– Башымды жууганда, тараганда же болбосо жөн гана жайып жүрсөм да чачым тутамдап түшүп ыңгайсыздык жаратат. Курбуларымдан сурасам, алардыкы жазында бир аз түшөт экен, меники бардык учурда түшөт. Чачымдын баары түшүп, таз болуп калбаймынбы? Бул маселеден кандай жол менен арылса болот?
Алия, Нарын шаары
– Чач түшүү – бул оору. Туура эмес тамактануудан, тамак жакшы сиңбей калганда, өт, боор жакшы иштебегенден, витаминдердин жетишсиздигинен да чач түшөт. Чачка туура эмес кам көрүүдөн да маселе жаралат. Жулмалап ар кандай чач жасалга жасоо, кышында сыртта жылаңбаш жүрүү жана стресс да чачтын түшүшүнө жеткирет.
1. Ар нерсеге ачууланбай, өзүңүздү тең салмакта алып жүрүңүз. Убагында жана 7 сааттан кем эмес уктоо зарыл.
2. Витаминдерди, кальций, цинк ичиңиз.
3. Чачтын түбүн жакшыртып, калыпка келтире турган «настойка стручкого перца» деген бар. Бир жумада эки жолу чачтын түбүнө ошол боткону сүйкөш керек. Андан сырткары пияздын ширесин чачтын түбүнө сүйкөп, башты жылуу ороп жатыңыз. Эртең менен шампунь колдонуп, жылуу суу менен чайкап коюңуз.
4. Жашылеча-жемиштерди, сүт азыктарын көбүрөөк жеңиз.
5. Чач түшүп жаткан убакта таракты азыраак колдонуңуз. Колуңуз менен башыңызды жеңил укалап туруу сунушталат. 6. Күндүн түз тийген нурунан, сууктан коргонуңуз. Суукта баш кийим кийиңиз, бирок башты кыспаганын тандоо оң.
Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.Жибек Мурсакматова
kenesh@super.kg