Өмүрбек Бабанов: «МАКСАТЫБЫЗ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЗЫРКЫ БАШКАРУУ СИСТЕМИН ӨЗГӨРТҮҮ»

Быйылкы күздөгү саясий сезондун эң көп талкууга түшүп, күтүлгөн окуясы ишке ашты. «Ата Журт» менен «Республика» биригип, «Республика-Ата Журт» жаңы партиясы түзүлдү. Мындай союз, албетте, келерки жылы өтүүчү парламенттик шайлоого карата даярдык экени айкын. 20-октябрь күнү өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген эки партиянын делегаттары биринчи курултайга чогулушуп, жаңы саясий партиянын аты да расмий түрдө жамы журтка жарыяланды.

«АТА ЖУРТ» МЕНЕН БИРИГҮҮНҮ ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН ЧЕЧТИМ»
«Республика-Ата Журт» аттуу партиянын биринчи курултайына жергебиздин 7 дубанынан 950 делегат, саясий ишмерлер менен журналисттер катышышты. Иш-чараны мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Иштин башы биримдикте» деген сөз бар. Биз жакшы жөрөлгөнү баштаганы турабыз» деп ачып, эки партиянын ийгиликтерин санап өттү.
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун айтымында, «Республика» менен «Ата Журтту» бириктирүү чечимине келүү оңойго турган жок. Бул ой жүзөгө ашканга чейин көптөгөн партиялардын лидерлери менен жолугушуп чыкканын айтат Өмүрбек мырза.
– «Ата Журт» менен биригүүнү жүрөгүм менен чечтим. Амбицияларды жыйыштырып, саясий жаңы жолду ачтык. «Республика – Ата Журт» партиясы өлкөдө чоң күч болушу керек. Максатыбыз – Кыргызстандагы азыркы башкаруу системин өзгөртүү, бардык тармакта кардиналдуу реформаларды жүргүзүү, мамлекетибизди алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кошуу. Эптеп депутат же министр болуп, мандат алууну же тууганын кызматка алып келүүнү каалагандар катарыбызда болбошу кажет. «Эмне үчүн өзү министр болуп турганда ушуларды айткан эмес?» дегендер болушу мүмкүн. Айтып коюшум керек, «эч болбосо кеч болсун» деген сөз бар. Бүгүнкү системдин келечеги жок, конституциялык реформага барышыбыз шарт. Учурдагы Конституция өз миссиясын аткарып бүттү. Жакында соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында президент да Баш мыйзамды өзгөртүү керектигин белгиледи. Мына, энергетикалык кризиске кептелдик. Бир депутат же министр чыгып кечирим сурап койдубу? Жок. Кабыл алынган чечим үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек да!

«ЖУМУРТКАДАН КЫР ИЗДЕГЕНДЕР БИЗДИ БӨЛӨ АЛЫШПАЙТ»
Трибунага чыгып өз пикирин «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да айтты. Ал «Республика» партиясы менен биригип, Кыргызстанды азыркы кырдаалдан сууруп чыгып кетүүнү максат кылдык» деди. «Жеке мен Өмүрбек Бабановго ишендим. Анын мамлекетти оңдоодогу пландары мени ынандыра алды. Жумурткадан кыр издеген айрым саясатчылардын бизди бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт дегим келет. Мындай эки ири партиянын биригиши өлкө тарыхында биринчи жолу болууда.
Учурда «Эмне үчүн жаңы партиянын атында «Республика» биринчи болуп жазылды?» деген суроо берилүүдө. Мунун эч кандай саясаты жок, чүчү кулак аркылуу ушундай чечилди. Мен макул болдум, мындан ары биз бирбиз. Программабыз да, максатыбыз да бир болот»,- деди Ташиев.
Курултайдын экинчи бөлүгү суроо-жооп иретинде уланды. Анда иш-чарага келген делегаттардын бирөөсү: «Республика» жана «Ата Журт» партияларынын биригиши президент Алмазбек Атамбаев менен алдын ала сүйлөшүлгөн деген сөз чынбы?»- деп суроо салды. Камчыбек Ташиев: «Эч качан президенттин алдындагы кол бала оппозиция болбойбуз. Азыр оппозицияда болсок, эртең бийликке келишибиз мүмкүн. Биз эч ким менен сүйлөшкөн жокпуз, келечекти ойлоп, жүрөгүбүз менен чечим кабыл алдык. Биз оппозицияда болсок да, бийликте болсок да, элдин эртеңки күнүн аныктоого аракет жасайбыз»,- деди.
Журналисттер менен жолугушууда Бабанов партиянын тагдырына көрөгөчтүк кылгандар көбөйгөнүн айтып өттү. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дешүүдө. Эки адам эмес, эки ири партия биригүүдө. Биз жөн эле кочкор эмеспиз, саясий лидерлербиз. Көз карашыбыз, максатыбыз бир болгондон кийин биригели, башка саясатчыларга үлгү бололу деп ушул чечимге келдик»,- деди. Камчыбек Ташиев да жаңы тандемдин туруктуулугун иш жүзүндө далилдей турганын билдирди.
«Республика-Ата Журт» партиясынын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча программасы элге канчалык ынанымдуу болору келерки жылы парламент шайлоосунда билинет.

Наргиза Бекжанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
sherik
2014-10-27 15:32:23
Бабановго окшогон кыргыздын сымбатуу, билимдуу жигиттерине-жаштарга орун беришг керек. Премьер-министр кезинде депутаттар иштегенге мумкунчулук берген жок. Жакшы аракеттери бар эле.
Азыркы бийликтеги аксакал-чиновниктер орун бошотуп, небере бакккыла. Силерден жададык.
0
infiniti
2014-10-27 17:36:01
Азаматсынар. Алга!!!
0
isaasa
2014-10-29 16:32:22
Азыркы бийликти бир калчагылачы.Баарысы кооп бараткандай.
0
Omar2011
2014-10-29 21:59:57
Максаттары эл учун, мамлекетти онуктуруу болсо Кудай тилектерин берсин! Ийгилик жана ынтымак каалаймын!
0
_KipchaK_
2014-10-31 16:12:46
Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы дейт. Биригип жакшы кылышыптыр. Эми создон ишке отушсо....бул партиядан элдин умуту чон.
0
gutler
2014-10-31 18:50:54
kelechekte Babanov prezudent bolsoda,jarawat. Kelechek ywyl juguttei jawtardyn kolynda. Aksakal jogoryda otyrgandar,jawtarga oryn bersenerchu.
0
anyaza
2014-11-28 11:06:04
Эн жакшы.Азаматсынар.Ишинерге ийгилик.Мелис Мырзакматовдой чындыкты бетке айтып,ак иштешинерге ишенем.Умутубуз силерде
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан