РОСИНБАНК БЕЛЕКТЕРДИ ТАРАТАТ

«РОСИНБАНК» ЖАҢЫ АЧЫЛЫП ЖАТКАН АМАНАТ ТҮРЛӨРҮН 3 ЭСЕГЕ КӨБӨЙТТҮ!
«Росинбанк» ААКсы аманаттар үчүн «Белектер мезгили-2» акциясын улантып, кардарларын сүйүнтүп жаткан маалы. Бул кызматты пайдаланып жаткан кардарлар  ыраазычылыктары менен бөлүштү.
«Росинбанктын» аманат  түрлөрү универсалдуу болуп, бардык шарттарга ылайыкташтырылган. «Классикалык» аталыштагы аманат  түрлөрү каражатты көп убакытка сактап жана көбөйтүүнү каалаган кардарларга төп келсе, «Мультивалюталык» акчалардын курстарга болгон коркунучунан сактайт. «Эркин» аманат түрү каражатты эркин топтоого ыңгайлуу болсо, «Жеке» аманат ар ай сайын каражатты алып, кайра толуктоону, пайыздык кирешени алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Муну менен «Росинбанк» ААКсы каражат топтоонун жана аны көбөйтүүгө жумшалган финансылык куралдардын универсалдуу түзүмүн түзүп, аманатчылардын бардык талаптарына жооп берет.

«ЭРКИН» АМАНАТ
Анна Васильева аттуу пенсионер банктын эзелки кардары болуп эсептелет жана ар дайым акциялар тууралуу кабардар болуп турат. «Мен көптөн бери «Росинбанктын» кызматынан колдоном жана бардык каражаттарымды ушул жакта сактайм. Себеби бул банкка ишенем. Жаңыдан жүрүп жаткан акция айрыкча пенсионерлер үчүн абдан ыңгайлуу экен. Анткени биздин акчалар көбөйүп жатпайбы. Жеке өзүм «Эркин» аманат түрүн тандадым жана мага белек камдап койгонуңар абдан кубандырды». 

«МУЛЬТИВАЛЮТАЛЫК» АМАНАТ
Курманбек Олжобаев, ири компанияларынын биринде кызматкер, «Мультивалюталык» аманат түрүн жаңыдан ачты.
«Мен, негизи, банктарга анча ишенбейм жана өзүңдүн каражатыңды көзөмөлдөй албагандыгы анча жага бербейт. Бирок «Росинбанктын» жаңы сунушу мени кызыктырды. Эми менин каражатым сакталып гана тура бербестен, валюталарды өзүң каалагандай курска алмаштырып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет. Дагы бир жагымдуу жери, акча алып же төлөөдө эч кандай  комиссия төлөнбөйт экен.»

«ЖЕКЕ» АМАНАТ
«Белектер мезгили-2» акциясы аманатчылар үчүн каражат топтоого ылайыктуу тарифтерди түзүп берет. Ал эми банктын белектери кардарларды кубанткандан тышкары күз-кыш мезгилинде жагымдуу маанай тартуулайт. «Бул акция мени биринчиден ылайыктуу шарттары менен кызыктырды. «Жеке» аманат түрү менен ай сайын 500 сомдон чогултсам болот экен. Бул аманат түрү мага окшогон туруктуу айлык албагандар үчүн өтө ыңгайлуу. Ошондой эле ар ай сайын мага пайыздык кирешелер төлөнүп турат. Белек үчүн чоң рахмат!»,- деп бөлүштү студент Алина Макешова.

«КЛАССИКАЛЫК» АМАНАТ
Тарифтик топтомдор ар кандай шарттарга ылайыкташтырылып, кардарлар үчүн ири сатып алууга же капиталдык салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Юрист Борис Нам бардык тарифтерди талдап чыгып, өзүнө ылайык болгонун тандады. «Мен жакында эле жаңы акция тууралуу жарнаманы көрүп, бул банктын кардары болуп калдым. «Росинбанктын» аманат тарифтери абдан ыңгайлуу жана ар бирибизге төп келчүдөй. «Классикалык» аманат түрү банктардын арасынан эң көп киреше пайызы бар саналат өңдүү. Бюджетти кылдат талдап, аны сактай билген адам үчүн бул ойдогудай вариант».
Бул акция ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
«Росинбанк» – 2013-жылы негизделген, Орусия капиталы менен иш жүргүзгөн кыргыз банкы. Банктын кардарлары уламдан улам көбөйүүдө жана бул көрсөткүч 2014-жылдын 1-июлуна карата 1,5 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө банк жогорку деңгээлдеги инфраструктурасы бар, көп профилдүү финансылык мекеме жана өсүү темпи боюнча алдыңкы беш банктын катарына кирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан