«МӨҢГҮНҮ ЭРИТПЕЙ САКТАП КАЛУУ АДАМДЫН КОЛУНАН КЕЛБЕЙТ»

15-октябрда Бишкек шаарында Экологиялык журналисттер клубу тарабынан «Кыргызстанга мөңгүлөр жөнүндө кандай мыйзам керек?» деген теманын алкагында тегерек стол уюштурулду. Анда 2014-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бирок президент тарабынан кайра иштеп чыгууга жиберилген «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзамдын иштеп жыргатпасын жана учурдагы мышык ыйлай турган абалдагы кыргыз экономикасына зыян гана алып келерин билдиришти.

САЯСИЙ КУРАЛ ҮЧҮН ЖАРАЛГАН МЫЙЗАМ
Президент Алмазбек Атамбаев бул мыйзамдын чийки экендигин айтып, Жогорку Кеңеш кабыл алган «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзамды кайра башынан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган соң аны карап чыгууга атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бардык тараптын кызыкчылыктары каралсын деп топко Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, «Кыргызалтын» ишканасынын бардыгы болуп 13 адис окумуштуулар тартылган. Алар 1 ай бул мыйзамдын күнгөй-тескейин карап чыгып, өз бүтүмдөрүн чыгарышкан. Алсак, жумушчу топтун мүчөсү, Айыл чарба министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин маалымат анализдөө борборунун жетекчиси ЕКАТЕРИНА САХВАЕВА:
– Мөңгүлөрдүн абалына тескери таасирин тийгизген иштерге тыюу салуу 20 жылдан бери иштеп келе жаткан Суу кодексинде каралган. Ошондуктан мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзамдын учурдагы өзгөчөлүгүн көрө алган жокпуз. Андан сырткары депутаттар иштеп чыккан аталган мыйзам кабыл алынган күндө да жарытылуу иштеп кетпейт. Анткени анда мөңгүлөрдү сактоо боюнча так механизмдер көрсөтүлгөн эмес. Андыктан «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоорунан баш тартып, мөңгүлөргө терс таасирин тийгизген маселелерди Суу кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен чечсек болот,- дейт.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору ДҮЙШӨН МАМАТКАНОВ бул мыйзам мөңгүлөрдү сактоо үчүн эмес, болгону саясий кызыкчылыктан улам келип чыкканын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

– «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзамды сөз кылып, көтөрүп чыккандар бул тармакты таптакыр түшүнүшпөйт. Алар мыйзамды «Кумтөр» ишканасына жолтоо болуу үчүн «Давыдов мөңгүсү жок болуп жатат» деп болгону саясий курал катары көтөрүп чыгышты. Бул керексиз мыйзам. Мөңгү деген эрийт, сууга айланат. Жаратылыштын мыйзамы ушундай. Ага каршы чыгып, мөңгүнү ээритпей сактап калуу адамдын колунан келбейт! Адамдын болгону мөңгүлөрдү коргоо боюнча байкоо жүргүзүп жана мөңгүнүн өзгөрүүсүнө карап ыңгайлашып жашоого гана күчү жетет.
Азыр климаттын глобалдык өзгөрүүсү менен мөңгүлөр эрип жатат. Мына ушундай болуп жатса, мөңгүлөр жөнүндө мыйзам жазсак, анда эртең кар, анын эртеси жаан жөнүндө мыйзам жаза баштайбыз. Бул жеткен акылсыздык. Мыйзам иштеп чыккандар, мисалы, мен сыяктуу бул тармакта 63 жылдан бери иштеп келаткан адистерди чакырышкан жок.
Эми «Кумтөр» ишканасына токтоло кетсек. Ал жакта алтындын эң көп бөлүгү мөңгүнүн алдында экен. Экономиканы алдыга жылдыруу үчүн бизге мөңгү эмес, алтын керек. Ошондуктан ал жактагы мөңгүнү алып, башка мөңгүгө ташып кошууда. Мөңгү эч кандай жоголгон жок. Кандай турса, ошол бойдон азыр да турат. Анча-мынча үстү эриши мүмкүн. Мына, өлкөбүздүн аймагында жалпысынан 8 миңдей мөңгү болсо, учурда анын төмөнкү жана орто бийиктиктеги 2 миңи эрип жок болгон. Алдыдагы 10 жыл ичинде мөңгүлөрдүн дагы 30 пайызы эрип, жоголуу алдында турат.

МЫЙЗАМДЫН ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ ЭКОНОМИКАЛЫК ЗЫЯНДЫ ОЙЛОШКОН ЖОК
Жогоруда адистер айткандай, саясий кызыкчылыктан улам пайда болгон бул мыйзамда өлкөбүздүн экономикалык кызыкчылыгы четте калганын гляциолог (мөңгүлөрдү изилдөө боюнча окумуштуу) Рыскул Усубалиев белгилеп өттү. Ал «Бул мыйзамдын кемчиликтери көп. Алсак, мөңгүлөрдүн чектерин кантип аныктоо керектиги айтылган эмес. Экономикалык багыттан карасак, анда бул мыйзам тоо-кен өндүрүшүнө гана эмес, тоо туризмине да толугу менен чек коёт. Албетте, мөңгүлөрдү сакташ керек. Бирок андай кадамга барууда өлкөнүн жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу зарыл» деген оюн билдирди.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги да өз бүтүмүндө бул мыйзам Кыргызстандын экономикасына, инвестордук климатына терс маанай жаратарын айткан. Аталган агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы ЭЛДИЯР МУКАНОВ:
– Эгер кабыл алабыз десе, анда кайрадан экономикалык жагы да каралып, иштелип чыкса деп сунуштаганбыз. Биздин экономикабыздын өзөгүн кен тармагындагы ишканалардан түшкөн каражат түзөт. Эгер биринчи сунушталган мыйзам кабыл алынганда, анда азыр тоо-кен тармагындагы ишканалардын иши токтоп, мамлекеттик казынага акча түшпөй калмак. Биздин бүгүнкү күндөгү экономикабыздын абалы мактанарлык эмес. Ушундай абалды көрүп туруп мындай мыйзамды кабыл алганыбыз туура эмес болуп калат,- дейт.

Талкуулоонун жүрүшүндө «Кумтөргө» багытталган мыйзам нукура саясый жана экологиянын камына багытталбаганы баса белгиленди. Андан сырткары бул мыйзам кабыл алынса башка кендерди иштетүүгө абадай муктаж болгон инвесторлорду качырып, «Кумтөрдөн» башка кендердин да иштешин токтотууга алып келет. Тоо-кен тармагы болсо Кыргызстандын казынасын толтуруучу бирден бир тармак. Дагы бир баса белгилечү учур – бул мыйзам туризмге да зыян келтирет. Анткени ага ылайык тоолордо чарба иштерин жүргүзүүгө толук тыюу салынат, ал эми кышкысын туризм тоодогу лыжа базаларга негизделет. Алар да иштөө үчүн тоодо курулуш жана чарба иштерин аткарышы керек, мыйзам болсо ага бөгөт коюуда. Дискуссиянын жыйынтыгында ушул сыяктуу мыйзамдарды иштеп чыгууда эл өкүлдөрү профессионалдардын пикирине таянышы керек деп белгиленди. Анткени адистер кыйла эффективдүү жана чындап экологиянын камына иштей турган ыкмаларды, жолдорду сунуштай алышат.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-11-01 12:17:20
ушулардын саясый оюндары учун, мамлекеттин престижи томондоп, бюджетке тушчу каражаттарды албай жатабыз, жакындале куттисай менен эмне болгонубузду эске алышыбыз керек
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан