Жубайлар топ түзүп, чогуу иштеп жүргөнү чанда кезиге турган көрүнүш эмеспи. «Кеңеш» тобунун мүчөлөрү Мүзүр менен Гүлмира түгөй боло электе кандай болушкан? Жубайлардын кол кармаша элек кезинен кызыктарды өздөрү айтып беришсин.
Мүзүр: – Тилим эрте чыгып, аябай көп сүйлөчү экенмин. Жаным тынбай эле сүйлөй берсем, үйдөгүлөр какшана эле берет деп атымды «Какантай» коюп коюшуптур. Беш жашка чейин бешикке жатыптырмын. Уйкудан ойгонгондо «менин колумду бошотуп, нан карматып койгулачы» деп кыйкырчу экем. Жөн койсо мектепке барганча жата бермек болушум керек. Бешикке батпай калгандыктан аны менен коштоштум.
Гүлмира: – Мен болсо кичинекейимде өтө ыйлаак кыз болуптурмун. Апамдар менден бир аз эс алып алалы деп чоң ата, чоң энемдин колуна таштап кетишчү. Апамдар келсе эптеп эле кетиштин айласын кылып, «Мени алып кеткиле. Булар мага уй саадырат, үй жыйнатат, кир жуудурат, жадакалса отун да жардырат. Бул кемпир-чал сасык, жуунушпайт, биттер оозуна кирип кетип баратканын көрдүм» деп жалганды эле айта берчү экем.
М.: – 3-класста окуп жаткан кезим го, атам жаңы ботинке сатып берди. Аны мектепке кийип барып, сабак бүткөндөн кийин эшикти карасам жамгыр нөшөрлөп жаап жатыптыр. Чыксам жаңы бут кийимим кир болот деп ойлоп, калп эле эсим ооп жыгылып калдым. 5-6 бала улам алмашып үйгө көтөрүп жөнөштү. Байкуштар суу болуп, анысы аз келгенсип баткакты кечип, эптеп мени үйгө жеткизишти. Дарбазага жеткенде «Рахмат, балдар, жеткирип койгонуңарга. Мен эсимди жоготкон жокмун, жаңы ботинке кийип барган болчумун, булганып калат деп калп эле жыгылып калгам» десем балдар же күлөрүн, же сөгөрүн билбей туруп калышкан.
Г.: – 3-класста болсо керек эле, жат жазуу жазганбыз, анан эжей чакырып, «катаңды оңдо, бир сүйлөмүң туура эмес» деди. Карасам туптуура эле көрүндү, такыр ката таппай койдум. Көк бет жаным эжейиме келип, «эмнеге туура эмес?» деп көгөрүп, өзүмдүкүн бербей туруп алгам. Көрсө, «Эчки көп сүт берет» деген сүйлөмдө «п» тамгасынын ордуна «т» жазып коюптурмун да. Ошентип бир тамга алмашса бүтүндөй сөздүн мааниси өзгөрүп кетерин 3-класста билгем (күлүп).
5-класста апам Нооруз майрамына карата кыргыз көйнөк тигип берген. Эртеси майрамда ошол көйнөгүмдү кийип алып ырдайын десем бут кийимимди таппайм, көрсө, үйгө унутуп кетиптирмин да. Анан капкара резина өтүгүмдү кийип чыгып алып ырдагам. Эртеси мектепке барсам окуучулардын баары мени көрсө эле «тоту куш башын карап кубанат, бутун көрүп арданат» деп мазактай баштады. Ошол мектептен кеткичекти ушул сап мага жабышты да калды.
М.: – Демек, сен кичинекейиңде эле тоту куш болгон турбайсыңбы.
Г.: – Мунун деле ойго келбес жоруктары толтура. Солистка керек деп Алим Токторовдон угуп калып Мүзүр иштеген кафеге барсам, «ырдай албайт экенсиң, бара бер, карындашым» деп койду. «Аракет кылып көрөйүн, мен ырдап жүргөм» десем, «ырдай албайт экенсиң, сендей кыздардын мага миллиону келет» деп маанайымды түшүрүп салды. Анан «Алим байке качан келет?» десем, «жүрү, жакын жерде жашайт, алып барайынбы?» дейт. Бир аз баскандан кийин эле «чоң кыз» деп тийише баштаса болобу...
М.: – Өзүң келсең тийишем да. Ырдаса же бир тонго түшпөйт. Кийин «ушу семиз кыздын эмнесин сүйдүм экен» деп таң калып жүрдүм.
Мектепте жактыруу сезими болгон, «тоок сүйүү» деп коёбуз го. Гүлмираны чын эле сүйгөн окшоймун. Негизи, эркек жар тандоодо ыймандуу, тарбиялуу кыздарды карап калабыз го. Кафеде кыздар чылым чегип, ичимдик ичип отурушканын көп көрчүмүн. Гүлмира болсо мен иштеген кафеге келип, курбулары менен шире, печенье, чипсы жечү да. Ошого карап тандасам керек (күлүп).
Г.: – Ой, Гүлмирага чейин деле, кийин деле сүйүүсү болсо керек. Ушуга жагам деп күнүгө башымды жууйм десең. Суукта эки жука колготки кийип алам, калың кийсем толук көрүнүп калам деп. Анткени мен кыз кезимде 68 килограмм болчумун. Ошол жука кийинип жүргөнүмдүн азабын турмушка чыккандан кийин тарттым. Көпкө боюмда болбой жүрдү.
Мүзүр кафеден сонун тамактарды алып берет, уялып жебей, ачка, ичим курулдаган боюнча кетчүмүн.
Мүзүргө 17 жашымда турмушка чыктым. Мына, 14 жылдан бери бирге жашап келе жатабыз.
Баса, жакында коюла турган концертибизде мен Хүрремдин ролун, Мүзүр Султан Сулаймандын ролун ойнойбуз. Хүрремдей болуп чакчаңдаганды үйрөнүп жатам дебейминби (күлүп).
М.: – Гүлмира айткандай, Хүрреми, Султаны, Сүмбүлү катышкан сонун концерт берели деп турабыз.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg