Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жаш жигит Бекназар дасторкон жайып, таза бышкан козунун этин шала-шала кылып, башын Мусулманкулдун алдына тартты. Тик турган аюудай зор чаначты булкуп-булкуп, буркураган жыттуу кызыл кымыздан улуулата сунуп отурду.
«... Бий мырза го өзүнө жараша сыйда. А бу балакайын көрүп ал...» деп качкын аталык тиги кең көйнөккө көкүрөгү батпай бели ичке, илбирстей ыкчам жигитке тымызын көз таштап отурду.
Кымыз тынымсыз ичилди, эт желди, кеп узарды. Бирок эки жагынын тең жүрөгүнө келип турган Нүзүптүн өмүрү жактан кепке өтүшпөдү. Булардын ысый албай турган көңүлдөрүн ого бетер тоңдуруп коё турган жалгыз окуя ошол болучу.
Өмүрүндө ноюп, чөгүп көрбөгөн катуу баш адамдын үнү каргылданып чыкты.
– Э... Мага асылган киши көп болгон... Бир мерте, баягы кабарыңар бардыр, өзүм көтөрмөлөп Намангенге бек кылып койсом, Мырзат деген шүмшүк Эки-Суу-Арасына туугандарга келген жеримде Төрө-Коргон аскерин бүт баштап барып, өзүмдү байлатып алып ордого алпарса болобу. А жанагы туз ургур (Кудаяр ханды айтып жатат) алдаса, шумдарга макул деп коюптур да. Ордого алпарды. Жаркын айым арачы түшүп куткарып калды. Бирак кутумдар амалымды алып, өзүмдү ордого экинчи катташпа деп кыштакка айдап жиберишти. А мен дагы Кудай деген кул элем. Жыл айлантпай күчтү жыйнап туруп, Коконго жүрүш кылдым. Шүмшүк Мырзатты Кокондун чоң дарбазасынын башына астырып таштап, ордого кайра кирдим... Душмандардан дайыма сак болосуң. Душмандын душмандыгы белгилүү. А туугандын душмандыгын качан токмогу чокуңа тийгенде билет экенсиң. Өткөн жылы Нармамбет мага каршы баш көтөрүп калды капилеттен. Ташкендеги аскер гана эмес, Чымкент, Сайрам, Түркстан, Олуя-Атадагы сыпайларды өзү жагына тартып алып чыкты. Мен ордонун негизги күчүн баштап, туз ургурду кошуп алып Нармамбеттин алдын тосуп бардым. Эки кол бетме-бет келгенде туз ургур, кечки күүгүмдө байпастатып Нармамбет жакка качып кетиптир... Хан деген аты бар да. Хан Нармамбетке өтүп кетиптир десе, аскердин арасы кыйла тополоң болмок. Ошондо да багыма сыйындым. Жан адамга билдирбей туруп, таң тык салары менен Нармамбетти селдей каптап кирдим. О... Мен дагы Кудай деген кул элемин. Нармамбеттин колун быт-чыт кылдым. Ал качты. Туз ургур уурулугу кармалган мышыктай бүрүшүп, алдыма кайра отуруп калды. Ошондо жок кылсам болор эле. Ошондо тиги Бухарада тентиреп жүргөн Мала бекти чакырып алып такка коюп, бу ант ургурду көзүн чукутуп таштап, мусапыр кылып бир мечиттин ичине отургузуп салсам колумдан келет эле... Ха, бышпаган баш!
Мусулманкул унчукпай калды. Бирдеме деп жубатышка эч ким сөз таппады.
Ордонун биримдиги, өлкөнүн тынччылыгы «мен аман турсам гана болот» деп болжогон Мусулманкул ошо «биримдик» деп ар сөзүнө желдет күчүн, кылычтын мизин коштотуп, ордону да, өлкөнү да былк эткен сайын сыккан темир чеңгел болуп кармаган. Сегиз жыл!
– Вай, Өтөмбай!.. Вай, Нармамбет!.. Бириңе Маргалаңды, бириңе Ташкенди бийлеттим. Күчүгүндө бактым эле буларды, жетилип ит болгондо карапандарга (түркчө сүйлөп кеткен, отурукташкан элди атаганы) кошулуп, кайра өзүмдү талады...
Кеп уланып отуруп эмчектештеринен көмөк издеп келгенин айтты, качкын аталык.
– Эми... «Көмөктү» эмне кыласың?..
– Ордону кайра албайбызбы, аке?!
– Э-э, болору болуптур, эми тынч жүрө бер да, эмне кыласың элди бөөдө дүрбөтүп?!Чачыңа ак кирди – ордоң оодарылып калсын, бийликтин эмне кереги бар сага?!
– Ой, аке-е! Ой, түркөйлүгүң, ай! Киши кийикке гана кереги жок – ордо, бийлик, байлык. А жумуру башка абдан керек да! Элдин бакиси эле киши кийик болуп, тентиреп жаңгак терип жеп кете элек го?!
«Ар кимисинин ою өзүнө туура» деп ойлонуп отурган Абил кепке аралашты:
– Макул, бек агабыз кайра алды дейли ордону, эмне жакшылык бүтөрмөкчү?
Мусулманкул кабагы үйрүлө ойлуу тартты:
– Башкарабыз...
– Ушубу «башкарганыбыз?!» «Кара чапан», «ичкилик», «тоолук» кылып бир элди үчкө бөлүп, бирине бирин көкүтүп, бек ага, элдин душманы гана кыла турган жамандыкты өзүбүз баштап алган жокпузбу? Балээнин баары бийлик эки бөлүштү болуп турганында го,- бириң «хан», бириң «аталык». Же кайран Нүзүп агабыз да, мына сиз да «хан» көтөрөрүн көтөргөн соң эки тизгин бир чылбырын өзүнө берип коё албадыңар, же ыкыбал келип турганда «мына» деп шар кесип, өзүңөрдү «хан» деп салышка дем-кайратыңар жетпеди... Качанкы бир «кан тукумунан» деп кайдагы бир жүрөгүнөн оту өчкөн, эр деминен айрылып калган бирөөнү «кол бала болот» деп – мына, тапкан үзүрүңөр бу – бириң башсыз көмүлдүң, бириң кулуңа жакаңды айрытып, кадырыңды сыйрытып... Минтип буйгалап...- деди өзү да өкүнө.
Дем чыкпай отуруп калышты баары. Бир убакта ордунан ыкшалып туруп, акырын аксап, эки жагын каранып алды.
– Эми... Сөз айтылды, акыры айтыла турган сөз экен, аттиң, ай! Эми көрүшсөк канжыгадан көрүшөт окшойбуз, эмчектештерим, кайыр...
Колун серелеп, Алмамбет майышып күбүрөдү:
– Ай... Таарынып кетти байкушум... Жок дегенде, Абил, көтөрмөлөп сүйлөп койбодуң...
– Эч жактан жардам күтпөсө өз камын өзү көрөт. Өчөгүшүп калышкан булар – бир кырылышмайынча тынышпайт. Бир жаңсыл болушсун. Зарыл болгон убакта биз өзүбүз барабыз...
Так ушул учурда Кокон, Ташкен шаары кан жыттанып жатты. Кудаяр хандын кишилери ачыккан карышкырдай жолуккан кыпчак эле болсо турган-турган жеринде кармап, кылычтап кырып жүрүштү.
Абил бийдин айтканы чын чыкты. Мусулманкул баштаган кыпчактардын колу Кокон ордонун колу менен бет келишип, кыпчактардын миңдеген эр-азаматтары жер кучактап, Мусулманкул тоо таяна артка чегинди. Кыпчак уругунун аесуз талоонго алынып, кырылып жатканына чыдабаган ал өзү келип колго түшүп берди.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан