ЖАСАЛМА СУРМА. ЖИП КОЛДОНУП СУРМА ЧЫГАРУУГА БОЛОТ

Бардык эле айымдар сулуу көрүнгүсү келери анык. Бирок айрымдар көзүнүн сурмасы жогун кандайдыр бир кемтик катары санашып, сурмалуу болсом деп эңсешет. Мындай тилекти ишке ашырууга медицинанын азыркы заманбап ыкмалары жол берет.

«ЖАШ КЫЗДАРГА ГАНА ЖИП МЕНЕН СУРМА ЧЫГАРЫЛАТ»
Операциясыз, жип колдонуп сурма чыгаруу ыкмасын Бишкектеги «Инь-Янь» сулуулук салонунун пластикалык хирургу ЧЕН ХУН ЮН айтып берет.
– Сурманын формасын өзгөртүү операциясы блефаропластика деп аталат. Башкача айтканда, ашыкча териден жана майдан арылтуу. Сурмасы жокторго сурма салуу да ушуга кирет.
Биз операциясыз жип менен сурма чыгаруунун эки түрүн (жип менен узунунан булчуңдарды тепчип чыгуу, теринин 3 жеринен жипти өткөзүп булчуңдарды тепчүү) колдонобуз. Экөөнө тең эле 40-45 мүнөт кетет. Ал үчүн табигый, организмге зыянсыз жипти пайдаланабыз. Бул ыкмалар16-25 жаштар аралыгындагы арык, териси жука, көз териси чымыр (шалбырап калбаган) кыздарга ылайык. Мындайлардын көзүнүн үстүндө майлары да аз болуп, жип жакшы кармалат. Бирок ал кыз кийин толуп, кайра бат арыктап кетсе, анда жип кармалбай, сурма жоголот. Мындайда кайра жасатууга туура келет.
Ал эми толук, териси калың, көздөрү шишимик кыздарга бул ыкма болбойт. Алардын көздөрүнүн үстүндөгү майдан жип кармалбайт. Аларга операциялык ыкма жарайт.
Тери оорусу барларга жасалбайт. Тирсек чыгып калганда, этек кир келген учурда да жасаганга болбойт.

ИШТИН ЖҮРҮШҮ
1. Келген кардар менен сүйлөшүп, ыкманын кайсы түрүн тандаарын билип, сурманын өлчөмүн белгилеп, сүрөтүн чиебиз.
2. Беттин териси йоддун спирттеги аралашмасы менен тазаланат.
3. Оорутууну сездирбөөчү уколду көздүн үстүнө сайып, ал таасир берсин үчүн 5-6 мүнөт күтөбүз.
4. Кокус кардар жип менен узунунан булчуңдарды тепчип чыгуу менен сурма чыгаруу ыкмасын тандаса, анда биз сурманын сүрөтү чийилген жердин бир башынан жипти теринин ичине өткөзөбүз. Жипти ошол бойдон сыртка чыгарбай, булчуңдарды узунунан тепчип тигип чыгабыз.
Кокус кардар жипти 3 жерден өткөзүп, булчуңдарды тепчүү ыкмасын тандаса, анда биз сурманын сүрөтү чийилген жердин 3 жеринен кичине тиликтерди жүргүзөбүз. Анан ал жерлерге жипти өткөзүп, булчуңдарды тепчип тигип чыгабыз.
Булчуңдар тепчилген жерде сызык, башкача айтканда, сурма пайда болот.
Бирок, албетте, кардардын көзү 3-5 күн шишийт. Бул аралыкта ал ысыкка, шамалга чыкпай, суу тийгизбей, көздүн үстүн суутектин кычкылы (перекись водорода) менен 1 күндө 5-6 маал тазалап турат. Шишик тароосу үчүн муз коёт.
Аталган ыкмалардын операциялык жол менен сурма чыгаруудан артыкчылыгы аз убакытка созулгандыгы, көп оорутпагандыгы.
Кээде бизге көздөрү алыс жайгашып калгандар көзүнүн формасына коррекция жасатуу максатында кайрылышат. Алардын көздөрүнүн ички кычыктарынын терисин кесип коёбуз. Ошентип көздөрүнүн кемчиликтери билинбей калат.

СУРМАНЫ ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ЧЫГАРУУ ЫКМАСЫ
Бул тууралуу Бишкектеги «БиПласт» клиникасынын жетекчиси, пластикалык микрохирург БАКТЫБЕК ОМУРЗАКОВ баяндайт.
– Бизге учурда 35-65 жаштардагы айрым айымдар ашыкча териден арылуу менен катар бырыштардан да кутулуп, жаш көрүнүү максатын көздөп келишет. Ал эми көзүнүн сурмасы жок жаш кыздарды сурмалуу болуу тилеги алып келет. Көздүн жана кант диабетинин оор түрү менен жабыркагандарга, кош бойлуулуктун алгачкы 4 айында жана бала эмизген аялдарга 6 айга чейин жасалбайт. Ошондой эле этек кири келип жаткан учурда, тирсек чыккан кезде болбойт. Операция 1-1,5 саатка созулат. Алгач сурманын өлчөмү кардар менен акылдашылып, белгиленип, сүрөтү чийилет. Анан операция кезинде биз ашыкча терини алдындагы булчуңдары жана майы менен кошо кесип алып салабыз. Анан тиликтин үстү-асты бириктирилип тигилет. Ошол жерде сызык, башкача айтканда, сурма жаралат.
Операциядан кийин кардарга көздөгү шишикти таратуу, кандай дары-дармек сыйпап, эмне менен тазалоо керектигин айтып түшүндүрүп беребиз. Операциядан кийин кардар үйүнө кете берет, 6-7 күндөн кийин жибин алдырууга келет.
Бизде операциясыз, жипти колдонуп сурма чыгаруунун 2 ыкмасы колдонулат. Буларды биз «жиптүү ыкмалар» деп коёбуз. Жаш, арык кыздарга колдонулат жана 40 мүнөттөн бир саатка чейин созулат. Биринчи ыкмада көздүн терисинин алдындагы майларды алып, 3 жерден 3 жипти өткөзөбүз. Анан үстүнкү кабактын терисин астыңкы чел кабыкка тепчип тигип коёбуз.
Жиптүү ыкманын экинчи түрүндө деле көздүн алдындагы майлар алынып, бир жип менен булчуңдарды чынжырча сымал тепчип тигип чыгабыз. Бул ыкма көздүн терисинин ич жагынан жасалат. Сурма ошол бириктирилип, тигилген жерде пайда болот.

Албетте, пластикалык хирургдар «ставкаларын» ачыкка чыгарышпайт. Бирок сураштырып көрүп, блефаропластика Кыргызстанда оор жана жеңил түрүнө карап 300-550 долларга чейин жасалып жатканын билдик.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
mulatka.94
2014-10-28 18:12:01
Кудааай сактаа жаманго..азыр жакшы болгону 2 жылдан кийин коздон кечке жаш агып анан аябай бырыш тушот экен...ошондо билетда зыянын..
0
sarishka
2014-10-29 00:35:31
Men jazatkam ech korkunuch jok ele jurom 9 jil boldu,birok menin bir kozumku chon bir kozum kichine bolchu oshonu okshosh kilip jazatkam
0
beibika92
2014-10-29 10:45:46
Аллахым кандай жаратса ошондой эле журолучу эже синдилер суурма кылганда не жашоо озгормок беле аллахым берген сулуулугума мин шугур колу бутун соо денсоолугун жакшы ошол мен учун сулуулук
+2
Boldukan86
2014-10-29 23:58:12
эх жашоо. козу корбой жургондор да жашап журушот жарыктыкты корбой туюк карангылыкта. силер тооба деп эле журо бергиле. коз назик орган. зыяны барибир болот.
+1
www.chynara.98
2014-10-30 02:40:50
Сурма чыкпай кимге зыян келтирип атыптыр..жон эле Аллах берген сулуулук менен эле журойлу..ар бир адамда озгочо сулуулук болот жетет ошол.!
+1
Nyr4ik
2014-10-30 09:47:48
Эми Сурмасы бар кыздарды кормом ушуну эстейм жиркетичтууу кудай берген жузго шурур деш керек
+1
kanyshaikg
2014-10-30 11:53:01
баасы кымбат го
0
peri-jan
2014-10-30 14:02:59
Менин да козумдо сурмасы жок болчу, кичинемден эле козумдо сурма болуусун каалап, козумо кадимки скочтту кыркып ичке кылып жабыштырып алат элем. Башында алып салсам сурмасы кетип калат эле,барып-бара козумо сурма чыга баштады, кийин алып салдым ошентип козумдо туболук сурма болуп калды))
+1
peri-jan
2014-10-30 14:05:05
Кетип калат эле (туура эмес жазылып калыптыр)
0
Nara1223
2014-10-31 00:34:13
Fuuu ujas,artik kilam dep tirtik kilip algandan abaylasanar, juroktogu suluuluka konul bolgulo,surmaga karaganda koburook paydasi bar besplatniy ele.
+1
mersedes2013
2014-10-31 00:59:13
бул зрениеге зыяны тийбейт бекен кызык да
0
missnelya
2014-10-31 03:15:34
Менин апам менин сурмамды бал сыйпап атып эле чыгарып койгон, операциясы жок эле.Албетте убакытты коп талап кылат, бирок эч нерсени кеспей,жамабай эле жасаган. Азыр сонун сурмаларым бар.
+1
shanushka
2014-10-31 11:56:16
missnelya, kantip bal suykop ayta ketizchi ili tee kichinekey kezizdebi?
0
meili
2014-10-31 13:42:32
missnelya, кандай жасаганын кенири жазып кетесинби.
0
nuri.kg777
2014-10-31 22:43:07
АЛЛАХтын берген аманатын кайра ошол бойдон кайтарышыбыз керек. Акча толоп операция жасатыш, бул тозоко акча толоп кируу дегендей элего дейм. Кийин бул нерсе учун АЛЛАХтын алдында жооп бериш керек болот. Эн башкысы журогубуздо ыйман болсун, сурмасыз деле адам заты сулуу!!!
0
akbari
2014-11-02 14:12:00
Мен да скоч чаптап чыгаргам1 2жылда чыкктыго азыр. Атайын сурма барурбайбы чаптама 40сом турат синдим чаптап журот 1 жылдаай болду кичине чыкты сурмасы жулжуйбой калдык
0
miss2014
2014-11-03 03:05:06
Мен болсо лекопластырь чаптап устунон боеп коём,бардык эле лекопластырь кете бербейт жумшагын тандап алам ,озунчо эле туйшук,чебердеп чаптаса эчтеке билинбейт.
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан