Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты: «ЭГЕРДЕ БИЗ 61 МЕКЕМЕНИ КУРСАК ИШ ОРУНДАРЫ ТҮЗҮЛӨТ»

Жайында, эс алуу күндөрүндө башка депутаттар чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшсө, Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү» тобу Орусиянын бир топ шаарларына барып, мигранттар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп кайтышкан. Мигранттарыбыздын биз билбеген кандай көйгөйлөрү бар, алар мамлекетке кайрылып келишеби? Мунун жообун депутаттын өзүнөн уксак.

– Бакыт Эргешевич, Орусиянын канча шаарын кыдырып, ал жакта көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан мигранттар менен жолугуп келдиңиздер?
– Орусиянын алты шаарын кыдырып, кыргыз мигранттар менен жолугуп келдик. Базарларын, курулуш жүрүп жаткан жерлерди, кафелерди, кайсы жерде биздин мигранттар иштеп жатса, ошол жерди кыдырып көрдүк. Чынын айтканда, ар бир жолугууда «кандай маселеңер бар?» деп сурасак, бардыгы бир ооздон «өзүңөр тынчсыңарбы, амансыңарбы? Кыргызстан тынч болуп өнүгүп, жакшы жылыштар болсо экен деп тилейбиз. Анткени эртеби-кечпи биз мекенибизге барабыз. Ал биздин мекенибиз» дешти. Ал жакта мыйзам жолу менен жүргөн жарандарда маселе дээрлик жок. Биздин жарандар мыйзамды бузса, жумушка уруксат берүү кагаздарынын мөөнөттөрүн өткөрүп жиберсе, анда ал мыйзам бузуу болуп эсептелип, автоматтык түрдө кара тизмеге киргизилип, Орусиянын аймагынан чыгарыларын айтышты. Ал жаран кайра кирүүгө уруксат ала албай калат. Мигранттар андан коркуп мамлекет, өкмөт, президент тарабынан ушул маселени бир аз жеңилдик кылып, көйгөйлүү маселелерди чечип берсе деген ойлорду айтышты. Бул тууралуу президентке билдирүү жазып, өкмөткө, парламенттер аралык комитетке да билдирүү таратып, ушул маселени жеңилирээк кылып бергендин аракетин көрүп жатабыз. Мисалы, машинени атайын жайга токтотуп, бирок акысын дароо төкпөсө, мыйзам бузуу болуп эсептелинет экен.
Эгерде үч жолу мыйзам бузса кара тизмеге киргизилип, андан чыгыш үчүн биздин жарандардын бир топ түйшүк тартарын айтышты. Кырсык басып каза болгон мигранттарыбыздын сөөгүн мекенибизге жеткирүү боюнча бир топ маселелер бар экен. Бирок мен алардын ынтымагына баа бердим. Кайсы райондун жараны каза болсо, ошол райондун мигранттары 100 миң рублга чейин топтоп, Кыргызстанга сөөктү узатышат. Сөөктү Кыргызстанга алып келүүдө мындай жүктү бир гана «Кыргызстан» авиакомпаниясы кабыл алат экен. Ушул жагын башка компаниялар менен келишим түзүп, жок дегенде бекер жеткирип берүү жагын караштырсак жакшы болмок.
Мындан сырткары медициналык кароо дагы кыйын экен. Себеби ал жакта ооруганда 3 гана саат бекер кабыл алып, калганына акча төлөөгө туура келерин уктук. Ушул жагын сүйлөшүп, жеңилдик кылып берсек жакшы болмок. Биз алты шаарды кыдырып, администрация башчылары менен жолуктук. Алардын биздин жарандарга мамилеси жакшы эле экен, болгону мыйзамды бузбай жүрсө жакшы боло тургандыгын айтышты. Кайра келе жатканыбызда чек арада биздин жарандардын кыйналып жаткандыгы байкалды. «Өзүбүздүн мекенибизге сүйүнүп келе жатсак биздин чек арачылар кыйнайт, баштыктарды чачышат» деп нааразы болушту.
Малик Мырзаев деген жигит «Бир тууган агам каза болуп калган. Сөөгүн алып келе жатканда Орусиянын, Казакстандын чек арасынан сөөк бар экен деп текшербей өткөрүп жиберишкен, кармашкан эмес. Бирок биздин «Ак-Жол» постунда 2014-жылдын 24-апрелинде өлүктүн документтерин сурап, 2 сааттан ашык кыйнашты, акча сурашты» дейт. «Биз айла жок орус жарандыгын алганбыз. Кыргызстанга барганда сен орус жарандыгын алыптырсың деп мигранттардан жогорку суммада акча сурашат. Медициналык жактан да акчаны көп талап кылышат жеңилдиктерди жасап берсеңер» деген ойлорду айтышты. Бир жылда биздин мигранттарыбыздан 2 миллиард доллар келет экен. Бул кыргыз экономикасына салынган чоң салым. Муну мамлекеттин деңгээлинде терең ойлонуш керек. Ушул биздин мигранттардын акчасын алып жаткан жерде аларга шарт түзүп беришибиз абзел.

Мигранттардын маселесин чечүүдө сиз өкмөткө кандай талаптарды коюп жатасыз?
– Бүгүнкү күндө биздин 100 миң жараныбыз кара тизмеге катталыптыр. Алар Орусиянын аймагында укук коргоо кызматкерлеринен качып, иштеп калуунун амалын издеп, аракет кылып жатышат. Жеңил мыйзам бузууларды жасаган мигранттарыбызды кара тизмеге киргизбесин жана биздин жарандардын ден соолуктарын кароо боюнча шарт түзүп берүүсүн, алардын иштеген акыларын соцфонддон каратып коюусун өкмөттөн талап кылат элем. Себеби алар салык төлөп жатышат. Соцфонддун төлөмдөрү кийин келечекте пенсияны алганга шарт түзүшүбүз керек. Өтө оор кылмыштарды кылган болсо, ошондой эле баңгизаттарды ташып, уурулук жасаса, анда алар мыйзам чегинде жазасын алсын деп өздөрү деле айтып жатышат.

– Мамлекетти карап отурбай «Өнүгүү-Прогресс» партиясы мигранттар үчүн кандай шарттарды түзүп берели деп жатасыздар?
– Биз, биринчиден, өзүбүздү тааныштырдык. Экинчиден, «Кыргызстанда мамлекетти карабай, өзүбүздүн күчүбүз менен сиздердин иштетилбей калган жерлерди иштеткенге аракет кылып жатабыз. Ата-эне, бир тууган, балдарыңардын ден соолугун караганга аракет кылып жүрөбүз. Бул жерде силер тапкан акчаны жөн эле коротуу үчүн эмес, сиздер менен биргеликте бир мекемени ачалы» деген ойлорду айттык. Бизде «61» деген программа бар. Ал Кыргызстанда 61 мекеме ишкана куруу боюнча түзүлгөн. Учурда пландалган 61 мекеменин ичинен 15 мекемени ачтык. Биз мигранттарга «Сиздер менен биргеликте МТСтерди, тигүү цехтерди ачалы. Бажы союзга кирели деп жатабыз. Мөмө-жемиштерди иштетип, Орусия менен биргеликте соода иштерин жүргүзөлү» деп айттык. Томск шаарында атайын алма жөнүндө фильм көрсөттүк. Алманы кестирип кургатып, таңгактап жатабыз. Ал жердегилер «биз бул ишке кызыгып калдык, Орусияга сатат элек» дешти. «Бизде алтындан башка көптөгөн байлыктарыбыз бар. Чөптөрдөн дары чыгарсак болот. Ушул сыяктуу иш-чараларды сиздер менен биргеликте иш алып барсак, кийин мекениңиздерге кайрылып келсеңиздер ишкана сиздердики болуп калат» деп айтып келдик.

– Сиздин партиянын алдыда кандай пландары бар?
– Эң башкы пландарынын бири – 2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуу. Эл азыр эч кимге, куру сөзгө ишенбей калды. Практика жүзүндө жасай ала турган иштерибизди көрсөтүп, ушундай жумуштарды аткара алабыз десек гана эл ишенет. Мугалимдердин, доктурлардын, маданият кызматкерлеринин, кыскасы, социалдык тармакта иштеп жаткан адамдардын айлыгын көтөрүш керек деп айтышат. Азыркы учурда айлык маселеси абдан курч. Себеби алган айлык көп болсо, 5 күндүк гана оокатына жетет. Калган күндөрү башка акчаны кайдан табабыз деген ой менен жашап жатышат. Экономиканы көтөрмөйүнчө социалдык тармакта иштеп жаткандардын айлыгын көтөрө албайбыз.
Биздин эң башкы планыбыз – экономиканы көтөрүү. «61» деген программа ушундан келип чыккан. Эгерде биз 61 мекемени курсак иш орундары түзүлөт. Миграция аз болсо да азаят. Салыктар төлөнөт. Негизги багытыбыз айыл чарбаны, экономиканы көтөрүү болуп саналат.

– Суу жок экен, электр энергиясы тартыш болуп жатыптыр. Өзбектер газ бербей койгондугунан өлкөнүн түштүк аймагы жылуулугу жок калды. Жок дегенде көмүрдүн баасын өкмөт 9 миң сомго чыгарбай, көзөмөлдөп койсо болот беле?
– Албетте, болот. Бул жерде эч кандай кыйынчылык жок. Өкмөт деген эң негизги мамлекеттеги бийлик. Ар кандай токтомдор менен өзүнүн бийлигин жүргүзсө болот. Алар «көмүрдүн баасын көзөмөлдөй алабыз» деп жатышат. Бирок бардык жоопкерчиликти компанияларга жүктөп коюуда. Компаниялар чыгымдарын эсептеп, «9 миң сомдон арзан сата албайбыз» деп жатышат. Өкмөт аларды карап отурбай Кара-Кече көмүрүнөн, башка кендерден көмүрдү каздырып алып арзан баада сатса болмок. Эгерде ушундай кадамды мамлекет жасаганда, баалары асман чапчыган компаниялар көмүрдү арзан сата баштамак. Мисалы, ар бир районго МТС ачып, арзан баада койдук эле, бардык жеке менчик фирмалар биздин баага түшүшкөн. Бир гектар жер айдоого 1900 сом баа кылганбыз. Мурдагы 3500 сомдон баа дароо 1900 сомго түшкөн. Жок дегенде компаниялар менен сүйлөшүп, «Азыр абал кыйын болуп жатат. Ушул кышты өткөрүп алалы. Туура түшүнгүлө, суу жок, газ дагы берилбей жатат. Эгерде буга макул болбосоңор, катуу чараларды көрөбүз» деп иш алып барса болмок.

– Жыйындар залында сүйлөгөндөрдүн артынан эле өкмөт башчынын кызматтан кетүү талабын коюп чыктыңыз. Себеби барбы?
– Өкмөт башчы өкмөт мүчөлөрү менен тил табыша албагандыгы көрүнүп турат. Бир командада иш алып баруу деген жок. Ар бир министр, вице-премьер өзүнчө саясат жүргүзүп жатат. Элдин арасына жолугууга барсак, «бул өкмөт менен кышты аман-эсен өткөрө албайбыз» деген коркунучу бар. Свет, газ жок, көмүр кымбат, бирок чыдайбыз дешүүдө. Кышында өкмөт биз менен биргеликте иш алып барып жазга чыгабызбы, көзүбүз жетпейт деп коркунучтарын айтып жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө жаңы коалиция шайлап, жаңы премьер шайласак жакшыраак болмок беле деген ойдо турам.

– Сиздей болуп мигранттарга жолугуп келген, эл аралаган депутат жокко эсе. Элдин бийликке болгон ишеними кандай, байкай алдыңызбы?
– Биз эл менен жолукканда дайыма депутаттарга нааразычылыгын айтышат. Мен «Урматтуу калкым. Депутаттардын бир эле айлыгы, анан микрофону бар. Микрофон аркылуу сиздердин көйгөйдү айтабыз. Калган жумушту өкмөт жасайт. Шарттарды түзүү өкмөттүн иши. Ошондуктан өкмөттү көбүрөөк сындап, суроо-талаптарды койгула» дейбиз. «Биз өкмөткө ишенбейбиз, өкмөттү силер шайлагансыңар. Биз сиздерди шайлаганбыз» деген сөздөрдү айтышат. Эгерде үйүндө свети, газы, көмүрү, тамак-ашы болсо, балдары окуп жатса, эл эмнеге бийликке нааразы болот эле? Ушулар жетишсиз болуп жатканы үчүн эл бийликке нааразы болот да.

Баян Кулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
misster88
2014-10-20 15:39:15
Азаматсыз сиздей адамдар кобойсо экен Кыргызстан онолот эле.
0
sagyn01
2014-10-20 16:17:06
Кыргызгаз сатылганда ким ооба деп добуш берген
0
Turadi
2014-10-20 17:13:09
Бардыгы кооз суйлогонду абдан жакшы оздоштурушкон.
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан