ЖӨӨ БАСУУ СӨӨКТӨРДҮ БЕКЕМДЕЙТ

«Башы оорубагандын Кудай менен иши жок» дегендей, көпчүлүгүбүз соо кезибизде биринчи байлык – ден соолук экенине көп маани бербейбиз. Ал эми кичине сыркоолоп калсак, сыйкырчынын дарысындай элестетип дарыкананы көздөй чуркайбыз. Ошентип көрүнгөн дары менен өзүбүздү-өзүбүз уулап, акчабызды да коротобуз. Андан көрө оорунун алдын алуунун жолдорун издеп көрөлү. Ден соолукту чыңдоонун эң арзан жана жөнөкөй жолу – бул жөө сейилдөө. Ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Эгер ойлоно элек болсоңуз, жөө сейилдөөнүн пайдасы тууралуу окуп чыгыңыз.

ИЧЕГИ РАГЫНЫН АЛДЫН АЛАТ
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, жоон жана түз ичегилердин рагына физикалык жактан активдүү адамдар жай же аз кыймылдагандарга салыштырмалуу 30 пайызга аз чалдыгышат. Шишиктердин алдын алуу үчүн күнүнө жарым саат жөө басуу жетиштүү.

 

 

КАН БАСЫМДЫ ЖӨНГӨ САЛАТ
Аз кыймылдаган адамдын канынын көбү ич көңдөйү менен көкүрөк торчосунда айлана берет. Басып жүргөндө болсо кандын 80 пайызы кол жана бутка чуркайт. Бул тутумдук артериалдык басымдын төмөндөөсүнө жеткирип, гипертония жана жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн 5 күн бою 30-40 мүнөт ылдамыраак басуу зарыл.


 


ВАРИКОЗГО КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУН АЗАЙТАТ
Жөө жүргөн адамдын шыйрактарынын булчуңдары чымыр болот. Мындай чымыр булчуңдар өзүндө жайгашкан күрөө тамырларды кысып тургандыктан, кан жогору карай түртүлөт. Бул анын токтоп коюулануусунан, күрөө тамырга топтолуусунан жана тамырлардын капталдарынын чоюлуп кетүүсүнөн сактайт. Варикоздун алдын алуу үчүн күнүнө 30 мүнөт басуу керек. Буга кошумча кеңседеги отургучтан же дивандан туруп көнүгүү жасап туруу оң натыйжасын берет.

 

 

БУЛЧУҢДАР ЧЫҢАЛАТ
Жөө баскан адамга физикалык жактан күч келет жана ал сөөктөрдүн кальцийди сиңирүүсүнө жакшы жардам берет. Буга улай сөөктөргө жармашкан булчуңдар баскан сайын чыйралып, скелеттин бекемделишин камсыздайт. Мындан сырткары жөө басуу тең салмактуулукту кармоого көмөкчү болгон булчуңдарды жана байламталарды бекемдейт. Бул жерге кулап кетүүнү азайтып, кол-буттун жана дене бөлүгүндөгү сөөктөрдүн сынуу коркунучун төмөндөтөт.

 

СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ
Стресс болгон учурда адамдын канын кызыткан адреналин жана кортизол гормондору жөө басып сейилдөөдө сарпталат. Ошондой эле мээнин иштешин жакшырткан жана маанайды көтөрүүчү эндорфиндер иштелип чыгат. Нерв тутумуна 5 мүнөттүк жөө басуу да чоң пайда экенин америкалык окумуштуулар белгилешкен. Бирок андан да көп убакыт сейилдеген жакшы.

 

АРЫКТООГО ЖАРДАМ БЕРЕТ
Бир саат басуу менен организмдеги 200-300 килокалорийди жок кылууга болот. Анчалык көп эмес, туурабы? Ал муундарга жана жүрөккө көп күч келтирбейт. Андыктан тер чылпылдаткан машыгууларга караганда жеңил болуп саналат.

КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖӨӨ БАСКАН ОҢ?
Абасы таза, ызы-чуудан алыс сейил бактарда сейилдөө сунушталат. Эс алуу күндөрү шаар сыртына чыгып, таза абадан кере дем алып, дөңсөө жерде жөө сейилдесеңиз андан да жакшы. Кайсы маалда жөө басуу атайын убакытка бөлүнбөйт. Андыктан өзүңүзгө ылайыктуу маалды тандап алсаңыз болот. Ал эми кечкисин жөө басуу уйкунун тынч болуусун камсыздайт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аз кыймылдуулук оорусунун алдын алуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
iskra77
2014-10-28 01:30:40
Эртеден кечке чейин отурбай иштейбиз, значит пайдалуу экен да ;-)
0
tynara.sami
2014-10-28 14:01:09
Кичине толгум келет эмне кылсам болот?Супер инфо билип беринистерчи?суранам?
+2
gul91
2014-10-29 00:51:57
мен да толойун дедим эле, сураныч уй шартында кандай чараларды колдосо болот
0
Arman
2014-11-01 21:00:42
gul91, менда ) 165 см боюм , озум 50 дон ашпай койдум (
0
Makentay
2014-10-29 02:42:05
Мен 30-35км басам, зыян эмеспи? Москванын метро гезитинде 2-3 ай мурда макала окудум эле, кунуно 3-4кмден ашыкча басуу ички органдардын эзилип кетуусуно алып келет деп. 220 кун болду эс албаганыма, эми эс алсам жаман сезип жатам озумду , ооруп калып жатам.
0
Lumia-800
2014-10-29 11:19:23
Менда жоо коп журом. Пайда иш жасайт экенминда.
0
stal.ks
2014-10-29 23:17:27
Мен Москва да иштеп 12 саат тика турчубуз, буттарыма варикоз пайда болду тамырлар чыгып
0
Bilal2013
2014-10-30 12:27:33
семируу тууралуу да жазсаныздар.
+1
Bilal2013
2014-10-30 12:28:39
анан киста,эрозия тууралуу да маалымат берип коюнуздарчы сураныч. Чон рахмат
+1
mersedes2013
2014-10-31 00:43:58
Жоо басуу менен туруп иштегендин айырмасы бар да .басуу чынында пайдалуу ,бирок бирок туруп иштеген зыяны коп,варикоз ошондон пайда болот коп тике тургандан
0
temirov76
2014-10-31 15:47:32
Мен да бир аз толойун дегем,ушул тууралуу да маалымат алып берсениздер сонун болмок.
+1
alaika.kg
2014-11-01 14:22:45
ушул автордун материалдары озгочо. Ишине ийгилик каалайм!!!
0
Arman
2014-11-01 21:06:02
СУПЕР ИНФО ! сиздерден сураныч менин балам кобунчосу уйдо болот жашы 4ко толот жакында . озубуз чет жерде окуп журобуз, куйом сабагы менен болуп бизди сыртка алып чыкканга убактысы жок.ю кээде болуп калганда мотоцикл менен эле айландырып коёт ((( анан баламды озум айландырам, балам кечке уйдо болгондуктан кыймылы аз болгондуктан кобурок айландырып койгон куну бутум деп тан аткычы ыйлап чыгат ( байлап бер деп ыйлап анан байлап буттарын ушалап берем( менда кичинекейимде буттарым ооручу
0
admin_superstan
2014-11-03 10:40:18
Arman, саламатсызбы!
Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
Arman
2014-11-01 21:08:34
азыр деле коп кыймылдап койгон куну же конок тоскон куну буттарым ооруйт ( неге экенин билгим келет , сиздерден сураныч билип бере аласыздарбы ( ,???? жообун кутом
0
kubzero
2014-11-02 10:55:06
Мен тоолорду аралап эле журом кунуго кой издейм соокторум сынгыс экен да анда?
+1
student-95
2014-11-02 11:14:32
Жакшы маалымат экен супер инфо бой остуруу жонундо да маалымат берип койунуздарчы
0
admin_superstan
2014-11-03 10:41:44
student-95, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан