Мирбек Иманбеков, ырчы: «АЗЫР ДЕЛЕ БУТ ТОСУУЛАРДЫН АЙЫНАН ЖАКШЫ ЫРЛАРДЫ ЖАРАТА АЛБАЙ ЖҮРӨМ»

Бир кезде Мирбек Иманбеков деген ысым кыргыз сахнасында жарк этип жанган. Ырчы сахнада ырдап жатканда телефонун көтөрө чуркаган кыздар, кол тамга сураган күйөрмандар, дүркүрөгөн кол чабуулар... Бул окуялардын баарын бүгүн тарых катары ырчынын өз оозунан угалы.

«АККОРДЕОН ОЙНОГОНДУ НАМЫСТАНЫП ЖҮРҮП ҮЙРӨНГӨМ»
-Чыгармачылыкка болгон кызыгуум бала бакчадан ойгонгон. 5-6 жашымда барабан кагып, балатыны айланып ырдаганым эсимде. Музыкалык аспаптарды ойногонду билбесем да кармалап көрмөй «оорум» бар болчу. Эң алгачкы үйрөнгөн музыкалык аспабым – бул эки кылдуу комуз, үчүнчү кылын таппай коюп, ошол боюнча чертип жүрө бергем.
Бир жолу аккордеонду эптеп көтөрүп алып, алым жетпесе да кыңкылдатып жатсам атамдын Эралкан деген иниси келип «эй, похорондо ойноп жаткандай болбой жакшылап ойнобойсуңбу» деп намысыма тийгенде «көрөсүңөр, мен чоңоюп, аккордеондо ойногонду үйрөнөм» дегем. 7-классымда аккордеонду үйрөнүп, мектепте өткөн ар түрдүү сынактарга катышып ырдап жүрдүм. 9-классымда классташ балдар улуу агалар менен бирге айылга 10 сомдон концерт коюп, андан түшкөн акчаны мектептин оңдоп-түзөөсүнө бергенбиз.

«ТАЛАСТЫК КЫЗ» БАГЫМДЫ АЧТЫ»
-Мектепти аяктаган соң Бишкекке келип, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна окууга тапшырдым. Жатаканада Султан (ред. Садыралиев) экөөбүз чогуу жашап калдык. Ал домбра чертет, мен аккордеон ойнойм. Кийин Султан Замир Арыкбаев менен «Кудача кызды» ырдап, ал хит болуп кетти. Аны көрүп «мен калып каламбы?» деп өзүмчө аракет кылып, тойлордо ырдай баштадым. Бишкектеги Бакыт үйүнүн, «Жеңиш» аянтында өчпөс оттун жанында, көптөгөн үйлөрдө ырдап калдым. Анан чогулткан акчаларыма барып «Таластык кыздын» биринчи вариантына аранжировка жаздыргам. Ал жакшы болбой калды. Кайра ойлонуп экинчи вариантына көбүрөөк акча жумшап жаздырууну эп көрдүм.
Жаңылап жаздырган соң бир топ ырчыларга «концертиңизде ырдатып коюңузчу» деп жалдырап жүрдүм. Акыры Ынак Осмоналиевдин концертинде биринчи жолу чоң сахнага чыгып, мени эл аябай жакшы кабыл алган. Андан кийин Замир Арыкбаевдин «Кудача кыз» деген концертине катышып калдым. Башында алып баруучу «Мирбек Иманбеков» деп мени чакырганда эч ким кол чаппай койду. Аппак шляпа кийип алып сахнага чыгып «Таластык кызды» ырдап бүткөн соң элдин баары кол чаап, кыйкырып, аябай дем берген. Ал кезде досум Чыңгыз Мырзаев радиодо иштечү, ал ырымды эфирден кетирди. Көп өтпөй эле угармандар кайра-кайра суранып отуруп ырым хит болду.
Негизи «Таластык кызды» кичинекейимде эле улуу агалардан угуп, айылдан ырдап жүрчүмүн. Бирок авторун билчү эмесмин. Радиолорго берип жатканда да авторун издеп таппай койгом. Кийин ырдын автору Максат байке (ред. Токтоналиев) өзү издеп келди. Башында ортодо түшүнбөстүктөр болду. Ал киши «бул ырды мен ырдайт болчумун, ырды радиолордон алып кой» дегенинен мен ага «байке, мен бул ырды кичинемден бери ырдап келатам, ушунча жылдан бери чыкпаган ыр жаңы чыга баштады. Жакында клип тартайын деген жакшы оюм бар эле, андан көрө бата тилеп коюңуз» деп аябай жалдырагам. Акыры Максат байке туура түшүндү окшойт «мейли анда, ырдасаң ырдай бер, бирок клип тарттырба, мен өзүм тарттырам» деди. Ошентип бул ырга клип тартылбай калган. Азыр Максат байке экөөбүз сый мамиледебиз. Ал киши бул ырды чыгарбаса мен ырчы болот белем ким билет, ошондуктан ага рахматымды айтам.

«КҮЙӨРМАН КЫЗДАР ЭШИГИМДИН АЛДЫНА ИЗДЕП КЕЛИШЧҮ»
-Ырлар чыга баштаган соң эфирге чыгарса деген ой менен Султан экөөбүз КТРге бардык. Ал кезде продюсер деген сөздү уккан эмеспиз, ошол жактан уктук. Бул жагы түшүнүктүү эле, биздин ырларыбыз хит болуп жаткандан кийин продюсерлер бизди карашты, кызыгышты. Башында Динара Эсенгулова эже менен иштешмекмин. Анан Асыл Аппасова айылдаш эжем болгондуктан, ырымды угуп «бул инимди өзүм карап, сахнага алып чыгам» дептир. Бир күнү жатаканада жатсам, телефон чалып жумушуна чакырды. КТРге барып көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Ошентип айылдаш эжем болгондуктан ишенип, келишим түздүк. Көп өтпөй Султан «Махабатым» деп концерт койду. Ошондо Асыл эже мага «Бүгүн сени сынап көрөбүз. Концерт койсоң болобу, эл колдойбу, байкап көрүп, ошого жараша чечим чыгарабыз» деди. Ошондо «Таластык кызды» ырдап жатсам микрофон өчүп калды. Коркуп, бир чети толкунданып, эмне кыларымды билбей сахнанын артына кире качсам, залда отурган 2 миңге жакын көрөрмандар тура калып «Мирбек, Мирбек» деп кыйкырып, ышкырып жиберишти. Алардын суранычы менен кайрадан чыгып ырдасам жаштар сахнага жулунушуп, күзөтчүлөрдү тебелеп кете жаздашкан. Арадан 15 күн өткөн соң эле менин алгачкы жеке концертимди бергенбиз. Эки күн тең залга эл батпай, аншлаг менен өттү. Мага атактуулук ушинтип келди. Кол телефонуна тартып, кол тамга сурап, «сүйөм» деп кат жазгандар, таң атпай үйгө чейин издеп келген кыздар көп болгон. Алардын берген белектери, каттары азыркыга чейин сакталып турат.
Бишкекте күзөтчүлөр күйөрмандарды мага жеткирбей кармап калышчу, бирок бир жолку Кара-Балтага концерт бергеним эсимден кетпейт. Концерт бүтүп, биз машинага отурганда толтура эл курчап алып «кол тамга бериңиз» деп өткөрбөй, машинабызды кыймылдата башташты. Анан эринбей терезени ачып алып 1 сааттай бардыгына кол тамга берип чыккам.

«ЭМИ МАГА ПРОДЮСЕРДИН КЕРЕГИ ЖОК»
-Продюсер менен 4 жылга жакын иштештим. Асыл эже өзүнүн ишин жакшы эле аткарды, бирок мен дагы өз ишиме күйүү менен мамиле кылчумун. Акча деген жаман экен да, акыры ортодо уруш-талаш болуп кетти. Популярдуу болуп турган чакта 6-7 жолу жеке концертимди бердим, бирок продюсерим акчанын көп үлүшүн алгандыктан, анын үстүнө өзүм да жаштык кылып кереги жок нерселерге акча коротуп материалдык байлык деле топтой алган жокмун. Бирок ага өкүнбөйм. Азыр деле жашмын, буюрса, бардыгын кайрадан таап алсам болот. Продюсер менен иштешпей калган соң мага бут тосуулар башталды. Акыркы убактарда жаңы ырларды жазбай калганымдын себеби да ошондон. Азыр көптөр «жаңы ырларыңызды күтөбүз, сахнадан алыстап кеттиңиз го» деп айтып калышат. «Сага продюсер болуп берем» деп сунуштагандар да көп, бирок «сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» демекчи, мен чыгармачылыкта жүрүп шоу-бизнестин жол-жобосун билип калдым, мага продюсердин кереги жок... Бирок учурда өкүл ата, өкүл апаларым, Рахат аттуу чыгармачылыгымды сыйлаган эжем жана Баатыр аттуу жездем мага жардам берип келишет.
Кези келгенде кептин ачыгын айтайын. Популярдуу болуп турган чакта келинчегимди элге ачык айтпай жашырып жүргөнүмдүн себеби бар. Анткени келишимде ошондой жазылган. Эгер келишим бузулса, менин да келечегимди бузуп коюшмак. Бирок мен келишимди карап отуруп сүйгөнүмө жетпей калмак белем деп үйлөнүп алгам. Келинчегим Бурул менин чыгармачылыгымды колдоп күндө тынчымды алган күйөрмандарыма, «аялым жок» деген маектериме түшүнүү менен мамиле кылды, ага ыраазымын. Негизи бул жашоо адамды тарбиялайт экен. Мага атам ар дайым акыл айтып келет, мен да анын кеңешине таянып жашап келем.

Кылычбек Алыкан уулу, бир тууган агасы: «ИМАНБЕКОВДОР ТУКУМУБУЗ МЕНЕН ТАЛАНТТУУБУЗ»
-Иним мектептен эле ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алчу. Негизи эле Иманбековдор тукумубуз менен таланттуубуз. Мен аккордеонго кызыкчу элем, бир күнү сатып алдым. Мирбек анда 6-7-класста окучу. «Мага да үйрөтүңүзчү» дегенинен «апакем кайда, мен кайда?» деген саптарды үйрөтүп койдум. Мен жумушка кеткенде аккордеон менен алпурушуп жатып өзү эле үйрөнүп алыптыр. Айылдан ямаха чертчү, күрөшкө, бокско катышчу, мечитке барып динден сабак алчу, айтор, ар тараптуу болчу.
Мектепти аяктаганда үйгө эже-агайларды, классташтарын ата-энелери менен чакырып, коштошуу кечесин өткөргөнбүз. Ошондо бир туугандар чогулуп «биз музыкалык билим албай калдык, сен профессионал ырчы бол» деп музыкалык аппарат сатып бердик. Биринчи жолу сыналгыдан Динара Акулованын концертинде ямаха чертип турганын көрдүк. Кийин өзү ырдап чыга баштады.

Максат Токтоналиев, «Таластык кыз» ырынын автору: «МИРБЕК ДА, ПРОДЮСЕРИ ДА РАХМАТ АЙТКАНГА ЖАРАШКАН ЭМЕС»
-«Таластык кыз» деген ырым 1997-98-жылдары жаралган. Сөзү да, обону да мага таандык. Өзүм комуз менен ырдап кассетага жаздыргам. Убагында базарда да сатылган. Кассеталардан укса керек, Мирбек мага айтпай эле ырдап чыгыптыр. Чубак Сатаевдин иниси Кушчубек жана Руслан деген жигит «автору өзүңдүн эле агаң, бир ооз сурап кой» дешкен экен. Келген жок.
Бир жолу продюсери Асыл Аппасовага жолуксам «сенин ырыңдан башка ыр жок калыптырбы?» деди. Алардан «ушундай ыр жаратканыңызга рахмат» деген бир ооз жылуу сөз укпагандан кийин радиолордон алдырам деп жиним келди, бирок ага барган жокмун. Бир тууган иним Фархат Кеңешбек уулу Мирбектен кийин чыкты, болбосо ал деле ырдап чыкмак. Азыр ырларымды менин атымды атай жүрчү ырчыларга эле бербесем, бергим да келбей калды.

Султан Садыралиев, ырчы: «КИМИБИЗ ЭРТЕ ТУРСАК КИЙИМДИН ЖАКШЫСЫН КИЙИП КЕТЧҮБҮЗ»
-Мирбек менен 1-курстан, 2003-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшыргандан бери досмун. 1-курстан кимдин үйүндө той болсо ал аккордеонун, мен домбрамды көтөрүп барып калчубуз. Кетерибизде той ээси ыраазычылыгын билдирип бир аз акча карматчу. Жатаканада бир бөлмөдө жашачу элек да, келсек жатакана жабык. Саат кечки 11де жабылат, биз болсо тойдон түнкү 2-3тө келебиз. Анан таңкы алтыга чейин эшиктин алдындагы отургучта сүйлөшүп отурчубуз.
Жатаканада жашап жүргөндө эртең менен кимибиз биринчи ойгонсок кийимдин жакшыраагын кийип кетчүбүз. Ачка болуп отурсак да чачка сүйкөгөнгө гель сатып алчу элек. Андан чачка сүйкөп, ортодогу кийимди кийип жөнөп калчубуз. Чөнтөктөгү болгон акчабызга ыр жаздырган күндөр да өттү. Студияга барып «Таластык кыз» деген ырын жаздырганыбыз да эсимде. Кайра кайтканыбызда жол киреге акча жок, канча бир чакырымды басып жатаканага жөө келгенбиз. Экөөбүздүн ырчылыкка болгон сапарыбыз «Талас таңшыйт» деген аталыштагы концерт менен гастролго чыгып башталган.

Бурул Жакупова, Мирбектин жубайы: «КҮЙӨРМАНДАРЫНА КАРЫНДАШЫМЫН ДЕП КОЙЧУМУН»
-Мирбек менен 2005-жылы курбуларым аркылуу таанышкам. Ал кезде С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окучумун. Бири-бирибизге дароо жакканыбыз менен, бир ай жакындан тааныша албай убара болгонбуз. Курбуларымдан «бүгүн жолугалы» деп айттырып жиберет, мен ал күнү бошобой калам, же бир жакка кетип калам. Мен таанышалы деген күнү ал бошобойт. Анда «Таластык кыз» деген ыры менен жаңыдан чыгып келе жаткан. Ошентип ортобузда жакындык пайда болуп, кыз-жигит болдук. Мирбек дароо эле «күйөрман кыздардан кызганба, мен жөнүндө көп сөз айтылышы мүмкүн, туура кабыл ал» деп айткан. Сүйүшүп жүрүп 2007-жылы баш коштук.
Мирбек басылмаларга «бойдокмун» деп интервью берип жүрдү, анткени үй-бүлөм бар десе популярдуулугуна доо кетеби деп ойлогон элек. Аны мен дагы, ата-энем дагы туура түшүндүк, колдодук. «Көз тийип кетпесин, ошондой кылганы эле туура» дешти жакындарым. Күйөрман кыздары үйгө чейин издеп келишчү. Бир жолу эшик такылдаганынан ачсам, үч кыз турат. Колдорунда Мирбекке арналган ырлар жазылган дептер, жумшак оюнчуктар бар экен. Аларга сыр билгизбей «карындашы болом» деп үйгө киргизип, чай берип кетиргем. Чектен ашкан күйөрман кыздар да болду. Алардын Мирбек экөөбүздү ажыраштыргысы келдиби же башка максаты барбы, билбейм. Айтор, «Мирбек, жакшы күн болду, рахмат, сонун белек экен, мага жакты» деген сыяктуу СМСтерди кечкисин жөнөтө беришчү. Анда деле капа болуп чыр чыгарган жокмун. Учурда бир кыз, бир уулдун ата-энесибиз.

«Жаңы чыга баштаганда тиктирген формаларымды эстелик катары сактап койгом».

«Бир кезде Султан экөөбүздүн максатыбыз чоң сахнага чыгуу эле».

«Менин байлыгым – үй-бүлөм».

Сүйүн Кулматова, Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Мирбектин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
mederbek2012
2014-10-28 00:40:13
мирбек сен таланттуусун ырдаган ырларын аябай уккулуктуу
+1
jypara8kenewbekova
2014-10-28 01:21:03
Аябай жакшы маек. Мирбек байке сизге ийгилик талыкпай мээнет кылып жаны ырларды чыгара бериниз куйормандарыныз сиздин ырларынызга суусап калдык. Уй булолук чон бакыт.
+1
nur1996
2014-10-28 01:23:35
"суйуктуум" аттуу ырынызды азырга чеин тажабай ар дайым угуп келемин, ырларыныз абдан соонун баарысы дагы жаны жаны ырларды кутобуз!!!
+1
erlan82
2014-10-28 01:39:55
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ жөн эле силердин доор өттү, кетти, эми мурдакыдай болбойт. элдерге азыр сапат керек, кооз ун керек, силер фанера менен эле элди алдап чыйылдап жургонсунорда, убагында. эми тойго чакырса сүйүн, бираздан кийин ваще эл таанывай калат
-5
admin_superstan
2014-10-28 10:43:46
erlan82, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
+1
Aksy-13
2014-10-28 12:19:09
erlan82, концерт коюп чыкса эл кандай келээр экен коросн ошондо булар элге синимдуу ырларды ырдап журогубуздон орун алган, Мирбек, Султандардын ырын эл тымбай угат мисалы мен азыркы кундо да угам Сагындым жазды деген ыр баардык муунга жаты окшойт ата-энем да жактырат ушул бала эн сонун ырдап чыкты бул ырды ачты деп. Сиз урматтуу Эрлан жогорудагы комменттерди да бир карап коюнуз сизден башканын ою кандай экенин. Баары эле ырын угат, озун жактырат. МИРБЕК АЛГА САГА ИЙГИЛИК жана БАКТЫЛУУЛУК каалайм
+2
sardarbek84
2014-10-28 16:47:29
Папулярдуулукка уйбулосун алмаштырганы кызык болгон экен. Кандай ырлыры бар экенин эстей албайм чынында, саны бар сапаты жок болсо керекда
-2
maksnarin
2014-10-28 21:20:28
Азамат иним ,башкы байлыгын баары жайында экен,алтынга алмашкыз балдарын турганда,майда -чуйдого кайгырба!
+1
mama.i.synochka
2014-10-29 02:05:28
Бир ыр папулярду болуп кетселе аркасынан чыгат меники эле неге ырдадын соттотом башка кылам деп. Суйунушпойбу эч ким билбей укпаган ырын бут элге жеткиргенине рахмат айтышса болмок
0
Xperiaedil
2014-10-29 08:38:56
Мирбек байке жаны ырларды кутобуз сизден, уй булонуз менен бактылуу болунуз
+1
azat_sokrat
2014-10-29 13:16:36
Ошондо кандай ким тараптан кысым бут тосуулар болуп жататкен?мен тан калып жатам кыргызстанжада андайлар бар бекен деп
0
alibekova94
2014-10-29 17:20:20
Бут тосуулар болсо сиз да тырышып алышып аракет кылып алдыга умтулун! Талант бар уну бар баалайм ийгилик каалайм жаны ырларды кутобуз. Баардык ырларыныз жакшы!
0
kubzero
2014-10-30 15:18:26
Mirbektin unu jakwy yrlary da ugumduu. Aldyga kadam tawtai ber kybyrap beldi awasyn
0
Tattybubu93
2014-10-30 17:47:10
Owol ubakta men da suigom bul yrchy myrzany)))...Kyin emnegedir konulum kaldy. Emnesi bolso da iygilik kaalaim. Ui bulonuz menen baktyluu bolunuz.
+1
tokish
2014-10-31 16:35:57
Эми азыр миң продюсер менен иштешсең да чыгалбайсың го. Себеби сени эки чайнап бир жута турган ырчылар көөп... Үнүң да жок... Келинчеги Бурул ушунчалык жакшы адам экен...
0
Barpy11
2014-11-01 12:12:21
tokish, мирбектин озунун орду бар.башка ырчылар эки чайнап жутуп койгудай эмне ажыдаар беле.Азыркы заманда ырчынын саны коп,сапаты жок.Эртен сен да ырдап чык.сени ким жутар экен.
0
alai81
2014-11-03 06:35:07
Жаз,Сага гана деген ырларынды көп угам.ишине ийгилик,дагы да жаңы ырларды кутом.
0
naaazka
2014-11-05 18:40:13
mirbek menin suiuktuu yrchym. yrlarynyn baary jagat. janym degen yry m.n kyilaga cheyin oorup jurdum ayabai jagat azyrkyga cheyin. chygarmachylyk iygilik sizge. jany yrlardy jarata berin el sizdi koldoit koro albastar ozu m.n ozu jogolot.
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан