«КАНТКЕНДЕ КАКАЧТАН АРЫЛАМ?»

– Мен көптөн бери какачтан арыла албай келем. Чачымды бир айда бир боёйм, боёктун деле сапаттуусун тандаганга аракет кылам. Түрдүү шампундарды алмаштырдым, натыйжа жок. Кийимдердин ачык түстөгүсүн тандаганга аракет кылам, анткени кара же күрөң түстөгү кийим кийсем, үстүмө кар жаагандай эле болуп калат. Кеңеш бериңиздерчи...

Жылдыз, Сокулук району

– Какач грибоктун эң же­ңил түрү. Бул да иммунитет түш­көндө пайда болот, жугуштуу. Чачка кам көрүү туура эмес, же сиздин териңиз кур­гак. Какач стресстен, организмде туура эмес процесс жүр­гөндөн жана көпчүлүк учурда В витамининин жетишсиздигинен пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле туура эмес шампунь колдонгондон да пайда болот.
1. Какачка каршы атайын шампундар бар. Алар менен жумасына эки жолудан чачыңызды жууп туруңуз.
2. Күнүнө 2-3 литрден кем эмес суу ичип туруу керек.
3. Чач боёкторду тандоодо курамына аммиак кошулбаганын сатып алыңыз.
4.
Плойка, фенди көп колдонбоону сунуш­тайт элем.
5. Чачыңызды бош убакыт болсо эле тарап турууну адатка айлантыңыз. Бат-бат тараганда баштын терисиндеги кан айлануу жакшырат.
6. Курамында В витамини бар балык, помидор, бадыраң, капуста, сабиз, грек жаңгагын тамак-аш ра­цио­ну­ңузга кошуңуз.
­Какачтан арылуу үчүн тө­мөнкү боткону колдонуңуз.
2 чай кашык балга 2 жумуртканын сарысын, 2 чай кашык уйгак майын кошуп аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. Башыңызга сиңгиче жарым саат коё туруңуз. Андан соң шампунь менен жууп салыңыз.

Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА жооп берди.


«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Жибек Мурсакматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Venchuk
2014-10-20 13:43:13
Кимге кандай экенин билбейм бирок мен азыр Хаяттын шампунун жана бальзамын колдонуудамын буюрса чачтын тушкону токтоп,какачтан айрылдым. Же болбосо кар эмес мондур жаагандай эле болчу
0
fea1990
2014-10-20 13:43:28
Уйгак май деген эмне? Кандайча?
0
Compact
2014-10-20 14:30:03
fea1990, репейное масло
0
Jamalym
2014-10-20 17:00:42
fea1990, уйгак май-рейпейное масло
0
Jamalym
2014-10-20 17:01:34
Репейное (!)
-1
lampard8
2014-10-21 04:24:36
адистин кенеши дегенге кайрыла албайтам супер инфо?
0
admin_superstan
2014-10-21 09:43:53
lampard8, саламатсызбы!
Электрондук дарегиңизден kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз. Ал үчүн "Кому" же "То" деген сапка kenesh@super.kg дарегин жазып, катты жөнөтөсүз.
0
Kitaioza
2014-10-21 10:10:59
Тибет чоптору мн жасалган шампунь бар какачтан арылаарына кепилдиги бар,купуяга тел жаз байланышалы.
0
ekaterina
2014-10-23 01:47:38
чач агарганга каршы кандай дары же витаминдер керек.жазсанар жакшы болмок. супер инфо.рахмат
0
admin_superstan
2014-10-23 10:10:55
ekaterina, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
Aliyar85
2014-10-23 21:23:37
коменттер рекламага айлана жаздаптырго)))
0
Ayka1994
2015-06-11 21:54:01
рахмат
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан