ИЧ КАТУУ РАК ООРУСУНА ЖЕТКИРЕТ

Ич катуу – негизинен аз кыймылдуулук менен туура эмес тамактануудан чыгат. Ал эми өнөкөт ич катууда түрдүү ооруларга, анын ичинде рак оорусуна чалдыгуу коркунучу бар. Бул тема боюнча кененирээк маалымат.

ИЧ КАТУУДА КАНДАЙ ООРУЛАР КЕЛИП ЧЫГАТ?
Ич катуу дегенде, заңдардын ичегиде узакка туруп калуусун же ичегинин начар иштөөсүн түшүнөбүз. Жоон ичегиде заңдын топтолуп калуусу ичегинин чоюлуп, формасын жана өлчөмүн жоготуусуна жеткирет. Мунун айынан ички органдар кысылып, жакшы иштей албай калат.
Адам тамак жей бергени менен заң сыртка чыкпаса, анда заңдагы уулуу заттар жоон ичегинин капталдары аркылуу канга сиңет. Анан кан аркылуу бүт денеге тарайт. Мындай учурда боор, тери, өпкө да чыңалып иштейт. Оор жүк боорго түшөт. Натыйжада эскирген заң иммунитетти начарлатат. Мындай уулануу организмди оор ахыбалга жеткирип, түрдүү оорулардын келип чыгышын шарттайт. Башкача айтканда, сасык тумоодон баштап, аллергия, жүрөк-кан тамыр, тери ооруларын пайда кылып, ички бездердин иштөөсүнө да терс таасирин тийгизет. Алтургай рак оорусунун келип чыгуусу да толук мүмкүн.
Ич катуунун өтүшүп кетишинин белгилери: Оор дем алуу, тилдин үстүн кебер басуу, бат чарчоо, теринин жана чачтын өңүнүн бузулушу, безеткинин чыгышы, теринин кургак тартышы эсептелет.
Ошондой эле баш оору күчөп, маанай чөгүп, эс-тутум начарлап, жүрөктүн согушу өзгөрүп, ооздо жагымсыз жыт пайда болот. Кээде көңүл айлануу, кусуу, зарына да байкалат. Ич катканда адам ыйына берип геморройго да чалдыгат.

СЕБЕПТЕРИ
Ич катуунун себептери толтура. Антсе да негизги себептери төмөнкүлөр:

  • Нервге байланыштуу факторлор;
  • Аз кыймылдуулук;
  • Туура эмес тамактануу;
  • Ичегилердин сезгениши;
  • Ички бездердин иштөөсүнүн бузулушу ж.б.
  • Тамеки тартуу жана баңгизатын колдонуу;
  • Сууну аз ичүү.

Нервге байланыштуу факторлор. Ички органдардын иштөөсүн жөнгө салып туруучу нерв системасына күч келсе, адамда ич катат. Буга катуу кайгыруу, коркуу, басынып, чүнчүп кетүү, күндөлүк режимдин, эс алуунун бузулушу жана башкалар кирет.
Аз кыймылдуулук. Физикалык активдүүлүктүн аз болушу ичегинин иштөөсүн начарлатып, ич катууну жаратат. Бул өзгөчө кары адамдарда байкалат. Жөө басуунун ордуна дайым унааны колдонуу да ичегинин иштөөсүн начарлатып, ич катууга алып келерин ар бир жаран билиши керек.
Туура эмес тамактануу. Учурда көптөгөн адамдар атайын иштетилүүдөн өткөн тамак-аштарды көп колдонушат. Анткени алар даамдуу жана даярдоого ыңгайлуу. Мисалы, эттин ордуна колбасаны, ботконун ордуна мюслини, жашылча-жемиштердин ордуна ширелерди, кола, фанта сыяктуу суусундуктарды ж.б. Жыйынтыгында күндөлүк тамак-аштын рационунда клетчаткалардын (өсүмдүктүн негизги курамын түзүүчү зат) саны азаят. Клетчаткалар болсо кара нанда, жашылчаларда, күрүчтө жана башка акшактарда (сулу, арпа ж.б.) бар.
Бат даярдалып жана сактоого ыңгайлуу тамак-аштарды чыгарууда түрдүү консерванттар жана даамы менен өңүн жакшыртуу үчүн кошулмалар кошулат. Булардын баары организмде, анын ичинде ичегиде рактын пайда болушуна алып келүүчү уулуу заттардын көбөйүшүнө жеткирет.
Өнөкөт ич катууда андай зыяндуу заттар организмден чыкпай, тескерисинче топтоло берет.
Андыктан тамак-ашта мюслини, колбаса, сосискаларды, ширелерди, жумурткаларды, таттууларды азайтуу керек. Бат даярдалуучу гамбургер, хот-дог, консерва сыяктууларды жана кола, фанта суусундуктары менен кошо этти, малдын майын да азайтуу зарыл. Анткени эт менен малдын майы эң кеч аш болуучу азыктарга кирип, ичегиде көпкө кармалып, ичегинин иштөөсүн акырындап бузуп, ич катууга жана башкага алып келет.
Ич катпоо үчүн убагында туура тамактануу, жашылча-жемиштер менен кошо акшактан (күрүч, таруу, арпа, сулу, гречка, акталган буудай) жасалган ботколорду колдонууну унутпоо керек. Ич катууга бат-бат кездешкендер кофеден, кызыл демделген чайдан, шоколаддан, ак нандан, манна боткосунан жана шараптан баш тартуулары керек.
Ичегилердин сезгениши. Мите курттар, дисбактериоз, көтөн чучуктун жарылып кетиши, ичегиде жаранын болушу ичегини сезгентет. Оорудан улам адам дааратканага баруудан качып, ичтин катуусу жаралат.
Ички бездерди­н иштөөсүнүн бу­­­­­зу­­лу­шу. Богок, уйку, жыныс бези сыяктуу без ооруларына чалдыккандарда да ич катуу күтүлөт. Андыктан эндокринологго кайрылып, дарылануу менен катар ич катуудан да арылуу кажет.
Тамекини көп тартуу жана баңгизатын колдонуу да ичегинин иштөөсүн бузуп, ич катууга алып келет.
Сууну аз ичүү. Адам ич катпоо үчүн күнүгө 2,5 литрге чейин суюктук (чай, минералдык суу ж.б.) ичиши керек.

КАНТИП КУТУЛУУГА БОЛОТ?

  • Мүнөздөп тамактануу. Өнөкөт ич катууга чалдыккандар дарыгерге кайрылып, текшерилип, атайын диета түздүрүп алуулары кажет.
  • Тамактануунун режимин сактоо. Күнүнө 4-5 жолу тамактануу шарт. Жогоруда айткандай, ичегини тазалап туруучу касиетке ээ акшактарды колдонуу зарыл.
  • Кыймылдуу болуу, жөө басуу, велосипед тебүү, кара жумуш кылуу ичегинин жакшы иштөөсүнө жеткирет.
  • Дары-дармектерди, клизманы колдонуу. Бирок өз алдынча эмес, врачтын кеңеши менен гана колдонуу керек. Анткени туура эмес колдонуу организмди ого бетер алсыздандырып, ооруну күчөтүп жиберет.
  • Ичегилерди атайын аппараттын жардамы менен тазалатуу керек (колоногидротерапия).
  • Тамеки тартуудан жана баңгизатын колдонуудан баш тартуу зарыл.

Эскертип кетүүчү нерсе, ич катуу өнүгүп, дары-дармек жардам бербей турган болсо, анда операциялык ыкма колдонулат.


Элдик медицинадан

ИЧ КАТУУДАН АРЫЛУУ ҮЧҮН...

  • Эң жөнөкөй ыкманын бири. Чийки кызылчаны көзү майда сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алуу кажет. 50 грамм ширенин үстүнө 50 грамм айранды кошуп, 3 саат коюп коёбуз. Дары-аралашма ичүүгө даяр.

Дарылануу курсу 1 ай. Муну колдонгон соң ичегилер калыптагыдай иштеп калат. Бул ичегиге гана жардам бербестен, боордун да иштөөсүн жакшыртат.

  • Эртең менен 2 аш кашык таза кебектин үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, демдеп коюу кажет. Анан суусун төгүп салып, кебекти ач карын жеш керек. Муну 10 күн кайталоо кажет.
  • 2 аш кашык сулунун үстүнө 300 грамм ысык суу куюп, кайнатуу керек. Анан аны сүзүп алып, суусун 50 граммдан ичүү кажет. 5 күн кайталаса жетиштүү.
  • Инжир менен алкорунун (кара өрүк) кагынын үстүнө кайнак суу куюп, түнү менен тыныктыруу кажет. Эртеси аз-аздан иче берсе болот. Канча күн ичсе да уруксат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан