ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-октябрдан 2-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада келерки айга пландарды ойлонуп, жакшыраак түзүңүз. Анткени түшө турган киреше ошого жараша болот. Чыгашаларды кыскартыңыз. Кошумча акча жумшап, кайсы бир иштерди бүткөрөм деген оюңуз акталбайт, андыктан коё туруңуз. Шаршембиде чала тааныш адамдан белек алууңуз ыктымал. Жума күнү бирөөлөрдү тосуп аласыз же узатасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада көйгөйлөрүңүздү чырлуу абалга же иште териштирүүгө чейин жеткирбеңиз. Болбосо убактыңыз, энергияңыз кетет жана жаңы пландарды ишке ашырууда алаксытат. Шейшембиде бирөөлөргө жардамга кол сунуп, бейшембиде коңшу айылга (же шаарга) барууңуз ыктымал. Апта аягы базарга баруу, кышка камылга көрүү менен аяктайт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта үчүн пландарды түзүп жатып, аларды кантип жана кимге таянып ишке ашырарыңызды эске алыңыз. Пландалбаган иш-чарага катышып, өзүңүзгө жат чөйрөдө болуп калбоого тырышыңыз. Ошондой эле күтүлбөгөн кырсыктарга жолукпоо үчүн түндө жүрбөңүз. Сүйүктүүңүз чыр жаратпашы үчүн кайда барып, эмне иш бүткөргөнүңүздү кабарлап турууну унутпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада милдеттерди аткаруу менен катар мурунку убадаларды да ишке ашыруу керектелет. Жамааттагылардын кызыкчылыгын эске түйүңүз. Бул достукту сактоого көмөктөшөт. Артында өкүнүп калбоо үчүн колдончу маалыматтардын туура экендигин териштириңиз. Апта аягында достор босогоңузду атташат. Үй жандыгын сатып алууңуз да мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жашооңузда өзгөрүүлөр боло баштайт. Аларга ыңгайлашуу жана ийгиликке жетүү үчүн жашоого көз карашыңызды өзгөртүүгө туура келет. Ишке жаңыча мамиле жасоо керектүү пландарды түзүүгө жана аларды ишке ашырууга жеткирерин унутпаңыз. Шаршембиде угар жаңылыгыңыз сиз күткөндөй болуп чыкпайт. Ишембиде чакан сыйга татыктуу
болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Карьераңыз өсүүнүн жаңы тепкичине чыгат. Андыктан сизге өзгөрүүлөр жана туура максаттар керек. Ал үчүн досторго, шериктерге, жакындарга кайрылуу оң. Мүмкүн, чогуу-чаран эмне жасоого болорун ойлоп табасыздар. Жүрөгүңүз жактырган адам менен жакшы мүнөттөрдү бирге өткөрүп, ага белек тартуулооңуз мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада аброюңузду жана элдин сизге болгон ишенимин, достук мамилесин сактай алсаңыз, ишкерлигиңизди кеңейте аласыз. Эгер достукка, мамилелерге көлөкө түшүрсөңүз, жаңы байланыштарды табууга аргасыз болосуз. Апта башында телефон чалуулар, жолугушуулар көп болот. Апта аягында самап жүргөн буюмуңузду бирөөлөр аркылуу табууга жетишесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өткөн аптада иште келип чыккан маселе сизди көз каранды абалга жеткириши мүмкүн. Тактап айтканда, башкалардын буйругун аткарууга туура келет. Эмоцияңызды ичке ката албасаңыз, анда өзүңүзгө каршы согуш баштап алдым дей бериңиз. Шаршембиде туугандар сүйүнүчтүү кабар угузушат. Ишембиде шашылыш иштер менен жүрүп, баалуу буюмуңузду уурдатып албаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада кыйын абалдан чыгуунун жолун издейсиз. Бул жаңы адамдар менен таанышууга жеткирип, жашоого болгон көз карашыңызды башка нукка бурат. Башка адамдардын ой-пикирлери жаңы иш издөө туурасында ойлонтушу да мүмкүн. Бейшембиде үйдөгүлөр менен маданий эс алуучу жайга барууңуз ыктымал. Жекшемби алыш-бериштерди такташчу күн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаңы максаттар менен жаңы киреше булагын табууга киришесиз. Пландарды түзүүдө мурунку кетирген каталарды, иш тажрыйбаңызды, достордун кеңешин эске алыңыз. Бул башка адамдарды баалай билүүгө да жеткирет. Апта ортосунда жагымдуу окуянын күбөсү болуп, жуманын аягында жакындарыңыздын биринин иши менен чуркайсыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада кетирген каталарыңыз көзгө даана көрүнүп, нааразычылыктар келип чыгат. Андыктан билимиңиз ээлеген кызмат ордуңузга туура келбесе, анда ордуңузда кармалууңуз кыйын. Үйдөгү эски буюмдардан арылуу максатында аларды иреттөөгө киришесиз. Мүмкүн, жаңы буюм сатып аласыз. Тааныштар тойго чакырык беришет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Чоң кирешелер тууралуу кыялданбай туруңуз. Анткени досторго же жакындарга жардам көрсөтүп калууңуз ыктымал. Бирөөлөрдөн насыя акча алууну да болжолдобоңуз, төлөөгө келгенде кыйналасыз. Аптанын башында жеке жашоодо түшүнбөстүктөр орун алат. Ал эми апта ортосу юридикалык маселелерди чечүүгө ыңгайлуу. Дем алыш күндөрү чарчоого да, көңүлдүү эс алууга да үлгүрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан