009-11-18 16:57:13
Очень красивая певица Алина Жетигенова
0
Mile
2009-11-19 10:38:20
Алина эженин уну озгочо. Бир ыры бар го, "Андан коро ак суйуунду алмаштыр, уй-булоно балтыр бешик балана" деген жери жагат да.
0
shaytan
2009-11-19 18:01:44
Жооооооооооооок!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан