КАТТАМА КАМЫРДАН ЖАСАЛГАН ДААМДАР

Камырдан жасалган азыктар адамды ток алып жүрөт эмеспи. Дүкөндөн даяр каттама камыр сатып алып, андан түрдүү даамдарды жасап дасторконуңузду толтурууну кааласаңыз, төмөнкү рецепттерди пайдаланыңыз.

«ҮЛҮЛ» ТОКОЧУ

Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 500 грамм
Катуу сыр – 250 грамм
Тоок эти – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Укроп, петрушка – 30 грамм
Аджика же кетчуп

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Каттама камырды калыңдыгын 5 миллиметр кылып жаябыз.
2. Камырдын үстүнкү катмарына аджика же кетчуп шыбоо керек. Үстүнө майда тууралган тоок этин, пияз, укроп, петрушка жана жоон тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салабыз.
3. Андан соң камырды узунунан кесип, рулет сыяктуу кылып оройбуз. Майланган табага салып, 170-180 градуста ысытылган электр мешине алтын түскө келгичекти бышырабыз. Бышканы калганда токочко сыр себелеп койсоңуз даамына келе түшөт.

«КҮН» ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

Каттама камыр – 300-400 грамм
Картошка – 2-4 даана (орточо көлөмдөгү)
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 даана
Фарш (уйдун, койдун, тооктун этинен боло берет)250-300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Мурч – татымына жараша
Туз – татымына жараша
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Картошканы тегерекче кылып кесебиз. Мындан соң пиязды майда туурап, ичке тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз, мурч, туз, бир аш кашык өсүмдүк майын кошуп баарын аралаштырабыз.
2. Каттама камырды тең экиге бөлүп алуу керек. Биринчи бөлүгүн тегерек формага келтирип жайып, аны майланган көмөч казанга салабыз.
3. Камырдын үстүнө жашылчалардын аралашмасын салып тегиз жайып, анын үстүнө фарш салабыз.
4. Камырдын экинчи бөлүгүн жайып, азыктардын үстүнө жаап, чекесинен чымчып бекитебиз.
5. Камырга жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүт семичкесин себелеп коёбуз.
6. Пирог бышып жаткан убакта бууланат. Андыктан сөзсүз түрдө ортосунан тешип коюу керек.
Электр мешине 170-180 градус температурада 40 мүнөт бышыруу зарыл.

«МҮЙҮЗ»

Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 500 грамм
Кыям – 50 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Камырды 3-5 миллиметр калыңдыкта жайган соң үч бурчтук кылып кесип, ичине кыямды салабыз.
2. Эки учун бириктирип, оройбуз.
3. Алынган оромдорду кумшекер упасына оонатып, электр мешине 200 градус ысыкта кызарганча бышырабыз.

«РОЗА» БУЛОЧКАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Каттама камыр – 500 грамм
Кыям – 100 грамм
Грек жаңгагы – 20 грамм
Жумуртка – 1 даана

1. Каттама камырды майда бөлүктөргө бөлүп, тегерек формада, калыңдыгы 3-5 миллиметр кылып жаябыз. Жайып бүткөн соң төрт жагын тилип коёбуз.
2. Камырдын ортосуна өрүк кыямы менен майдаланган жаңгакты салабыз. Роза сыяктуу кылып сүрөттөгүдөй түйөбүз.
3. Табаны майлап, булочканы салып, 20-30 мүнөт коё туруу керек. Электр мешине саларда булочканын үстүнө жумуртканын сарысын шыбайбыз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт бышыруу зарыл.

Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Жибек Мурсакматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aksy-13
2014-10-27 11:46:18
баары оной жана жасаганга да ынгайлуу экен рахмат сиздерге супер! Мага ушул болум аябай жагатда...
0
4ok4oloi
2014-10-28 06:47:03
Курсак ачып кеттиго
0
Turadi
2014-10-29 16:11:43
Абдан сонун рецептер, рахмат, созсуз жасайм.
0
kenje7777777
2014-10-30 08:43:16
Катама камырдын рецепттин жазгылачы кантип жазайт
0
KGLady
2014-10-30 16:37:55
мен дагы созсуз жасайм!
0
Zarina.kg
2014-10-31 15:20:17
Rahmat maga da jakty. Kattamanyn jazalyshyn aityp koigulachy?
0
Jannat_92
2014-11-13 15:24:16
Мен үлүл токочун жасадым.аябай даамдуу болду.Бирок мен тоок этин эмес койдун этинен жасадым.Себеби окорочканы уйдогулор жебейт.Рахмат сиздерге Супер инфо!Дагы да жакшы рецептерди кутобуз!
0
Aidai87
2015-04-23 07:21:45
А бул кенештерди кантип тел.кочурсо болот. Чоон рахмат.
0
damir007
2015-04-23 11:14:40
Aidai87, скриншот кылып алсаныз болот да телге) же суротко тартып алса болот го дейм
0
wirinim
2015-08-14 13:54:48
соонун
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан