(Башталышы өткөн сандарда)
– Адам жалгыз калганда гана жакшынын да, жамандын да даамын сезет экен. Төрт балам, бийлигим, байлыгым, аялым бар болгону менен жан дүйнөм ээн калды. Кызыгың түшкүр, эки аял баткан дүйнөмдө бирин бири кууган элестер, көңүл калуу, кыжалат кылган абийирим менен жалгыз калдым. Өзүмө да, өңгөгө да батпаган, өзүмдү кем таалай сезген бечара болуп калдым. Улуу балдарым менден алыстаса, кичүүлөрүнөн болсо өзүм качам. Баянга менин барым да, жогум да баары бир. Босогодон кирип келе жатканда жаркырап тосуп албайт, атүгүл жүзүмө тиктеп бир ооз сөз айтпайт. Суз гана милдетин аткарып жаткан кызматкердей тамагын берет, чайын сунат. Аргасыз көзүбүз кезигип калса, айнектин сыныгындай муздак көздөр тепчилет, ал муздактыктан өзүм коркуп кетип, көзүмдү ала качам. Ошентип мейманканада жашагандай чоочун болуп жашап жаттык. Ушундай күндөрү Назиктин мүрзөсүнө барам, көпкө отуруп айланасын тазалап, сүйлөшүп кайра келем. Мага ал дагы деле тирүүдөй туюлат.
Бир күнү Жанара жумушума келип калды. Назиктин өлүмүнөн кийин аны көрөйүн деген көзүм калбаган эле, аргасыз саламдаштым. Ал үнсүз сумкасынан сүрөттөрдү алып чыгып, алдыма таштады. Дагы эмне балээни баштады?
– Бул эмне?
– Карасаң, өзүң түшүнөсүң.
– Жанара, детектив ойногонго шайым жок, мени, үй-бүлөмдү жайыма койчу.
– Ошо үй-бүлөң тууралуу.
«Желмогуз, ушундан качан кутулам?» деп ойлонуп аргасыз калың конвертти колума алдым. Сүрөттөрдү көрүп, үстүмөн бирөө чайнек менен кайнак суу куюп жибергендей абалда калдым. Сүрөттө Баян кайсы бир бою узун жигит менен сейилдеп жүргөнү тартылыптыр. Көздөрүм чакчая Жанараны тиктеп калыптырмын.
– Кандайча? Ким бул өзү?
– Эс ал, азырынча экөөнүн ортосунда эч нерсе жок. Бирок болушу мүмкүн. Берки Эмир...
Жанара колумдагы сүрөттөрдү алып кайра сумкасына салды да, сөзүн улады.
– Өзүңдүн үй-бүлөңдө эмне болуп жатканын билбейсиң. Баян бизнес баштаганы жатыптыр, ага Эмир жардам берүүдө. Азырынча экөөнүн ортосунда эч нерсе жок, болгону иш тууралуу сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок Баяндан да айрылып калбайын десең аракет кыл.
«Стерва, балекеттин баарын билет. Бул маалыматты кайдан билип алган?» деп ойлонуп отуруп калдым. Оюмду окуп тургандай ал жылмайып койду.
– Сөздүн ачыгы, Эмир меники.
– Мына кызык, ала бер, аныңдын мага кыпындай кызыкчылыгы жок. Жанара, сен аралашкан иш кандай бүткөнүн өзүң билесиң. Эми чүкөңдү менден алыс ойноп жүр.
– Эмир баары бир ага жетем деген ой менен жүрөт. Азыр Баяндын сенден көңүлү калып жүргөндө экөөнүн ортосунда бир нерсе болуп кетиши мүмкүн.
– Кудай турат, азыр эркек болсоң кабинетимден тирүү чыкпайт болчусуң.
– Аялдар силерге караганда кыраакы болушат. Балдарыңдан, Баяндан ажырап калбайын десең аракет кыл. А мени коркутам деп эч ойлобо.
– Чыгып кет.
Жанара чыгып кетери менен башымды мыкчып отуруп калдым. Акмак катын, баары бир жүрөгүмө күмөн ойдун үрөнүн сээп кетти. Ушу күндөн кийин жашоом тозокко айлана баштады. Кызганыч мынчалык жанымды эзет деп ойлогон эмесмин, баскан-турганын, сүйлөгөнүн аңдый берип айлам кетти. Канчалык байкайын десем деле Баяндан эч нерсе өзгөрбөгөндөй, же аялдар ушунчалык айлакер болушабы? Бир күнү чыдай албай жарылып кеттим.
– Баян, адамча жашайлычы, өткөн өттү, кеткен кетти. Мен күнөөмдү толугу менен мойнума алам. Акыркы күндөрү эзилип кыйналып жүрөм. Жарым жыл өттү, мени жетишерлик эле жазаладың.
Баян адатынча үн каткан жок, колунан ала турган болгонумда боюн оолактата берди. Көздөрү дагы деле чоочун, жат, ал тургай менден бир оору жугуп калчудай боюн жыйрып турганын кара. Дилим өрттөнүп кетти. Тозок деген ушу экен, боорума кысып жакшы сөз айткым келсе да айта албайм, балдардын түйшүгү менен алек болуп чарчап турганын көрсөм да аяп, мурункудай колунан тартып ала албайм. Ушу окуя болбогондо, Жараткан мага ушу сыноону бербегенде, балким, мен аялымды эч кимди сүйбөгөндөй сүйөрүмдү түшүнбөй өтүп кетмекмин. Бирок Баян менин жападан жалгыз сүйүүм экенин түшүнгөнүмдө баары кеч болуп калган экен.
Бир күнү жумуштан келип, балдар менен алышып, бирин көтөрүп, экинчисин жетелеп, өзүнчө эле бактылуу болуп, маңдайы жарылып турган аялымды көрүп жыргап кеттим. Чын дилинен күлүп, бажырайып турганын көп убактан бери биринчи көрүшүм. Кызым Бермет чуркап келип колумдан алды.
– Ата, Аманат менен Адам басалы деп калышты, карасаң.
– Оо, менин уулдарым чоңоюп калышкан тура. Кана, келгилечи мага.
Али там-туң баса элек экөө мени көрө коюп жарыша эмгектеп жөнөштү. Тим эле оюн салган улактай жарыша келе жаткан экөөнө тең колумду жайдым.
– Кана, кимиси биринчи келет экен? Аманатпы, же Адамбы?
– Адам биринчи келет, Аманат дайым артта калат,- деди кызым кыткылыктай. Айткандай эле Аманат алсыз, оорукчан болуп чоңойду. Чыргоолугун айтпа, ыйлай берип кээде көгөрүп да кетет. Баяндан башкага барбай чыр салганы да кызык.
– Сен эмне артта калып калдың, ыя, Аманат? Адамга караганда бир күн болсо да улуусуң го...
Баян мени жалт карады. Көз карашы шилимен өтүп бара жаткандай сезилди. Сөз айтылып кетти, экөөнүн туулган күндөрүн бир кылып жаздырып койгон элем, бул сөз Баян экөөбүздүн тең жүрөгүбүздү тилип өттү. Кайпактап экөөнү тең жерге коюп койдум эле, кадам шилтей берип экөө тең жыгылып кетишти. Баян Аманаттын үстүнө үйрүлө берди.
– Аманчик, балапаным...
Мени жеңген, багындырган, чексиз сүйдүргөн анын Аманатка болгон мамилеси эле. Ага Назиктин уулун багуу канчалык оор экенин бир гана мен билем. Көзүн ачса да, жумса да Назиктин көздөрү менен бирөө тиктеп турса, анын күлкүсү менен бирөө күлүп турса аны балам деп кантип кабыл алмак? Кантип мээрим төгүп ийилмек? Бирок Баяндын акылы, жүрөгү ал нерсени жеңип өттү. Аманаттан ал Назикти эмес, жөн гана мээримге муктаж энесиз калган наристени көрдү, бара-бара өз баласынан да артык көрө баштады. Болгону ал мени жана Назикти кечире албай койду. Күндөрдүн биринде өзү кеп баштап калды.
– Биздин минтип жашаганыбыз туура эмес. Мен өзүнчө жашагым келет. Чыры жок эле ажырашып жашайлы,- деди.
Бир күнү ушундай сөз чыгат деп ойлоп жүргөм.
– Жашооңдо бирөө барбы?
– Күлкүмдү келтирбечи...
– Эмирби?
– Менин жүрөгүмдө балдарымдан башка эми эч кимге орун жок. Атүгүл сага да орун жок,- деди Баян сүрдүү. Мен үн ката албай шалдайып отуруп калдым...
(Уландысы кийинки санда)