«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

ТАШЛЫЖАЛЫ КОШОК ЫРЫ ҮЧҮН СҮРГҮНГӨ АЙДАЛГАН
Бул сапар улуу мураскердин жардамчысы Яхья Ташлыжалынын тарыхтагы ордун жана Мустафанын жубайы Михринисанын кантип сериалга кошулуп калганын баяндайбыз.

125-127-СЕРИЯЛАР:
ЖИХАНГИР МУСТАФАНЫ ЭЭРЧИП КЕТЕТ
Мустафанын өлүмүнөн кийин аскерлер жана эл ичинде жаралган тополоңдор Рүстем менен Михримахтын жашырынуусуна алып келет. Канга кан деп өч алгысы келгендер Рүстемди колго түшүрө алышпай жаалданган эл хан сарайга келет. Алардын алдынан чыккан Баязид «Рүстемди колуңарга салып бербейм, ал султандын күйөө баласы. Мустафа агамды жакшы көргөндөрдүн каны төгүлүшүн каалабайм. Ошол үчүн тарагыла» дейт. Эр жүрөктүүлүгү менен Мустафанын тарапташтарынын жүрөгүн багындырган Баязид эл оозуна алынат.
Бул аралыкта Махидевран менен Михриниса хан сарайга келип, Мустафанын жубайы Хүрремдин көзүнчө өзүн канжар менен мууздап салып, өмүрү менен кош айтышат. Махидевран Хүрремди «Ылайым мендей болуп кал. Сен сүйгөн адам киши өлтүргүч, ал уулун өлтүргөн ата. Бир күн келет, ал сенин балдарыңды да аябайт» деп каргайт. Мустафанын аза кайгысын көтөрө албаган Жихангирдин абалы начарлай берет. Жыйынтыгында, жүрүштө Сулейман өзү чоң уулун өлүмгө буюрса, ажал кенже уулун атасынын колунда жаткан жеринен алып кетет. Султан бул азаптан өзүн сууруп чыгуу үчүн кырк күн бою караңгы бөлмөдө тынымсыз дуба окуйт. Хүррем да Жихангирдин бөлмөсүнө камалып, аза күтөт.
Ал эми уулдары Селим менен Баязиддин ортосунда так талаш башталат. Селим Нурбанунун тилине кирип, бир тууган инисине тузак курмай болот. Фатма султанга үйлөнгөн жана баш вазирликке дайындалган Кара Ахмед паша Селимдин тарабына өтөт. Бул экөө тымызын сүйлөшүп алып, Баязидди Мустафанын атын жамынып, төңкөрүшкө даярданып жаткан кошуундун башчысынын башын алып келүүгө жөнөтүшөт. Баязид маркум агасынын колдоочуларынын канынын төгүлүшүн каалабай, Мустафанын жолдошторунун бири Атмажанын жардамы менен төңкөрүш башчысын колго түшүрүүгө аракет кылат. Бирок анын иш-аракеттерин Сулейманга «Баязид козголоңчуларды токтотуунун ордуна алардын колдоосуна ээ болгусу келип жатат» деп жеткиришет. Иштин соңунда Сулейман эки уулун чакырып, аларга «Кудай насип кылса, өзүмдөн кийин такта Селимди көргүм келет» деп айтат. Кызуу кандуу Баязид атасынын ишенимин жоготкондугуна байланыштуу: «Такка карай бир эле жолум калды. Мындан ары Селимге эле эмес, султанга да каршы жүрүш баштайм»,- деп чыгат.

МИХРИНИСА ХҮРРЕМГЕ ЭМНЕГЕ ЖАКПАЙ КАЛГАН?
«Даңазалуу кылымдын» 3-сезонунун аягында Мустафа менен Рүмейса деген кыздын ортосунда махабат оту тутанып, бирок күйөрмандар Рүмейсанын ролун ойногон Элиф Атаканды 4-сезондон таппай калышкан. Маалыматтарга караганда, актриса сериалдын продюсери Тимур Савжы менен тил табыша албай, тартуучу топ Рүмейсанын ордуна башка бирөөнү издеп отурбай, Михриниса деген жаңы каарманды ойдон чыгарууга аргасыз болушкан. Тарых барактарында «Рүмейса Мустафага Мехмет аттуу уулду, Айше аттуу кызды төрөп берген» деп жазылат.
Михринисанын ролун ойногон 30 жашар Беррак Түзүнатачка келсек, ал актрисалыктан мурун алып баруучулук жана моделдик карьера менен атагын арттырган. «Даңазалуу кылымдагы» акыркы эпизоду боюнча Вахиде Перчин (Хүррем) «Берракты жакшыраак ойнойт деп күткөм. Аткаруусуна ичим чыккан жок» деп айткан. Жаш актриса «мага карата айтылган бул сын адилетсиз, угуп капа болдум» деген.       
Беррак Түзүнатач тартуу иштери боюнча мындай дейт: «Башында деңиз каракчысы катары териден тигилген корсеттерди, балбыраган жеңдүү көйнөктөрдү кийип жүрдүм. Мустафага турмушка чыккан соң мурунку образымды жумшартуу үчүн чач жасалгамдан бери өзгөрдү.
Эсте калган эпизоддордон, Мустафа менен кылыч чабышуум болду. Жөн гана күч сынашуу эмес, бул күрөш менен ашыктык сезимин да билдирүү керек эле. Өмүрү кылычты колума кармап көрбөгөндүктөн, эпизодду тартуунун алдында аябай машыктым. Жеңил кылычтар менен машыксам, сериалды тартууда мага чоң жана оор кылычты карматып коюшту. Жыйынтыгында алаканым сыйрылып, жарааттарымды көргөндөр мени аяп жүрүштү».


ТАШЛЫЖАЛЫ МИХРИМАХТАН БАШ ТАРТМАК ЭМЕС
Мустафанын оң колу, кеңешчиси жана жолдошу Яхья Ташлыжалы чындап эле тарыхта орду бар адам. Ал Осмон империясынын эң атактуу акындарынын бири катары да таанымал. Мустафанын өлүмүнөн кийин досуна арналган бир топ кошок ырларын жаратып, анда ачык эле Рүстем пашаны күнөөлөгөн саптарды жазган. Кээ бир тарыхчылардын айтымында, Ташлыжалы кошок ырын эч кимге көрсөтпөй сактап жүргөн болот, бирок досторунун бири таап алып, аны аскерлердин арасына таратып жиберет. Мунун айынан акындын башы алынмакчы болуп, бирок султандын буйругу менен Яхья Ташлыжалы Осмон империясынан сүргүнгө айдалган. Сулейман өзү да ыр жазгандыгы жана Ташлыжалынын чыгармаларын жактыргандыгы үчүн аны өлүм жазасына ыраа көрбөгөн делет. 
Яхья Ташлыжалынын ролун жараткан 1976-жылкы Серкан Алтунорак карьерасын театр сахнасынан баштап, 1999-жылдан тарта тасма жана сериалдарга тартылып келет. Жер кезүүнү өтө жактырган актёр «мен саякаттоо үчүн гана иштейм, тапкан акчамды жаңы жерлерди көрүүгө жумшайм» дейт.   
Серкан Алтунорак тартуу иштери боюнча төмөндөгүдөй пикири менен бөлүшөт: «Мен буга чейин эч бир жерден мындай ынтымактуу, бүт көңүлүн долбоорго арнап иштеген топту көргөн эмесмин. Мени баарынан да Мустафа ханзааданын өлүмү көрсөтүлгөн серия суктандырды. Ал эпизод 140 мүнөткө созулганынан эле кандай чоң эмгек жасалганын билүүгө болоттур. Бул серия жашоомду, кесибиме болгон мамилемди да өзгөрттү. Ал эми Ташлыжалынын Михримах менен ашыктыгына келсек, эгер мен каарманымдын ордунда болсом, ошол мезгилдин шарт-талаптарына көнбөй, сүйүүмдөн баш тартмак эмесмин».

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
rumaika5544
2014-10-27 13:09:11
Рүмейсе демекчи менин кызымдын аты Румайса да, бар экен да,бул кинону көрбөгөн экенмин да, жакпайт,баары эле ушу менен ооруйт го,
-2
Mononoke
2014-10-27 20:14:23
Ташлыкжалы мага аябай жагат, красавчик да, эми атмажа жонундо до жазсаныздар
0
noozi
2014-10-27 23:39:14
мага кинонун аягы кызык болупатат аягына чейин ким коргон айтып бергилечи? Хюррем Сулейман эмне болот?
-1
jibi
2014-10-30 20:19:37
noozi, Hyurrem olot,takka Selim oturat.Bayazyt,Mustafa,Jehangir baary olot.
0
Faina
2014-10-28 00:19:08
Хюррем Сулайман Баязид олушот Селим такка олтурат
0
Patrik
2014-11-01 12:50:28
Faina, айтпа кызыксыз болуп калат
0
Aselina_kg
2014-10-28 14:31:30
Ушунун эмнесине кызыгасынар тушунбойм.Алтындай убакытты пайдалуу нерсеге жумшасак болоор эле
0
never-cry
2014-10-28 20:28:37
Aselina_kg, ,бул жон эле кино эмес тарыхтан алынган.ошол учун коробуз
0
never-cry
2014-10-28 20:33:05
Баязидди акырында 4 баласы менен Селим олтуртургондо жаман болот экенсин.чынында эле трон учун бир тууганын анын балдарын олтурттургон.мен коруп башып ооруп ушунчалык мыкаачы болушкан экен да деп тарыхты эстедим.
0
aselchen
2014-10-29 01:50:02
ayagy kyzyksyz, mustafa olgondon kiyin kinonu kyzygy dele jok
0
Murok
2014-10-29 12:13:10
Ой бул кинонун жанагы гаремдерине кызыгып эле олду моу куйоом.
+1
stal.ks
2014-10-29 23:08:08
гаремдеги кыздаргабы
+1
M.i_i.m
2014-10-30 15:57:23
чет олконун тродитсиясын туурап чагылдырып котормолоштун кереги жок элего негизи кыргыздарда болгон эмес бироону туурап чагылдыруу
0
kubzero
2014-10-31 18:53:20
Uwul kinonu korouyn desem da koro albai koidum
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан